"Троян аты": рак илдетине жаңы дары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британиянын окумуштуулары рактын алты түрүнө даба боло турган дарыны ойлоп чыгарышты. Ал клиникалык тесттен да ийгиликтүү өттү.
Инновациялык терапия "Троян аты" стратегиясын карманат - дары молекулалардын арасына жашынып барып, шишикти ичинен кыйратат. Клиникалык тесттер оору өтүшүп кеткен, агрессивдүү формадагы шишик деп табылган адамдарга жүргүзүлдү. Аларга башка ыкмалар жардам берген эмес.
Жаңы дары жатын моюнчасы менен табарсыктагы шишикти дарылоодо жакшы натыйжа берди. Бейтаптардын төрттөн биринде чоң өзгөрүүлөр байкалган. Алты айдан тогуз айга чейин дарыны ичкен бейтаптарда шишик жок болгон же кыйла кичирейген.
Андан тышкары инновациялык терапия өпкө, кызыл өңгөч, жатын жана жумуртка рактарын айыктырууда натыйжалуу болду. Бирок жаңы ыкма простата рагына даба боло албады.
"Троян аты"
Окумуштуулар жаңы дарыны tisotumab vedotin деп аташууда. Химиялык зат менен иммунотерапияны камтыган дары тамырга сайылат.
Химиялык зат шишиктеги CD142 белокторго жабышат. Ал эми молекулалар шишикке сиңип, рак клеткаларын ичинен кыйрата баштайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Инновациялык терапиянын терс таасири да бар - жүрөк айланып, денени алсыратып, мурундан кан агышы ыктымал. Бирок окумуштуулар терс таасирлер анча коркунучтуу эмес дешет.
Клиникалык тесттин биринчи баскычында Бельгия, Британия, Дания, АКШ менен Швециядан 150 бейтап катышты. Тесттер натыйжалуу болгондуктан, изилдөөчүлөр дароо экинчи баскычты башташты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Клиникалык тесттин башчысы, Ракты дарылоо институтунун профессору Жоана де Бононун айтымында, клиникалык тесттер бүткөндөн кийин дары дүйнөдөгү бейтаптарга беш жылдын ичинде жетет.
Рак коркунучун кантип азайтса болот?
Рактан толук айыгууга мүмкүн эмес. Бирок онкологиялык дартка чалдыгып калуу кооптуулугун азайтса болот. Бул үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму беш кеңеш берет.
- Чылым чегүүдөн жана чылымдын түтүнөн качыңыз.
- Жыныстык катнаш учурундагы сактануу жана медициналык процедура. Жыныстык жол менен же кан аркылуу жуккан вирустар рактын айрым түрлөрүн өөрчүтүп жиберет. Көп жолу колдонулган медициналык каражаттардан дагы этияттаныш керек.
- Тез-тез текшерүүгө барып турган оң. Жылына эки ирет - алты ай сайын дарыгердин толук кароосунан өтүп туруу эң туура жол.
- Эмдөөдөн өтүп туруңуз.
- Активдүү сергек жашоо образын күтүп, ден-соолукка пайдалуу азыктарды колдонуу. Булар иммунитетти көтөрүп, көп илдеттердин, анын ичинде рактын коркунучун төмөндөтөт.












