Үмүттү илгерилеткен тарыхый учур

Ичинде жүргөн биз эстебей кое албаган, сыртта болобу, кийинки муун болобу эске ала турган коомдук-саясий жана интеллектуалдык окуяга көрүнүктүү окумуштуу, публицист Тынчтыкбек Чоротегин жана үзөӊгүлөшүм, азыркынын мыкты жазуучусу Арслан Койчиев жазды.

тарыхчылар

Сүрөттүн булагы, Social media

Мындан туура 30 жыл мурун Кыргызстан жаш тарыхчылар ассоциациясы түзүлүп, алгачкы уюштуруу жыйынына ошол кездеги акылгөй интеллигенциянын Түгөлбай Сыдыкбеков баштаган чыгаан өкүлдөрү, тыштан Кыргыз Республикасынын Баатыры манасчы Жүсүп Мамай катышты.

Илгери бир уюмду пикирлеш инсандар түзгөн экен, ага атактуулар катышкан экен, аны уюштургандар ушулар болуптур, анысын эмне эле жарыша мактанып жатышат деп айтаар айрымдар. Мейли, бул алардын эрки жана иши.

Ал эми ошол мезгилде жүзөгө ашкан иш көп түрдүү мааниге ээ болгонун тануу кыйын. Окуя окуяны шарттайт. Чындыгында кайсы бир коомдук уюмдун, болгондо да илимге салымы жамы журтка али белгисиз, ал тургай кошо турган салымынан дайын жок жаш тарыхчылардын уюшмасына калдайган калыӊ топтун келиши, ошондогу маанай, жыйындын духу, анын мааниси, кийинки орошон окуяларга жана адамдардын тагдырына таасири тууралуу кеп козгобой кое албайбыз.

Тоталитардык мезгилде кыргыз тарыхы тууралуу расмий калыпка коошпогон изилдөөлөр, жаӊычыл көз караштар ошол кездин партиялык жетекчилиги жана анын оголе "кыраакы" органдары тарабынан кысымга алынып турган эле.

Арслан Койчиев экөөбүз 1989-жылы, 3-курста окуп жүргөн кезибизде, Тагай бий (Мухаммед кыргыз) тууралуу илимий макала жазып, гезит-журналдарга чыгара албай убара болгонбуз. Ал макалада айгайлаган улутчул ураан деле жок эле, болгону кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүү, элдин башын бирктирүү үчүн кайран кишинин аракетин ар кайсы булактардан (Арслан араб булактарын таржымалдай алчу) издеп таап, акыл-билимибиздин ошол мезгилдин деӊгээлинде баяндаган элек. Теӊине албай жатабы деп, атамдын гезит-журналдарды жетектеген бир-эки эски таанышына барсак, алар так секирип, "кой, балдар. Мындай макалаларды жазбагыла, абройлуу, партиялык факультетте окусаӊар, окууӊарга залакасы тиет" деп, акыл айтып узатышкан.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Мына ушундай заманда эркин ойлонгусу келген кыргыз жаштары тарыхчылар ассоциациясын түзүп, жаӊыча ойлорду айтып, элдин тарыхый аӊ-сезим ойготуп, өткөнүн билүүгө кызыгуу жараткан изилдөөлөргө жол ачылышына азыноолак себепкер болгон.

Экинчиден, 1929-жылкы Кыргыз АССРинин Конституциясында (туӊгуч конституция) белгиленген мамлекеттик тил статусунан 1937-жылкы конституцияда айрылып, кийин такыр четке сүрүлө баштаган кыргыз тили расмий иш чарада негизги жана жападан жалгыз тил катары алгачкы ирет 1989-жылы 3-июнда колдонулду. Орус тилиндеги баяндамалар синхрон которулду. Юридикалык тил менен айтканда прецедент түзүлдү. Ушундай кылса болот экен деген ой жаралды, ишеним пайда болду, ал улам бекемделди. Бул кийин эне тилибизге мамлекеттик тил статусун кайра кайтарып берүүгө кайсыл бир деӊгээлде өбөлгө болду. 1989-жылы сессияда мыйзам кабыл алганга чейин далай күрөш жүрдү, нечен окуя болду. Расмий статустан куржалак кылган кыргыз тилинде республикалык чогулуш өткөнү желдей тарап, элди, айрыкча студенттердин сезимин бүлөдү. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун ыйгаруу боюнча кийинчерээк кол топтоп, окуу жайларды кыдырганыбызда тарыхчылар ассоциациясы уюшулгандагы ошол окуяны студенттердин көбү билээрине күбө болгонбуз.

1989-жылкы мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы кыргыз мамлекетинин суверенитетине карай орчундуу кадам эле эмес, суверенитеттин накта актысы болгон. Эл демденип, улуу иштерге белсенип, жаштары "младогегелчилер" жана "младотүрктөр" сымал канат күүлөп, кайран кыргыздын пассионардык энергиясы калыбына келе баштаган учур эле ал мезгил. Ошол энергияны, духту туура пайдаланганыбызда суверенитетибиз толук болмок экен. Азыр да шүгүр, кеч эмес, уюткулуу журттун жаратман энергиясы толук корогону жок, күүсүнөн жана элек. Таалайлуу жашоого, кубаттуу кыргыз мамлекетинин татыктуу, бардар атуулу болууга тарыхый акысы бар эл дале тынбай изденип жатат, издеп жатат. Эми да тарыхый шансты колдон учурбай элдин бактысына, өлкөбүздүн намысына пайдаланып калуу озуйпасы туру алдыбызда.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер