"Асманда ким үстөмдүк кылса, согушту ошол жеңет": Украинанын асманы үчүн кармаш

- Author, Джонатан Бил
- Role, Би-Би-Синин коргонуу иштери боюнча кабарчысы
Украинадагы согушта буга чейин негизги көңүл жердеги салгылашууларга бурулуп келди, бирок асмандагы артыкчылык үчүн күрөштүн мааниси да андан кем эмес. Украинанын ПВО офицери асман үчүн болгон салгылашуулар жөнүндө Би-Би-Сиге эксклюзив маек берди.
Капитан Василий Кравчук кандуу согуштун башынан бери жүрсө дагы эчтеке болбогондой жылмайып сүйлөйт. Биз аны менен базадагы видео байланыш аркылуу сүйлөштүк, анын кай жер экенин ачыктаган жок.
Жакынкы апталарда дем алууга да убакыт болбосун ал билет. Россия, Киевди алам деген аракети оңунан чыкпай калса да, азыр эми негизги күчтөрүн Донбасска топтоп, согуштун кезектеги этабын баштаган турат. Бул согушта Днепровск зениттик-ракеталык бригадасынын жоокерлеринин ойной турган ролу абдан олуттуу.
Тамтыгы кетип жыртылган зор шапалак
Украинанын асманын Россиянын чабуулунун коргоо - абдан татаал маселе. Би-Би-Сиге Украинанын башка ПВО аскери айткандай, бул чымындарды чоң-чоң жыртыктары бар шапалак менен чапкандай кеп.
"Биз бардык аба мейкиндигин жаба албай атабыз", - дейт капитан Кравчук. Айтмакчы, анын биз менен сүйлөшүп отурган фактысынын өзү да маанилүү, анткени согуштун алгачкы күндөрүндө эле көп ПВО объектилери толугу менен жарым-жартылай жок кылынбады беле.
Украин аскерлери согуштун башында оор жоготууларга учураганын көбүнчө моюнга алышпайт. Бирок ошол оор жоготууларга карабастан, бүтүн калган ПВО куралдары мурдагыдай эле эффективдүү иштеп жатат.
Oryx аскердик аналитикалык сайтындагы маалыматтарга карасак, Украина орустардын 82 учуучу аппаратын жок кылган, зыян кылган же ээлеп алган. Анын ичинде учактар, тик учактар жана дрондор бар. Украин авиациясынын жоготуулары 33 бирдикти түзөт.
Украин тараптын ийгиликтери Россия Украинанын асманын бат эле ээлеп алат деген аскердик эксперттердин шаштысын кетирип койду.
Россиянын чынында асманда чоң артыкчылыгы бар эле: Украинага караганда үч жарым эсе көп учак чыгарды. Пентагон билдиргендей, россиялык учактар күн сайын 250 согуштук учууларды аткарып, отуздай аба соккуларын жасап турду. Батыш эксперттери мурункудай эле Россия асманда толугу менен үстөмдүк кылганга бардык күчүн жумшап жатат дешет. Эскирип калган МиГ-29 истребителдер менен куралданган Украинанын армиясы Россиянын авиациясына араң туруштук берүүдө, алар күнүгө ашып кетсе ондон согуштук учууларды аткарууда.

Россиянын асманда үстөмдүгү бар экенин Украина түшүнүп турат, ошондуктан өзүнүн асманын жабууга батыш мамлекеттерин чакырып келатат.
Бирок Россиянын Донбасстагы чабуулу жаңы, бир топ татаал сыноо болгону турат.
Россиянын авиациясы башка аймакка караганда, Донбасстын үстүндө кең-кесири жүрөт болуш керек, анткени Россияга жакын жерде болуп жатпайбы,-дейт Куралдар боюнча королдук институттун илимий кызматкери Жастин Бронк.
Жеңишке ээ болуш үчүн Украинага көп деңгээлдеги коргонууга чоң, орто жана чакан алыстыктагы асмандан коргонуу каражаттары керек.
Батыш "Жер-аба" класстындагы чакан алыстыкка учуучу ракеталарды көп эле берди. АКШ эле эки миң "Стингер" жиберди. Улуу Британия дагы жогорку ылдамдыктагы Starstreak ракеталарын берди, бирок канча санда экени белгисиз.
Капитан Кравчук көчмө зениттик-ракеталык комплекстер үчүн Украина абдан ыраазы экенин белгилеп, бирок алар согуштун алдыңкы сабында гана жакшы дейт.

Сүрөттүн булагы, Reuters
КЗРК жапыс учкан аппараттарды атып түшүргөнгө эффективдүү курал, ал эми Россия болсо чоң алыстыкка уча турган канаттуу ракеталары менен бомбардировщиктерин колдонгон жатат.
"Бизге азыр орто жана чоң алыстыкка иштей турган ПВО системалары керек", - деди Кравчук Би-Би-Сиге.
Россиянын Донбасстагы чабуулунун күчөшү Украинанын абадан коргонуу системасына аябай оорчулук келтирген жатат.
Украинага коргонуу барган сайын кыйын
Салгылашуулардын очогу Украинанын чыгышына оогон менен, башка региондор мурдагыдай эле коргонууну улантууда. Биз соңку убакта Украина чыгышка асмандан коргонуу күчтөрүн кошумча жиберип жатканын көрдүк. Бирок ал ПВО системаларын бүт Донбасска берип сала албайт.
"Биз Украинанын жарымын коргоосу жок калтыра албайбыз", - дейт Кравчук.
Украина ПВО куралдарын орустардын согуштук учактарына эле эмес, канаттуу жана баллистикалык ракеталарына каршы колдонушу керек. Баарын атып түшүрүүгө болбой жатат, бирок айрым ийгиликтер бар.
Кравчуктун баамында, ал башкарган бөлүктөр Россиянын чоң алыстыкка учкан ракеталарынын 50% - 70% атып түшүрүүдө. Мисалы, жакында эле Россия Днепрди көздөй алты ракета учурда, анын төртөө жок кылынды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Пентагондун эсебинде, согуш башталгандан бери Россия 1550 ракета учурду. Россия өз кезегинде гиперүндүү ракеталарды дагы колдонуп жатканын айтууда. Украинанын асмандан коргонуу куралдары ага караандабайт, анткени алар үндөн беш эсе ылдам учат.
Ошондуктан чындыгында олуттуу аскердик жардам болбосо, Украинага орустардын аба жана ракеталык соккуларына туруштук бериши кыйындап баратат.
Чоң жана орто радиустагы ПВО куралдары Украина батыштан сураган куралдардын биринчи тизмесинде болчу, дейт батыш чалгын кызматынын жогорку өкүлү: "Алар ПВО куралдары керек деп конкреттүү эле көрсөткөн".
"Өткөн согуштар асманда ким үстөмдүк кылса, согушту ошол жеңерин көрсөттү", - дейт капитан Кравчук.

Сүрөттүн булагы, Reuters












