Чыгармачылыкка жок, а көчүргөнгө маш талапкерлер

Каймана ЛДПК партиясы

Сүрөттүн булагы, Aleksei Lysogorov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каймана ЛДПК партиясы
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Үгүт жараянына саналуу гана күндөр калды, бул жолку агит кампанияда талапкерлер сreative көрсөтө алары күмөн. Себеби буга чейинки шайлоо алдындагы курултайлар, талапкерлердин бейнесин чагылдырган сүрөт, аудио-видеоматериалдар мурунку өтүп жүргөн шайлоолордон көп деле айырмаланбады.

Бул шайлоодо изденүү жок, бирок көрүнө плагиат – көчүрүп алуу күчөдү.

Бул жолку жарыштагы негизги фавориттердин бири эсептелген “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду алалы. Анын талапкерлиги Элдик курултай деп аталган иш-чарада жылдырылып, Бабановдун талапкер катары сүйлөгөн сөзүндө Бириккен Араб эмираттарынын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун мындан он жыл мурунку айткандарын “кыстарып” кеткенин Twitter социалдык желесиндеги кыргызстандыктар жазып чыгышты.

Бабанов Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун мындан он жыл мурунку айткандарын “кыстарганбы”?

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бабанов Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун мындан он жыл мурунку айткандарын “кыстарганбы”?

“Мен элимдин мына азыр, ушул тапта жакшы жашашын каалайм. Жаштар мыкты мектеп жана университеттерде билим алышын каалайм. Бул нерселер 20 жылдан кийин эмес азыр, ушу күндөрү болсо дейм”- деген цитата талаш жаратты.

Бабановдун шайлоо штабы бул окшоштуктарды четке кагат.

Бирок кыргызстандык дизайнерлер ага байланыштуу дагы бир сүрөттү Facebook баракчасына жайгаштырып, плагиат үчүн айыпташты.

Бабановдун шайлоо штабы бул окшоштуктарды четке кагат

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бабановдун шайлоо штабы бул окшоштуктарды четке кагат

Графикалык дизайнер Никита Тарасенко жалгыз эле Бабановдун эмес, башка талапкерлердин да кетирген катаалары менен өз баракчасында бөлүшүп турат. Шайлоо алдында бириккен “Төртилтик” аттыккан оппозициялык лидерлердин жаңы “Кайра жаралуу” партиясынын лого-дизайны да сынга түштү.

“Өнүгүү-Прогресс" жаңы партияга ат таап, логосун жасаган адамга Айфон 7 убадалаган эле

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Өнүгүү-Прогресс" жаңы партияга ат таап, логосун жасаган адамга Айфон 7 убадалаган эле

Дизайнерлер партиянын логосун ойлоп тапкан автор аны ''Шаттерсток'' сайтынан уурдап алды дешүүдө.

Эске салсак, “Өнүгүү-Прогресс” лидери, төртилтик мүчөсү Бакыт Төрөбаев жаңы партияга ат таап, логосун жасаган адамга Айфон 7 убадалаган эле.

Төрөбаев демекчи, анын командасы талапкерлигин жылдыруу боюнча партия курултайында башкалардан айырмалана алгандыктарын айтышууда. Азим Азимов аттуу пиар адиси курултай алдында Бакыт Төрөбаев менен Барак Обама, Дональд Трамп, Эммануаель Макрон, Владимир Путиндин партия съездеринде, федералдык кайрылууларында сүйлөгөндөрүн көрүп чыгышкандыктарын Facebook баракчасында жазды.

Эл алдында жандуу сүйлөө үчүн АКШдан 30 килограммдык “президенттик телесуфлер” алып келишип, курултай өткөн жайды америка-европалык стилде жасалгаланып, съезддин ачылышында балдар музыкасы жок, акапелла хор ырдашты. Бирок чоң калпыстык баннер жана талапкер сөз алган трибунадан, постерлерге чейин Төрөбаевдын ысымы орусча “ө”сү жок жазылып калганын байкоого болот.

Төрөбаевдын ысымы орусча "ө"сү жок жазылып калганын байкоого болот

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төрөбаевдын ысымы орусча "ө"сү жок жазылып калганын байкоого болот

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын курултайы өтчү жер катары Бишкектеги ресторандардын бири тандалып алынганы да талкууга түштү.

“Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев демейкисинче бул жолу да кичи чагында кино тартылган сүрөттөрүн алып чыгып электорат көңүлүн имерүүгө аракет жасады. Мындан тышкары Монголиянын жаңы президенти Халтмаагийн Баттулгадан таасирленгенби, айтор, сергек жашоону пропагандалап, спортзалда жаш уландар менен күрөшкөн видеосун чыгарды.

Сариев сергек жашоону пропагандалап, спортзалда жаш уландар менен күрөшкөн видеосун чыгарды

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сариев сергек жашоону пропагандалап, спортзалда жаш уландар менен күрөшкөн видеосун чыгарды

Калган талапкерлердин шайлоо алдындагы аракеттери демейдегидей, калыпка салгандай нукта өтүүдө. Социалдык желелерде пиарды күчөткөнү болбосо, шайлоо алдында жаңычылдык, новаторлугу өтө деле байкалбайт. Курултайлар демейдегидей филармония имаратында өтүп, шайлоо алдында галстукчан сүрөттөрү жайнады.

Негизи эле Кыргызстандын эгемендик саясат тарыхында шайлоо алдындагы кампаниялар маалында олуттуу өзгөрүүлөр, жаңычылдык жок, байкалбайт дагы.

Чыгармачылыкка жок, а көчүргөнгө маш талапкерлер

Сүрөттүн булагы, Aziret Asizov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чыгармачылыкка жок, а көчүргөнгө маш талапкерлер

Мындан уламбы, былтыр 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо алдында дизайнерлер сатирасы чыкты. “Кыргызстан дизайнерлер партиясы” аттуу каймана ат менен партия түзүлдү делип, ал жерде дизайн кесипкөйлөрү шайлоо алдындагы тамаша плакат-баннерлер жаратып, саясатчылар командасын шакаба чекти эле.

Үгүт жараянына саналуу гана күндөр калды, бул жолку агит кампанияда талапкерлер сreative көрсөтө алары күмөн

Сүрөттүн булагы, Aziret Asizov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үгүт жараянына саналуу гана күндөр калды, бул жолку агит кампанияда талапкерлер сreative көрсөтө алары күмөн