Украинанын дан келишими деген эмне жана ал иштеп жатабы?

    • Author, Джереми Хауэлл
    • Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

В.Путиндин режими 2022-жылы 24-февралда Украинага каршы баштаган кеңири өлчөмдөгү адилетсиз согушка карабастан, Украина 2022-жылдын июлунан бери 23 миллион тонна эгинди чет өлкөлөргө экспорттой алды.

Орусия бийлиги Украинага Кара деңиз аркылуу эгин экспорттоого мүмкүндүк берген келишимди узартуу үчүн Кремлге каршы санкцияларды жумшартууну Батыш өлкөлөрүнөн суранууда.

Бул келишим учурда Украинанын чыгышында улантылып жаткан согуш аракеттерине карабастан, Украинанын бийликтерине миллиондогон тонна азык-түлүктү чет өлкөлөргө экспорттоого мүмкүндүк берип келди. Эми болсо Орусиянын бийликтери өз өлкөсүнө жеңилдиктерге жол берилбечү болсо, анда бул келишимдин жүзөгө ашырылуу мөөнөтүн дагы 60 күнгө гана узарта турганын эскертип айтууда.

Дан эгинин экспорттоо келишими эмне үчүн керек эле?

Украина күн карама, жүгөрү, буудай жана арпанын дүйнөлүк ири экспорттоочусу болуп саналат.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кеңири өлчөмдө басып киргенде (Украинанын чыгыш аймактарына Орусия 2014-жылы эле басып кирген), анын аскер-деңиз кемелери Украинанын портторун камалоого алып, 20 миллион тоннадай эгинди эч жакка чыгарбастан, бөгөттөп койгон эле.

Украина дан эгиндеринин экспортеру

Бул кадам дүйнөлүк азык-түлүктүн баасын болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүп салды.

Азык-түлүк менен камсыз кылуу өзгөчө Украина данына таянган Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрү үчүн коркунуч жаратты. БУУ бул аймактарда негизги азык-түлүктүн баасы орто эсеп менен 30% кымбаттагандыгын маалымдады.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш 38 өлкөдө 44 миллиондой киши "ачарчылыктын өзгөчө деңгээлине" туш болуп жатканын айтып чыкты.

Ар кандай жаңжалдын алдын алуу үчүн иш алып барган Эл аралык кризис тобунун өкүлү Ричард Гоуэн:

"БУУнун расмий өкүлдөрү Африка мүйүзү аймагы үчүн өзгөчө тынчсызданып жатышты, ал жердеги кургакчылык өлкөлөрдү буга чейин эле ачарчылыкка кириптер кылып жаткан. Ал эми дан эгинин таңкыстыгы абалды ого бетер начарлатып жаткан болчу", - деп билдирди.

Дан эгини келишими узартылабы?

Дан эгинин сыртка ташууга мүмкүнчүлүк ачуу келишими анын дароо эле 120 күнгө узартылышы керектигин камтыган жана ал 18-мартта узартылышы керек болчу.

Бирок Орусия аны бар болгону 60 күнгө гана узартууну сунуштап жатат.

Кремль орусиялык өндүрүүчүлөрдүн дүйнөнүн калган өлкөлөрүнө көбүрөөк азык-түлүк жана жер семирткич чыгаруу мүмкүнчүлүгөнө ээ болууну каалайт, бирок Батыштын учурдагы санкциялары аларга мындай мүмкүнчүлүк жаратпай тургандыгын баса белгилейт.

Орусиянын айыл чарба өнүмдөрүн сыртка сатуу (экспорттоо) боюнча Батыштын конкреттүү санкциялары деле жок, бирок Москванын ырасташынча, башка чектөөлөрдүн өзү - эл аралык банктардын, камсыздандыруучулардын жана жүк ташуучулардын орусиялык экспорттоочулары менен иш жүргүзүүнү каалабай жатышы - Орусиянын өнүмдү сыртка чыгаруу жөндөмүн кыйыр чектөөдө.

Расмий Москва дан келишиминин мөөнөтүн толук өлчөмдө узартууга макул болгонго чейин бул чектөөлөрдүн оң чечилишин каалайт.

Орусия дүйнөлүк базардын 19% үлүшүнө ээ болуу менен дүйнөдөгү эң ири буудай экспорттоочу болуп саналат. Орусиянын буудай экспорту, чындыгында, өткөн жылы кыйла өсүп чыкты, дейт айыл чарба жаатында серепчилик жүргүзгөн Sovecon компаниясы.

Кремлдегилер Украинаны Кара деңиздеги жүктөрдү коопсуз ташуучу өткөөл аймактагы кайыктарынан учурулган дрондор аркылуу Орусиянын Крымдагы деңиз аскер флотуна "жапырт" чабуул жасады деп айыптап, былтыр ноябрда дан эгини келишиминен чыкканын жарыялаган.

Бирок бир нече күндөн кийин Украинадан бул өткөөлдү ал аскердик максатта колдонбойт деген кепилдикти алган соң, Орусия бул келишимге кайрадан кошулган.

Дан эгинин ташуу өткөөлү кантип иштейт?

Былтыр 22-июлда Орусия менен Украина БУУнун жана Түркиянын колдоосу менен Кара деңиз дан эгини демилгесине кол коюшкан.

Украина дан жыйноо

2022-жылдын жазында, мындай өткөөл шексиз түрдө түзүлөөрү күтүлүп калганда, дан эгинине карата баалар кайрадан төмөндөй баштаган.

Канча дан эгини экспорттолуп жатат?

Украинанын айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, расмий Киев дан эгинин Орусия бир катар украиндик аймактарды убактылуу басып алганга чейинки көлөмдөгүгө салыштырмалуу 30%дай азырааак экспорттоду.

Бул, бир жагынан алганда, өлкөнүн чыгышындагы ири аймактарда орун алган салгылашуулардан улам дыйкандар дан эгинин азыраак өндүрүп жатканына да байланыштуу.

Арийне, Украинанын өкмөтүнүн айтымында, Орусия айыл чарба өнүмүн сыртка ташып кетүү үчүн украиндик портторго бара жаткан жүк ташуучу кемелерди орто жолдо өткөрбөй, кечеңдеткени да экспортко зор залакасын тийгизди.

Келишимге ылайык, Орусия кемелердин Украинага курал-жарак сыяктуу жүктү ашып өткөрүүсүнө тоскоол кылуу үчүн өтүп бара жаткан жүк ташуу кемелерин текшерүүгө акылуу.

Lloyds List аттуу кемеде жүк ташуу көйгөйлөрүн чагылдырган журналдын өкүлү Брижит Диакун: "Украина кемелер өзгөчө шектенүү менен ашыкча текшерүүлөргө учурап жаткандыгы үчүн наразылыгын билдирүүдө. Кара деңизге кире бериште адатта 100гө жакын кеме кезек күтүп сагаалап турушат", - деп билдирди.

Ukrainian farmers and harvested wheat

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россия басып киргенден кийин Украинада дан эгинин өндүрүү 30 пайызга кыскарды

Украинанын сыртка ташылчу дан эгини кайсы тарапка багытталат?

БУУнун маалыматына ылайык, Украинанын сыртка чыгарган азык-түлүгүнүн төрттөн бир бөлүгү гана дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнө кетип жатат:

-· 47% эгин "жогорку кирешелүү өлкөлөргө", анын ичинде Испания, Италия жана Нидерланддарга жөнөтүлдү;

-· 26% эгин "ортодон жогорку кирешелүү өлкөлөргө", анын ичинде Түркия жана Кытай сыяктуу өлкөлөргө жөнөтүлдү;

-· 27% эгин болсо Египет, Кения жана Судан сыяктуу "төмөн жана ортодон төмөн кирешелүү өлкөлөргө" жөнөтүлгөн.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны дан азыктарын өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө көбүрөөк экспорттобой жатат, деп сындады.

Бирок, БУУнун айтымында, Украинанын дан экспорту дүйнө жүзүндөгү муктаж калайыкка өзгөчө пайда алып келди, анткени украин экспорту эл аралык азык-түлүк базарларын тынчтандырып, азык-түлүктүн баасын көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк жаратты.

The cargo ship Brave Commander took 23,000 tonnes of grain as food aid from Ukraine to Ethiopia last summer

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Украина өндүргөн дан эгининин жарымына жакын көлөмүн бүт дүйнөгө гуманитардык жардам катары таратуу максатында сатып алууда.

2022-жылдын августунан ошол жылдын аягына чейин БУУ жалпысынан 380 миң тоннадан ашык буудай ташыган 13 кемени Украинадан Эфиопия, Йемен, Жибути, Сомали жана Ооганстанга жөнөткөнү маалым. (TT)