Байкалбаган жеңиш: Украина Кара деңиздеги жолун кантип ачып алды?

Украина деңиз корридору аркылуу дан эле эмес, металлдан бери ташууга жол ачты

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украина деңиз корридору аркылуу дан эле эмес, металлдан бери ташууга жол ачты

Польшалык фермерлер жана ташуучулар украин чек арасын бөгөттөп алды деп баарынын көңүлү ошол маселеге бурулуп жаткан чакта, Украина Кара деңиз аркылуу согушка чейинки көлөмдү экспорттой турган жолун калыбына келитирип алды. 2024-жылдын апрелиндеги көрсөткүчтөр 2022-жылдагыдан ашып түштү. Бул – милларддаган доллар дегенди билдирет. Акырындап бул маршрут аркылуу башка товарлардын экспорту жанданууда.

Украина муну кантип ишке ашырды? Деңиз корридоруна байланыштуу кандай тобокелдиктер бар? Мунун келечеги кандай жана башка маршруттардын ролу кандай болот?

Украина өндүргөн азыктар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украина өндүргөн азыктар

Согушка чейинкидей: эмне орундалды?

Орусия Украинага кол салганда Кара деңиз аркылуу экспорт токтоп калган эле. Дүйнөлүк рынокко эң негизги буудай, өсүмдүк майы сыяктуу украин товарлары жетишпей турду. Украиналык өндүрүүчүлөр менен казынага валюта жетпей жатты.

Африкадагы ачарчылыктын алдын алуу жана данга болгон баанын кескин жогорулап кетишин алдын алуу максатында, БУУ башында туруп, Түркия ортомчулук кылган атайын “Дан келишими” түзүлдү. Келишим Кара деңиз аркылуу эгин-тегин экспорттону жөндөөгө арналган.

Анын аркасында Украина алгачкы айларда 33 млн тоннага жакын агрардык продукцияны экспорттоду. Орусия келишимдин шарты боюнча дан ташыган кемелерди текшерүүгө алмак. Ошентсе да текшерүуну атайылап создуктуруп, 2023-жылдын июлунда болсо келишимден бир тараптуу биротоло чыгып кетти.

Бир айдан соң 2023-жылдын августунда украин портторунан өз коопсуздугуна өзү (Украина) гана кепилдик алып биринчи кеме чыкты. Ал учурда Украинанын аскер-деңиз күчтөрү жарандык кемелер, анын ичинде Одессанын портторундагы (Черноморск, Одесса жана Түштүктүк) кемелер пайдалана алгыдай убактылуу корридор ачтык деп билдирген. Орусия келишимден чыккан соң аларды да бөгөттөп салган болчу. Эл аралык деңиз уюму жаңы маршрут белгилеген.

Бул маршрут жандангандан жарым жыл өтпөй бул жол Украинага эл аралык дан келишиминен дагы көбүрөөк пайда алып келээри айдан ачык болуп калды. Ошентип акырындап экспорттун согушка чейинки көлөмүнө жетүүгө шарт түзүлдү.

Быйылкы жылдын январында эле Украина согушка чейинки 2022-жылдагыдан эки миллион тоннага азыраак экспорттоду. Анын эң басымдуу бөлүгүн деңиз аркылуу ташыды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер жана экономика министри Юлия Свириденко билдирди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Территорияны жана инфраструктураны, коомчулукту өнүктүрүү министри Александр Кубраковдун сөзүнө караганда, корридор иштей баштагандан тарта жети айда Украина дан келишими менен жыл бою ташыгандан дагы көп экспорттоду.

Быйылкы жылдын мартына карата корридор аркылуу 1100 кеме өтүп, 33.8 млн тонна жүк ташыган. Анын 23.1 млн тоннасы украин дыйкандары өндүргөн товарлар.

2024-жылдын апрелине карата алдын ала маалыматтар боюнча, украин данынын экспорту 13 млн тоннадан ашып, согуш башталгандан берки рекорддук чекке жетти. Экономика министрлиги 2024-жылдын мартына карата көрсөткүчтөр эле эмес, 2022-жылдын февралындагыдан дагы ашып өттү деди. Бул украинага 3.3 млрд доллар алып келди.

Бул өткөн жылы британ өкмөтү жана камсыздандыруу компаниялары менен биргелешип кемелерди камсыздандыруу боюнча түзүлгөн UNITY программасынын жемиши болду. Анда Румыния жана Молдованын чек араларында логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, Дунайдын портторуна темир жол аркылуу жүк ташуу шарттарын жакшыртуу каралган эле.

2022-жылы 22-июлда Орусия менен Украина БУУнун жана Түркиянын колдоосу менен Кара деңиз дан эгини демилгесине кол коюшкан.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2022-жылы 22-июлда Орусия менен Украина БУУнун жана Түркиянын колдоосу менен Кара деңиз дан эгини демилгесине кол коюшкан.

Деңиз жолунун кайрадан ачылышы Африка, Азия жана Европага украинанын продукцияларын экспорттоого жол ачып берет.

2024-жылдын алгачкы үч айында 17 млн тонна агрардык товар экспорту болсо, анын 12 млн тоннага жакыны чоң Одессанын порттору аркылуу, анын 3 млн тоннасы – Дунай аркылуу, калган 2млн тоннага жакыны курактыктагы жолдор аркылуу ташылган. Мунун басымдуу бөлүгү Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдү аралаган темир жол аркылуу ташылганын агрардык саясат министри Николай Сольский билдирген (ал апрель айында коррупцияга айыпталган соң кызматтан кетүүгө арызын жазып, бирок айыптоону четке кагууда).

"Биз украинанын деңиз портору аркылуу бир күндө ташылган көлөмдү Польша аркылуу транзит менен бир айда ташыйбыз",- деп украин чиновниги Брюсселде билдирген эле.

Орусиянын кийлигишүүсүз ишке ашкан деңиз корридору дан азыктарын эле эмес, эң негизгиси металл экспортун жандандырды.

"БУУ долбоору дан ташууну гана эске алган. Украинада болсо дан, айыл-чарба продукциясынан сырткары металл жана темир рудалуу концентрат бар. Азыр металлургия экспорту кайрадан жанданууда",- деп түшүндүрдү Кара деңизди стратегиялык изилдөө институнун мониторинг тобунун жетекчиси Андрей Клименко.

Мындан сырткары акырындап импорт жандана баштады.

Эки жылдан ашуун убакыттан соң апрелдин башында "Түштүк" порту аркылуу Панаманын желеги алдында украинада даярдалга сууну жүктөп ири кеме сапарга чыкты. Ал 195 миң тоннадан ашык жүктү алып жөнөдү.

Ошондой эле контейнер менен ташуу тууралуу да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Украин куралдуу күчтөрү (УКК) кантип БУУ менен Түркиянын ортомчулугунан да жакшы жол тапты?

Кара дениз аркылуу жанданган соода жолун өкмөттө жана соода-сатыктагылар арасында "УКК корридору" деп атап алышкан.

Украин куралдуу күчтөрү Кара деңиздин украинага тиешелүү батыш тарабына көзөмөлдү кайтарып алышкан.

Апрелдин ортосунда британ чалгын кызматынын маалыматында, Орусиянын Кара деңиз флоту "согуш башталгандан берки мезгилдегиден кыйла жайбаракат" болгону баяндалган.

"Кара дениз флоту өз кемелерин жана кайыктарынын сезилээрлик бөлүгүн Севастополдон чыгышка карай Новороссийскти көздөй чакыртып алды".

Коопсуздуктан улам көз майын короткон баяндын бир топ элементтери ачык жарыяланган жок.