Блог: Улуу сүрөтчүнүн ураган үйү

Кыргызда белгилүү сүрөтчү Гапар Айтиевди тааныбаган киши чанда болсо керек. Чоң таланттын ээси, залкар сүрөтчү учурунда кыргыздардын ичинен биринчилерден болуп кыл калем кармап, чоң чыгармаларды жараткан.

Залкар сүрөтчүнүн Бишкекте жашап кеткен үйүнүн азыркы абалы.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Залкар сүрөтчүнүн Бишкекте жашап кеткен үйүнүн азыркы абалы.

Гапар Айтиев жараткан ондогон пейзаж, этюддары, кыргыз жүзүн, Кыргызстандын табиятын чагылдырат. Балким кийинки жаш муундагылар мындай талантты унутса унуткандыр, бирок аны ар дайым эске салып, баалап, барктап туруу эң кур дегенде, анын калтырып кеткен тарыхый мурастарына аздек мамиле жасоо өкмөттүк деңгээлде көзөмөлдөнүшү керек эле.

Залкар сүрөтчүнүн Бишкекте жашап кеткен үйүнүн азыркы абалы.

Залкар сүрөтчүнүн Бишкекте жашап кеткен үйүнүн абалын көргөн сайын, ичим тызылдайт. Кантип үйдүн ушундай абалда калганына жан күйгүзгөн эч ким жок деп түтөп алам. Гапар Айтиев жашап, чоң чыгарамаларды жаратып өткөн Бишкектеги үй азыр авариялык абалда турат.

Залкар сүрөтчүнүн Бишкекте жашап кеткен үйүнүн азыркы абалы.

Раззаков көчөсүндөгү бул үйдүн жанына чоң-чоң имараттар курулуп жатыптыр, балким үйдү түртүп салуу дагы планы бардыр, анысын билбейм. Бул турак үй сүрөтчүнүн балдарына менчикке өтүп кеткенин уккан жайым бар. Эмне үчүн мамлекет мындай тарыхый жайды өзү сатып албайт? Эмнеге архитектуралык эстеликтердин катарынан чыгарып салды. Үй музей кылып жаркыратып койгонго эмнеге болбойт эле?

Маданиятка, тарыхый эстеликтерге кандай мамиле жасалышы керектигине дүйнөдө мисалдар көп. Айталы, Англиянын борбору Лондондогу 1600-жылдары курулган театр Темза жээгинде күнү күнкүдөй сакталып турат. 1600-жылы курулган театр!..

Залкар сүрөтчүнүн Бишкекте жашап кеткен үйүнүн азыркы абалы.

Суроо көп, жооптор баары бир формалдуу болорунан күмөнүм жок. Дегеле биз тарыхый эстеликтерге мамиле кылышты билебизби?.. Баткенден табылып, киийн кайра мыйзамсыз түрдө алынып кетип, көмүлгөн мумия тууралуу чуу салып чыккандар кайда!

Азыр көрсөңөр, бул үйдүн сыртына илинген мемориалдык тактадагы сүрөттөр дагы өчүп баратыптыр. Үйдүн өзү каралбай калган.

Азыр көрсөңөр, бул үйдүн сыртына илинген мемориалдык тактадагы сүрөттөр дагы өчүп баратыптыр. Үйдүн өзү каралбай калган.

Адилет Турсунбеков, Бишкек шаары.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.