Россия уурдалган украин данын каякка ташып атат?

Vessel being loaded with grain in Sevastopol port

Сүрөттүн булагы, Planet

    • Author, Ник Бик, Мария Коренюк жана Reality Check командасы
    • Role, BBC News

Россиянын аскердик күчтөрү Украинанын оккупацияланган аймагындагы дыйкандардан данды жана башка продукцияны уурдап же тартып алып кетип жатканынын көп далилдери чыгууда. Би-Би-Си фермерлер менен сүйлөшүп, спутниктен тартылган сүрөттөрдү карап, изин кууп, уурдалган дан каякка кетип жатканын изилдеп чыкты.

Фронттон ондогон километр аралыкта жашаган украин фермери Дмитрий 25 жылдан бери мээнет кылып өнүктүргөн бизнеси орустар басып кирген төрт айдын ичинде ойрон болгонун айтууда. Би-Би-Си Россия оккупациялап алган аймакта жашаган 200дөй фермер менен сүйлөшүп көрдү. Дмитрий - биз репрессияга алынбасын үчүн анын чыныгы атын айтпайбыз - бизге жолуккандан качпаган саналуу адамдардын бири болду.

"Алар биздин данды уурдап алышты. Алар биздин кампаларыбызды мойсошту, мүлкүбүздү жок кылышты".

CCTV image
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орус аскерлеринин кампага келген учуру камерага тартылып калган

Ал орус аскерлери азыркы убакта анын он миңдеген гектар жеринин 80% ээлеп алып, буудайды өнөр жайлык масштабда уурдап жатканын айтууда.

Компаниянын объектилеринин бирөөндөгү көзөмөл камераларына орус аскерлери келген учур тартылып калган. Биз фермалардын кожоюндары ким экенин жашырыш үчүн анын айрым жерлерин бозортуп койдук. Бир убакта бир аскер камераны көрүп калып, аны карай ок атты, бирок жаза кетти.

Дмитрийдин айтымында, уурдалып кеткен дан ташыгыч унаалардын экөөндө GPS-трекерлер коюлган. Биз андагы маалыматтарды пайдаланып, алар түштүккө, Россия 2014-жылы аннекциялап алган Крымга, андан ары Россияга кеткенин көрдүк. GPS маалыматына караганда, жүк ташыган эки унаа Крымдагы Октябрск кампасына келип токтошкон. Спутниктен 14-июнда объекттин жанынан тартылган сүрөттө жүк ташыган толтура унааларды көрсө болот.

Октябрск

Биздин оюбузча, бул кампа Россияга же Түштүк Крымга кеткен темир жолго жакын жайгашкан. Кампанын чатырында Россиянын Украинага басып киргенинин символу болгон Z белгиси бар экен.

Чек арадагы кезек

Уурдалган дан каякка кетип атканын текшерүү кыйын, бирок анын көп бөлүгү Крымга кетип жатканын күбөлөгөн далилдер көп. Чонгар жана Армянск чек ара көзөмөл бекеттеринде спутниктен тартылган сүрөттөр бар, аларда дан жана башка продукция ташыган унаалардын толтура топтолуп жатканын көрсө болот.

Чонкар

Чонхарга кире бериштен 17-июнда тартылган сүрөттө жүк ташуучу унаалардын 5 км аралыкка созулган колоннасы көрүнөт.

Дан кампасы

Крымды көздөй агылган мынчалык көп автоунаа демейки көрүнүш эмес, анткени Россия 2014-жылы аннекциялап алгандан кийин Украина үчүн бул жакка жол жабылган болчу. Дан менен башка продукцияны башка порттордонр экспортко жөнөтүп калган.

Балким, булардын бир бөлүгү оккупацияланган аймактагы аскерге курал ташып барган унаалар болушу мүмкүн, бирок алардын көбү украин фермерлеринен тартылып алынган дан же күн караманын уругун ташып кетип баратканы көбүрөөк чындыкка жакын.

Сүрөттөрдөн кампанын жанындагы темир жол станциясынан поезддин дан ташыган вагондорун көрсөт болот. Жанкойдон чыккан поезддер Севастополь жана Керч шаарларына барып, ал жактан продукция Россияга же чет өлкөгө жиберилиши мүмкүн.

Уурдалган дан Крымдан ары каякка кетип жатат?

