Кыргыздын шаар куруу кыялынын тарых-таржымалынан

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Арслан Капай уулу Койчиев
- Role, Жазуучу, тарыхчы
Көчмөн элдер көчмөнчүлүктү жашоонун кайталангыс, бирден-бир уникалдуу формасы деп эсептешип, отурукташуу маданиятын жээрип, отурукташкан элдерге аралашуудан жаа бою качышса да, алар менен карым-катнаш күтүүнүн өзгөчө бир ыңгайын таап, алака түзүүнүн маданиятын калыптандырып жүрүп отурушкан. Ошонун бир таасири - шаар куруу тууралуу кыял.
Көчмөндөрдүн шаар куруу тууралуу кеп кылганы, ал тууралуу көз карашы да кызыктуу. Маселен, көчмөнчүлүктүн терең кучагында калган монголдордун аракетин алалы. Дагы бир үлгүсүн көчмөн өзбектер берди. Алар отурукташкан калктын калың массасын басып алышты, жуурулушуп кетти. Кыргыздардын мисалына кайрылсак, Анжиян-Алай кыргыздары эртерээк аралашып, окумуштуу Хазановдун сөзү менен айтканда, шаар-кыштактарды өзүнүн жандоочу чөйрөсү катары санаган. Ал эми отурукташкан элдерден алысыраак жашаган түндүк кыргыздарынын шаар маданияты тууралуу түшүнүгү башкачараак болду.
Шаар - кыялдарда дайым жашаган. Эл жомокторунда капкалуу чоң шаарлар сүрөттөлөт, казыналуу калаалар тууралуу кеп болот.
Көчмөн баласынын түшүнүгүндө, шаарлар - соодасы кызыган, кербендер убап-чубап тынбай каттаган базарлуу ордолор. Көчмөндөр ошол шаарларды, ал жакка каттаган кербендерди талап-тоноону өнөр көрүшкөн. "Жакшы көргөн балаңа базар көрсөтпө" деген эрежени тутунганы менен, шаарларды, ал жакка каттаган кербендерди карактоо - көчмөнчүлүк кулк-мүнөзгө ылайык салт саналган. Бир-эки мисалын тарта кетели. Он алтынчы кылымдын башында кыргыз урууларынын кол башчысы Мухаммед Кыргыз Түркстан, Сайрам калааларына талоончул жүрүштөрдү уюштуруп турган экен. Берегирээк келсек, он тогузунчу кылымдын башында Кашкар, Турпанга каттаган кербендерди карактоо көкөйүнө тийген экен, орус бийликтери Ысык-Көл кыргыздары менен ымалага киргенде, кербендерди карактоону токтотуу тууралуу шарт ийне-жибине чейин макулдашылган. "Кашкар, Аксуга каттаган кербендерди талабайбыз, талаган кишилер болсо көргөзүп беребиз" - деп бир ооздон кепилдик беришкен экен бугу кыргыздарынын белек, арык-тукуму, желдең тобунун бийлери.
Ал ортодо, эки Ала-Тоонун арасында шаар куруу тууралуу кыялды орундатуу акырындап быша бергендигин байкайбыз. "Бизниң хэм элларимиз ушундак шахр болсэ" (Биздин да элдерибиз ушундай шаар болсо), - деп айтылат бугу кыргыздарынын бийлери 1820-жылдары оруска жолдогон каттардын биринде. 1844-жылы Боронбай Бекмурат уулунун Сибирь бийликтерине багыштаган үзүктөй катында "жерибизге шаар тургузуп берсеңер" деген өтүнүч айтылат. Айтылуу Калыгул Бай уулу азыркы Балыкчы шаарынын ордуна көз чаптырып, "ушул жерге калдайган шаар турат" деп айтканы уламыштар аркылуу бизге жетти.
Октябрь революциясынан кийин кыргыздар туташ отурукташып, илгертен келаткан мусулман жана оторчулук доорунда негизделген орус айыл-кыштактарына, шаарларына массалык түрдө киргени менен, "нукура кыргызча шаар" куруу кыял жашай бергендигин көрөбүз.

Сүрөттүн булагы, мамлекеттик архив
Өткөн кылымдын жыйырманчы жылдары Ош аймагын кыдырган Жусуп Абдракманов азыркы Гүлчө шаарчасы турган жерге "нукура кыргыз калаасын" курууну тапшырганын эскерет. Гүлчө шаарчасы Жусуп Абдракманов кыялдангандай нукура кыргыз шаарчасына айландыбы-жокпу билбейбиз, бирок Кыргызстандагы калаалардын архитектурасынан, жайгашуусунан кыргыздын өзгөчөлүгү көрүнсө деген кыял-тилек кийинки муундун учурунда деле актуалдуулугун жоготпоптур. Анын мисалын Чынгыз Айтматовдун жазгандарынан, Турдакун Усубалиевдин, Султан Ибраимовдун жана башкалардын ишмердигинен табабыз.

Сүрөттүн булагы, мамлекеттик архив

Сүрөттүн булагы, Мамлекеттик архив
Эгемен заманда Бишкек шаары өз жүзүн жоготуп, килейген кыштакка айлангандыгын көп айтылып калат. Ошол эле учурда, ыш баскан Бишкектен "Лондон кварталы", "Француз кварталы", "Ница кварталы", "Манчестер", "Барселона" деп аталган, Европанын борборлору менен ири шаарларын көчүрүп келип койгондой микрорайондор пайда болду. Ошентип, бар болгону жүз жыл илгери көчмөн жүргөн кыргыз баласынын шаар куруу тууралуу учкул кыялы кызыктуу формада орундалып жатат.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












