Кыргыздын байыркы жазмасына коюлган эстелик

эстелик

"Алтындалган кемеримди белиме байладым. Ыйык мамлекетиме тойбодум, кайрандарыма, аттиң ай..."

Таш бетине чегерилген байыркы кыргыз жазуусун окумуштуулар көп жылдан бери изилдеп келүүдө. Жогорудагы некролог сыяктуу сөз байыркы кыргыз жасмасы менен ташка чегерилгенин окумуштуулар таап окушкан. Мындай жазуулар көп жерден табылды. Кыргыз жазуулары негизинен эпитафиялык таш эстеликтерде жана башка буюмдарда сакталып калган.

Бишкектин чет жакасында кыргыздын байыркы жазмасына эстелик коюлду. Жеке менчик жерге орнотулган эстеликтин идеясы коомдук ишмер Садык Шер Ныязга таандык.

"Бул эмне үчүн чакан жерге орнотулду деп менден сурап жатышат. Биздин колдон келгени ушул болду. Москвада грузиндер өз тамгасына арнап отуз метрлик эстелик орноткон, армяндар болсо алтындан тамга куюшкан. Эмне үчүн кыргыздын тамгасы борбор шаарда отуз, элүү метр бийикте турбашы керек? Сөзсүз болушу керек! Кыргыздын бай тарыхы бар, өз цивилизациясы бар, баскан жолу бар",-деди "Айтыш" фондунун негиздөөчүсү, коомдук ишмер Садык Шер Ныяз.

Жеке менчик жерге орнотулган эстеликтин идеясы коомдук ишмер Садык Шер Ныязга таандык

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жеке менчик жерге орнотулган эстеликтин идеясы коомдук ишмер Садык Шер Ныязга таандык

Бул Борбордук Азиядагы эң байыркы жазма маданияты. Жазма эстеликтер бир эле Алтай, Эне-Сайда эмес, Кыргызстандын Кочкор, Талас жергесинде табылган.

"Бүгүнкү күн мен күтпөгөн, бирок көрүп алып жан дүйнөм жаңырган бактылуулуктун күнү болду. Себеби, 1987-жылдан бери ата-бабаларыбыз басып өткөн Монголиядан баштап Якутия, Мажаристанга чейин жалаң түрк элдеринен калган жазма эстеликтерди изилдөө үчүн кыдырдык. Кыргыздан калган нечен эстеликтерди көрүп, гектарлаган жердеги "кыргыз көрүстөнү" деген ат менен таш орнотулган жерлерди көрүп, көздөн жаш тамган күндөрүбүз болгон. Мына, бүгүн Садык Шер-Нияз өз демилгеси менен Бишкектин кичинекей бир бурчунда кыргыз жазуусунун эстелигин ачып жатат. Бул мен үчүн өзгөчө мааниге ээ. Себеби, Эне-Сай жазма эстеликтери кыргыз каганатына чейинки, каганатынан кийинки доорлордо, болжол менен 600-700 жыл кыргыз эли колдонуп келген жазуу. Бул жазууну бүткүл түрк элдери колдонгон, бирок ошонун ичинен эки эл, байыркы огуздар менен кыргыздар активдүү колдонгон. Мисалы, Эне-Сай жазма эстеликтери кыргыздардын ошол учурдагы туташ сабаттуулугунан кабар берет. Азыркы Алтай республикасындагы, Хакасиядагы, Тувадагы эстеликтерде тексттер бар. Кээ бир таштардын бетине өз аттарын жазып койгондор бар. Буга мисал катары Кочкор районундагы таштарга чегилген жазууларды айтсак болот. Алтайдагы ташта "Түкең мен бедиздим" деген жазуу бар. "Түкең" деген форманы бүгүнкү кыргыз менен эле казак айтат. Мындай маалыматтар бул жазууну кыргыз колдонгонунан кабар берет. Ошондуктан кыргыз эли буга сыймыктанышы керек. Жаштарыбыздын бул жазмалар тууралуу маалыматы болушу зарыл. Руханий казына, байлык катары бул жазмалар баасыз нерсе. Мамлекетибизди чыңдаш үчүн, мыкты калыптандырыш үчүн, элибизди бакубат турмушка жеткириш үчүн бул биздин руханий казынабыз. Биз V кылымдан XII кылымга чейин кыргыздар колдонулган жазма тилдин ээсибиз. Анын төрт жүздөн ашык далилдери колубузда турат. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоо үчүн бул өзгөчө мааниге ээ",-деди Эл аралык түрк академиясынын жооптуу кызматкери, белгилүү окумуштуу, түрколог Кадыралы Коңкобаев.