"Адегенде аннекцияланган Крымга, андан ары Керчь менен Севастополго (портторго) ташылууда. Андан соң украин данын россиялык кемелерге жүктөп, Керч кысыгына кетип жатышат",-дейт Кара деңиз проблемаларын изилдөө институтунун эксперти Андрей Клименко.

«Ал жакта, Керч кысыгында [Крым менен Россиянын ортосунда], алар украин данын кемелерге жүктөп, Россиядан келген дан менен аралаштырууда, кээ бир учурда болсо орус даны жүктөлүп жатканын көрсөтүш үчүн бул районго кире калууда».

Клименконун айтымында, уурдалган дан андан ары россиялык сертификат менен коштолуп, россиялык дан болуп экспортко чыгууда.

Крым Россияга каттамдар

Кемелер андан ары көбүнчө Сирия менен Түркияга жөнөшөт.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркияга украин даны келип атканы жөнүндө кабарларды иликтешкенин, бирок анын далили чыкпай атканын билдирген.

"Биз документтерден кемелердин келген порттору жана товарлардын чыккан жери Россия деп жазылганын көрдүк, - деген ал.

Севастополдогу жогорку активдүүлүк

Севастополдогу "Авлита" дан терминалынан тартылган спутник сүрөттөргө караганда, июндун ичинде активдүүлүк жогору болгонун, ошол эле убакта сары материал кемелерге жүктөлгөн дандын түсүнө туура келерин көрсөтөт.

Видеонун түшүндүрмөсү, Evidence of cargo vessels being loaded with grain in the Avlita Grain Terminal, Sevastopol

Биз менен сүйлөшкөн кээ бир эксперттер бул активдүүлүктү Украинанын материк бөлүгүнөн ташылып келип жаткан дан менен гана түшүндүрсө болот деп айтышты. "Крым чынында экспортко мынчалык көп дан өстүрбөйт",-дейт Киевдин экономика институтунун агрардык саясат мектебинин эксперти Мария Богонос.

Трекерин өчүргөн кемелер

АКШ менен Украинанын бийликтери жана ЖМК уурдалган украин данын чет өлкөгө ташыган тогуз кемени аташууда.

Lloyd's List Intelligence маалыматтарына таянып, Би-Би-Си Крым менен Түркиянын жана Сириянын портторунун ортосунда жүргөн бул кемелерге апрелден бери байкоо салып келди.

Lloyd's List Intelligence кабарлашынча, кемелер Кара деңизге кире бергенде же Керч кысыгында маневр жасап жатканда борттогу датчиктерин өчүрүп коюуда.

Транспондерлер кайра күйгөн учурда кемелер түштүккө карай жөнөп баратканы көрүнөт. Демек, транспондерлер иштебей турган учурда алар бортко жүк жүктөшкөн деп жоромолдосо болот.

Россия жаңы тактика

Россиянын тактикасы

Би-Би-Синин колуна орус оккупациялык бийликтери даярдаган документтер да келип түштү, анда дан тапшырыла турган фермалар жазылган.

Би-Би-Си орус кызматы менен Би-Би-Си украин кызматы өзүнчө жүргүзгөн иликтөөлөр айрым учурда орустар украин фермерлерин данды рынок баасынан арзан сатууга мажбурлап, баары мыйзам чегинде болду деген документтерге кол койдуруп алып жатканын көрсөттү.

Россия Украинага басып киргенден кийин башында орус аскери данды украин фермерлеринен каратып туруп эле уурдап кетип жаткан болсо, эми фермерлер тактика өзгөрүп жатканын айтууда. Анткени орустар акча төлөбөсө, кийин түшүм жыйналбай турганын түшүнө баштады. Фермерлер арзан бааларга көнбөскө аргасы жок экенин айтууда, отун, күйүүчү май сатып алыш керек, жумушчуларга төлөш керек.

Эл аралык укук боюнча адвокат Эмили Поттл бул аракеттер Женева конвенциясы менен Эл аралык кылмыш сотунун эрежелерин бузууга жатат деп айтууда.

Биз орус бийликтери менен байланышып, эч кандай жооп ала алган жокпуз. Бирок Россиянын көзөмөлү алдында турган райондордогу кээ бир расмий адамдар оккупациялык аймактан украин даны ташылып кетип жатканын ачык эле айтышууда.

Ханна Циба, Сира Тьери жана Ханна Чорноус Украинадан, Даниэл Палумбо, Джош Читам, ДжейкХортон, Эрван Риво жана Андрей Захаров Лондондон катышты.

Reality Check branding