“Порнографияң тууралуу билем”: онлайн опуза күчөдү

Man who's been hacked sitting with head hung

Сүрөттүн булагы, alengo/getty

    • Author, Жо Тайди
    • Role, Кибер коопсуздук боюнча кабарчы

Кибер коопсуздук жаатында иш алып барган компаниялар онлайн опузалоо (ransomware) аркылуу акча доолаган хакерлер көбөйгөнүн эскертүүдө.

Эксперттердин айтымында, жеке маалыматты уурдаган хакерлер бир гана адамдын жана жеке компаниялардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратпастан, аброюна дагы шек келтирүүдө.

Жакында эле хакерлер компьютер тармагында иштеген белгилүү компаниянын башчысынын порнография видеолорун таап чыгышканын жарыялашкан. АКШда жайгашкан компания хакердик чабуулга кабылганын мойнуна алган жок. Хакерлер компания жетекчисинин компьютерине кирип жатканын көрсөткөн жана андан файлдардын сүрөттөрүн интернетке жүктөштү.

Хакерлер бир нече аптадан кийин посттун өчүрдү. Эксперттер бул көрүнүш компания же анын жетекчиси хакерлерге акча которгонун билдирет дешүүдө. Компьютер тармагында иш алып барган компания Би-Би-Синин суроолоруна жооп берген жок.

Дал ушундай чабуулдарга АКШда жайгашкан башка компаниялар дагы туш болду. Мисалы, хакерлер коммуналдык кызмат көрсөткөн ишкананын кызматкерлеринин тизмесин жарыялап, алардын кимиси порнография сайтына киргенин ачыкташкан. Мындан дагы уят маалымат жарыялана электе акча төлөп бергиле деп опузалашкан.

Видеонун түшүндүрмөсү, Глобалдуу кибер чабуул

"Жаңы норма"

Буга окшош тактиканы дүйнөнүн булуң-бурчундагы хакерлер колдонуп жатканы боюнча далилдер бар. Маселен, жаңы хакер тобу муниципалдык кызматты чабуулга алып, кызматкерлердин жеке каттары жана сүрөттөрүн жарыялаган. Андан кийин шаардын мэрине байланышып, акча доолашкан. Канада дагы ушундай чабуулдар катталган экен.

Emsisoft кибер коопсуздук компаниясынын өкүлү Бретт Каллоу, хакерлер тактикасын өзгөртүп, жеке маалымат менен опузалоо "жаңы нормага" айланганын айтууда.

"Бүгүнкү күнү хакерлер курал катары колдонууга мүмкүн болгон маалыматты издеп калышты. Аброюңа шек келтирген же мыйзамсыз деп саналган маалымат таап алышса, алар опузалоо аркылуу көп акча өндүрүп алышат. Мурда кибер чабуул аркылуу маалымат сатылып же өчүрүлсө, азыр ошол маалыматты акча өндүрүү үчүн өздөрү пайдаланууда",-дейт ал.

Айталы, 2020-жылы пластикалык хирургия жасаган клиника хакердик чабуулга кабылып, көп акча төлөнбөсө ар бир бейтаптын аты-жөнү жана операциядан мурун жана кийин тартылган сүрөттөр жарыяланат деген коркутуулар айтылган.

Андан тышкары хакердик чабуулдар дагы өзгөрдү. Мурда бир же чакан топ хакердик чабуул уюштуруп келсе. Соңку жылдары хакерлер уюшуп, татаал жолдор менен чабуул жасап келишет. Алардын артында уюшкан кылмыштуу топ турат деген жоромолдор дагы бар.

Криминалдык топтор бир жылдын ичинде эле хакердик чабуул аркылуу 10 миллион долларды опузалоо аркылуу өндүрө алат. Мындай учурда негизинен чоң компаниялар бутага алынат.

Коргонуу татаалдашты

Хакерлердин соңку тактикасы кибер коопсуздук жаатында иш алып барган эксперттерди тынчсыздандырды. Себеби уюмдун же жеке адамдын аброюна шек келтирүү аракетинен коргонуу абдан татаал.

mock up of a computer screen and phone screen hacking

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Айталы, мурда маалыматты уурдоо же өчүрүп салуу аракети болгондуктан, компаниялар атайын маалымат базасын түзүп, маанилүү делген документтерди бир нече жерге сактап турган. Бирок адамдын аброюна шек келтирүү үчүн маалымат топтогон хакерден коргонуу абдан татаал.

"Ошондуктан компаниялар кызматкерлерине иштеги компьютерге жеке маалыматты же ишкананын аброюна шек келтирүүгө мүмкүн болгон документтерди сактоого тыюу салат. Учурда ушул жаатта көптөгөн окуулар, тренингдер өтүп жатат. Бул абдан маанилүү, себеби опузалоо аркылуу акча доолаган кибер чабуулдар көбөйүп жатат",-дейт кибер коопсуздук боюнча эксперт Лиса Вентура.

Так канча компания же адам мындай опузага кабылганын жана канча акча төлөгөнүн билүү мүмкүн эмес. Анткени көптөр мындай кылмышты ачык жарыялабайт.

Emsisoft кибер коопсуздук компаниясы 2020-жылы эле компаниялар аброюна шек келтирбөө же ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратпоо үчүн хакерлерге 170 миллиард доллар төлөгөнүн жоромолдойт.