"Жамал Сейдакматова менен чогуу кыргыз маданиятынын бир доорун узаттык"

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Кыргызстандын театр жана кино искусствосунун чебери, Эл артисти, белгилүү актриса Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Ага расмий бийлик өкүлдөрү, маданият ишмерлери, чыгармачыл интеллигенция катышты.

"Жамал эже биздин улуттук театр өнөрүнүн акыркы могикандарынын бири. Биз бүгүн Жамал эже менен чогуу, аны менен кошо өзгөчө бир доорду, мезгилди, кыргыз маданиятынын өзгөчө тарыхын узатып жатабыз. Себеби ошол доор, мезгил, тарых дагы Жамал эженин ысымы менен терең байланышкан. Бүт өмүрүн театрга арнап, мындайча айтканда оо дүйнөгө сахнадан кетти. Акыркы деми, акыркы күндөрүнө чейин театрда болду. Ал театрда роль ойногон жок, ал театрда жашады. Ошол өмүр, ошол талант, ошол бийиктик арабыздан кетип баратат",-деди акыркы сапарга узатуу зыйнатында сүйлөгөн Эл жазуучусу Султан Раев.

"Бүгүн кыргыз эли менен чогуу бүтүн дүйнө кайгырып турат десем жаңылбайм. Кечээтен бери коомдук сайттарда Жамал эженин эмгегин баалагандар дүйнөнүн туш тарабынан жазып жатышат. Жамал эже менен көп иштешип калдым. Андан кийин эже "Курманжан датка" тасмасында финалдык ролун аткарып берди. Ошол роль символикалык болсо керек деп ойлоп турам. Анткени Жамал эже кыргыз өнөрүнүн, маданиятынын Курманжан даткасы болуп берди. Анткени Курманжан энебиз элинин келечеги, бейпилдиги үчүн баласын курмандыкка чалса, Жамал эже элинин маданияты үчүн өзүнүн өмүрүн, ден соолугун арнады. Ал көр дүйнөнүн артынан көмөлөнүп азгырылбады. Ал кызыл дилде дүйнөнүн артынан азгырылбай кызматын кыргыз элине арнады. Байлыкка азгырылбай, кыргызга бакыт арнады. Мына ошондуктан эженин жолу бийик, жолу улук",-деди белгилүү режиссёр, "Айтыш" фондунун негиздөөчүсү, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз.

Залкардын баскан жолу

Жамал Сейдакматова

Сүрөттүн булагы, social media

Жамал Сейдакматова 1938-жылы Ысык-Көлдүн Темир айылында төрөлгөн.

"Балалык бир ажайып доор болот, баары башкача. Анда артисттер айыл аралап, жөө-жалаңдап, арабага түшүп, куржундарын көтөрүнүп алып келишчү. Бак ичинде же сарайда оюн коюшчу. Атам башкарма болгондуктан биздин үйгө Саякбай (Каралаев) ата, Карамолдо Орозов ата, Алиман Жангорозова эжебиз келген. Саякбай ата манас айтып жатканда ал кишинин астына отурганым көз алдымда",-деп эскерген эле Жамал Сейдакматова мындан үч жыл илгери Би-Би-Сиге берген маегинде.

Ал театр сахнасында жана кинодо ондогон образдарды жараткан. Оргуштаган таланты менен 1970-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1977-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти ардак наамдарына татыктуу болгон. Андан соң Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы берилди.

