“Киев кайыбы” аталган легендарлуу асс учкуч - ал ким өзү?

"Киев кайыбын" авиамоделдердин өндүрүүчүсү маркетинг брэнди кылып алган

Сүрөттүн булагы, ICM plastic model kits

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Киев кайыбы"

Украинанын кыргынчы-учкучтарынын саны орустардыкына караандабайт. Бирок “Киев кайыбы” аталган учкучтан улам алар cанжыргалуу болуп калышты.

Бул баатыр учкуч душмандын 40тан ашык учагын жайлаганы айтылып жүрөт. Бул Орусиянын асмандагы үстөмдүгүн эске алганда – ашынган эрдик.

Бирок Украинанын аба күчтөрүнүн жетекчилиги, Фейсбукта “Киев кайыбы” – украиналыктар ойдон чыгарган жанда жок баатырдын жомогу экенин эскертти.

“Биз украин коомун маалыматтык гигиенанын негиздерин сактоого чакырабыз”, - деп айтылат билдирүүдө. “Маалыматты таратардан мурун анын булагын текшерүү керектиги” дагы билдирүүдө эскертилет.

Учурунда 29 жаштагы чебер учкуч, майор Степан Тарабалка билдирүүлөр болгон. Бийлик өкүлдөрү ал 13-мартта салгылашууда каза болгону жана өлгөндөн кийин “Украина Баатыры” медалы менен сыйланганын тастыктады.

Эми украинанын аба күчтөрү “Тарабалка “Киевдин кайыбы” эмес жана ал 40 учакты атып түшүрбөгөнүн” атайын белгилеп айтууда.

Билдирүүдө “Киев кайыбы” борбор шаардын асманын душмандардан коргогон 40-тактикалык авиабригаданын учкучтарынын жалпыланган элесинен жаралган каарман, бул бир кишинин жеңиштеринин саны эмес деп айтылат.

Украиналыктар “Киев кайыбынын” аты ким экенин айтпай жүрүштү, ага карабастан карман социалдык медиаларда вируска айланып кетти.

Авиамоделдерди өндүрүүчү аны маркетингде брэнд дагы катары колдоно баштаса, уламыштан шыктанган Ирина Костыренко анын аскердик сыйлык катары үлгүсүн иштеп чыккан.

Ирина Костыренко "Киев кайыбын" аскердик сыйлыктын үлгүсү катары иштеп чыккан.

Сүрөттүн булагы, Iryna Kostyrenko

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирина Костыренко "Киев кайыбын" аскердик сыйлыктын үлгүсү катары иштеп чыккан.

Коргоо министрлиги Тарабалканын эрдигин майрамдаган видеону твит кылган.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жоопкерчиликтүү эмес.

Аскер эксперттери Би-Би-Сиге бир учкуч 40 орус учагын атып түшүрөнү күмөндүү экенин айтышты.

Украиналык аскерий тарыхчы Михаил Жиров, “Киев кайыбы” уламышын “дем берүү пропагандасы” деп баалайт. Черниговдон Би-Би-Сиге сүйлөп берип жатып, ал Орусия асманда үстөмдүк кылып жаткан согуштун алгачкы күндөрү украин учкучу “эки-үчтү эле атып түшүрө алмак”, - деди.

“Мындай пропаганда керек, анткени биздин аба күчтөрүбүз аз, ошондуктан көптөр биз аларга [орустарга] тең келе албайбыз деп эсептешкен. Согуш учурунда бул бизге керек болчу”, - деди ал.

Бул уламыш менен шерденген украин учкучтары, Орусия чыгарган эски МИГ-29 менен учушса да, орустардын асманды толук көзөмөлдөшүнө жол бербей келишет.

Эбегейсиз зордугуна карабастан, Орусия эки айдан бери украинанын аба күчтөрүн жеңе албай келет.

Украин бийликтери “Киев кайыбынын” уламышын согуш башталган күндөрү эле тарата башташкан. Украинанын коопсуздук кызматы (СБУ) Телеграмда 10 орус учагын кыйраткан “Киев кайыбы” аталган аскер учкучун көрсөткөн. Бирок медиалар бул эски фото экенин айтып чыгышкан.

УКК (СБУ) тараткан "Киев кайыбынын" фотосу

Сүрөттүн булагы, СБУ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКК (СБУ) тараткан фото

Анонимдүү калгысы келген украиналык аскердик эксперт, Би-Би-Сиге - “элге жөнөкөй окуялар керек болуп турганда, “Киев кайыбы” элдин демин көтөрө алды” - деди.

Украинанын демин “Москва” крейсеринин окуясы дагы көтөрдү.

Башында украиналык чек арачы орус аскер кемесин “нары бар” дегенди түшүндүргөн орой жансоо кылганы почта маркасы болуп чыгып, аны чыгаары менен эл талап кеткен.

Москва крейсерине "орус аскер кемеси, нары бар" деген украин чек арачысынын жаңсоосу мем болуп кеткен. Кийин почта маркасы болуп чыккан.

Сүрөттүн булагы, Укрпочта

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москва крейсерине "орус аскер кемеси, ... бар" деген украин чек арачысынын жаңсоосу мем болуп кеткен. Кийин почта маркасы болуп чыккан.

Андан кийин орус флотунун сыймыгы чөгүп кеткен. Бул украинанын эки “Нептун” ракетасы ага тийгенден улам болгону боолгонуп келет. Орус тарап, кемеде өрт чыкканын айтып, ракета чабуулу жөнүндө эч нерсе дебей келет.

Учкучтардын эрдиги башка элдерде дагы мифтерди жаратып жүрөт. Орусия Экинчи дүйнөлүк согушта курал-жарагы үстөмдүк кылган немис учактары менен салгылашып жатып, огу түгөнгөндө атайын душмандын учактарын сүзүп, өзүн курмандыкка чалган учкучтарды даңктайт.

Бирок Россия-Украина согушундагы жоготууларда чоң айырма бар. Ошондуктан мындай мифтер жаралганы таң калыштуу деле эмес.

2022, 7-апрелге карата Украина-Россия согушундагы тараптардын жоготуулары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2022, 7-апрелге карата Украина-Россия согушундагы тараптардын жоготуулары

30-апрелде украинанын куралдуу күчтөрүн генштабы Орусия 190 учак жана 155 тик учак жоготконун айтты.

Бирок Oryx көз карандысыз аскердик аналитикалык борборунун эсебинде, Орусия 26 учак, 39 тик учак жана 48 дронун жоготкон. Oryx фото же видео менен тастыкталган учурларды гана эсепке алат.

Эки тарап тең өз жоготууларын катышат. Саноо өтө кыйын, аткени атып түшүрүлгөн айрым учактар орус тарап көзөмөлдөгөн территорияга консо, кай бири РФга чейин жете алат.

Эксперттер көбүн учур орус учактары жер-аба ракеталары, айрыкча, киши алып жүрүүчү (Manpads) абадан коргонуу системдери менен атып түшүрүлөрүнө макул.

Sybilline компаниясынын коопсуздук боюнча кеңешчиси Жастин Крамп, “Киевдин кайыбы” легендасы маанилүү, анткени социалдык медиалар доорунда, “элге биригүү жана маани табуу үчүн баатырлар жана легендалар керек”, -дейт. (CS)