Эл аралык түрк академиясынын жооптуу кызматкери, белгилүү окумуштуу, түрколог Кадыралы Коңкобаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эл аралык түрк академиясынын жооптуу кызматкери, белгилүү окумуштуу, түрколог Кадыралы Коңкобаев

Окумуштуулар таш бетине чегерилген эстелик жазууларды чогултуп, ачык асман алдында музей кылсак деп умтулуп келишет. Кыргызстандын аймагынан ушундай жазуулар жана таш бетине чегерилген сүрөттөр табылган учурлар көп. Бул жазуулар Эне-Сайдагы рун жана Монголиядан табылган орхон жазуулары сымал кыргыз жазуусу. Таш бетиндеги жазууларда некрологдор жазылган. Кыргыздар бул жазмасын кийинки жаңы тарыхында колдонгон жок. Ошондуктан бул жазууларды окугандар дагы сейрек. Эми болсо таш бетинде калып, тарыхтагы жаңы маалыматтарды берген бул жазма маданиятты эстелик катары муундан-муунга сакталып калса деген мүдөө болууда.

"Мындай жазмалар мен мектепте окуп жүргөндө дубалга илинип турчу. Аты-жөнүбүздү ушул тамгалар менен жазып, сабак кызыксыз болгон учурда бири-бирибизге бул жазмалар менен кат жазчубуз. Көрсө бул биздин байыркы кыргыздын жазуусу экен. Жаңы орнотулган эстеликте бир кишинин тарых, таржымалы жазылган. Муну окумуштуулардын жардамы менен жаздык. Алфавитте 46 тамга бар экен. Бетине үндүү тамгалар болсо, капталдарына үнсүз тамгалар жазылды. Эстеликти жасоого беш ай кетти. Композицияда тарых менен бүгүнкүнүн байланышы, тарыхты унутпоо деген маани камтылган.Тарыхты ушул күнгө алып келүүгө аракет кылдык. Эгерде мамлекет чоң эстелик жасап орнотобуз десе, бизде тажрыйба бар. Колдон келген аракетти жумшайбыз",-дейт айкелчи Тамила Маматова.

Тамила Маматова

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тамила Маматова

Өткөн жылдары 31 жылдан бери археологиялык казууларды жүргүзүп келе жаткан окумуштуу таш бетине чегерилген 30га жакын кыргыз жазуулары жана уруулук эн тамгаларды таап чыккан Кубат Табалдиев менен Кочкор өрөөнүндө болгон элек.

Видеонун түшүндүрмөсү, Таш бетине чегерилген 30га жакын кыргыз жазуулары жана уруулук эн тамгаларды таап чыккан окумуштуу Кубат Табалдиев менен Кочкор өрөөнүндө

Биз Эне-Сайдагы рун жана Монголиядан табылган орхон жазуулары сымал кыргыз жазуусун ошол жерден көрдүк. Таш бетиндеги жазуулар мындан бир нече жыл мурун эле табыла баштаган. Улам жаңы жазуулар жана таш бетине чегерилген сүрөттөр табылууда. Ошол Кочкордогу таштардын бириндеги жазууну Кубат Табалдиев:

"Эр атым Адык. Онок элиненмин. Жеримдин аты Жарыш",-деп окуду. Онок эли Эне-Сай кыргыздары менен удаа жашаган кыргыздарга жакын уруулардын бири болгон. Кийин түрк урууларына, анын ичинде кыргыздарга сиңип кеткен деп түшүндүргөн окумуштуу. Таш бетиндеги жазуулардагы "Адык" - чөлкөмдө жашаган кол башчы болушу мүмкүн.

Өрөөндөн табылган бир нече бедиздерди келечекте ачык асман алдындагы музей кылууга даярдап жатышканын айткан эле. Дүйнө салган башкаруучу, эр уулдарына коюлган бедиздерден некролог сыяктуу жазууларды окушкан. (AbA)