"Фрунзеге (Бишкекке) келип 5-мектепте окуп жүргөнүмдө мугалимдер бизди театрга көп алып барышчу. Сахнадан мен Күйүкөва, Кыдыкеева, Күмүшалиева эжелерди көрчүмүн. Шекспирдин чыгармаларын, "Курманбек", "Жаңыл Мырзаны" сахнадан көрдүм. Ошонун баарына абдан таасирленип, эсим ооп көрүп жүрүп, өзүм дагы искусствого байланып калганмын. Көчөдө баратып ырдай берчүмүн. Театрга келгенде мен анын түйшүгүн көтөрө аларымды сезгем. Биздин кесип абдан татаал, жүрөгүңдө сени кыйнаган сезимдер, жан дүйнөңдө оргуштап тынчтык бербеген санаа болбосо, анда бул кесипке барбай эле кой. Алгач театрга келгенимде Даргүл Күйүкова эженин үйүндө турдум, андан кийин Чолпон Жаманова мени үйүнө алып кетип бакты. Ал кезде жашмын, анан калса эрке өскөн кыз элем. Азыр ойлосом, алар мага боору ооруп эле өзү менен кошо алып жүрүшсө керек. Кийин Муратбек Рыскулов агайдын үйүндө туруп калдым. Сабира Күмүшалиева эже мага жууркан, шейшеп сатып берген. "Кызым, ысыктан адам өлбөйт, сууктан өлөт. Жылаңбаш жүрбөгүн. Күйөө табылат, азыр театрга иштеп алгын" деп Муратбек агай экөө мага кеңеш беришчү. Кийин алар менин ата-энем менен жакын достордон болуп, тууган болуп кетишти",-деп эскерген залкар талант балалыгы, сахнага жаңы келген учуру тууралуу.

"Манастын уулу Семетей" драмасындагы Каныкейдин образы үчүн ал 1986-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болот.

"Кыргыз керемети" деп аталган кыргыз киносунун алтын доорунда бир катар ролдорду жаратып, элдин эсинде калды. Алсак, "Алыскы тоолордо", "Ташка баткан элестер", "Өрүкзаардагы баян", "Ак илбирстин тукумдары" көркөм тасмасында, эгемендик алган жылдары "Курманжан датка" көркөм тасмасында ролдорду жаратты.

Жамал Сейдакматова

Сүрөттүн булагы, social media

"Чыгармачыл тагдырымда көп каармандардын ролун жараттым, бирок канча каарманды ойногонумду санап көргөн эмес экенмин. Театрда жүрүп, жүрөгүмдө калган ирмемдер көп болду. Казакстандын М. О. Ауэзов атындагы мамлекеттик академиялык театрында "Манастын уулу Семетейди" койгонубузда гүлгө көмүлүп калганмын. Эртеси чыккан гезиттердин бетинин баары биздин, менин сүрөттөрүм... Менин алгачкы тартылган кином дагы Алматыдан тартылган. Былтыр ал жактан Калмаматов деген режиссер чакырып, бир чоң ролду тапшырды эле. Тасманын ал эпизоддору Кытай менен чектеш жерде, аска зоонун арасында күнү-түнү төрт күн тартылды. Тасмада илгери казак элинде ачарчылык болгон учурдагы элдин башына түшкөн азап-тозок тууралуу экен. Анда бир кемпир алты баласынан айрылып, асканы кучактап ыйлаган жерин аткардым. Сценарий абдан жаккан. Учурда ушул тасма качан чыгат деп күтүп жүрөм",-деген эле Би-Би-Сиге маегинде.

Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү

1989-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жеке менчик "Туңгуч" театрын ачкан. Театр өнөрүндө бурулуш жасап, жаңы ыкмалар менен дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты спектаклдерди коюп, Колумбия, Улуу Британия, Германия, Иран, Египет, Кытай, Түркия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттериндеги эл аралык фестивалдарга катышып, бир нече баш байгелерди багындырган.

"Жүрөгүм токтоп калганча театрдан кете албай калдым. Менин ой-санаам, жашоом - театр",-деп жүрүп, өмүрүнүн соңку ирмемдерине чейин театрдан кол үзгөн жок.

2016-жылы Лондон шаарындагы эл аралык театр фестивалында Жамал Сейдакматовага "Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы" номинациясы берилген.

82 жаш курагында дүйнө салган залкар таланттын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. (AbA)