Украинадагы британ легионери: “Менде эч кандай иллюзия жок, өлүп калышым мүмкүн”

Эмма Варди

Би-би-си, Львов

Аджай Спенс
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аджай Спенс Ирак менен Афганистандан айырмаланып Украинада толук масштабдуу конвенциалдуу согуш болуп атат

“Мен кандайдыр бир аскердик турист эмесмин”, -дейт Аджай дароо эле. Ал азыр Киевдин жанындагы аскердик базага орношту. Аджай ирландиялык акцент менен сүйлөйт. Ал атайын Түндүк Ирландиядан келип жакында эле Украинанын борборун коргоп, оор салгылашууларга катышты.

Аджай бул жакка бир ай мурун Украинанын Дублиндеги элчилиги менен байланышкандан кийин келген. Ал жакта британ куралдуу күчтөрүнүн курамында Ирак менен Ооганстандагы согуштук тажрыйбасын айтып берип, андан Польшага, ал жактан Украинага келди.

Ал мындай чечимге орус аскери Украинага басып киргенден кийин келгендигин айтты.

“Билесизби, бул өтө эле жаман иш болду, мен аны карап туруп чыдай албадым, бул өрт өчүргүч күйүп жаткан үйдүн жанынан карап туруп өтүп кеткендей болмок”, -дейт Аджай.

Ал Украинанын чет элдик легионуна жөнөтүлгөн. Анда элүүгө жакын өлкөдөн келген ыктыярчылар бар, көбү америкалыктар менен британиялыктар.

Аджайдын дивизиясы Киевдин чет жакасында салгылашып, Буча менен Ирпиндеги эң оор салгылашууларга катышты. Украинанын чет элдик легионунун жоокерлери орус аскерин сүрүп чыгарууга жардам беришти.

 Аджайдын айтымында, ал чалгынга чыкты, чабуулдарга катышты, душмандын позицияларына сокку урду.

Куралдаш жолдоштордун өлүмү

“Кээде абдан кыйын болуп жатат,- деп мойнуна алат Аджай. - Ирактагыдан айырмаланып, бул партизандар менен кармаш эмес, бул согуштук техника менен куралданган жөө аскерлерге каршы согуш”.

Аджай фронтко келгенден көп өтпөй Грузиядан келген эки ыктыярчы анын көз алдында курман болду. Экөө тең анын бөлүмүндө кызмат өтөп жатышкан.

“Алар окко учуп курман болду: бирөө ошол жерде мерт кетти, экинчиси көп кан жоготту. Биз аны ок жаап атканда согуш талаасынан алып чыгууга аракет кылдык”.

 Бул оор тажрыйба болду. Ыктыярчылардын өмүрү найзанын учунда турган жокпу?

“Менде эч кандай иллюзия жок, - дейт Аджай. - Мен буга даярмын, мен бул жерде бир милдетти аткаруу үчүн, украин элине жардам берүү үчүн келдим. Ошондуктан биз эмне керек болсо, ошону жасайбыз”.

Аджай чет элдик легиондогу үзөңгүлөш жоокер менен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аджай чет элдик легиондогу үзөңгүлөш жоокер менен
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусиянын Украинага басып киргенде эң башында британ бийлигинин мындай ыктыярчыларга карата көз карашы өтө бүдөмүк болгон. Тышкы иштер министирлиги кимдир бирөө украин аскерине колдоо көрсөтүүнү кааласа, каршы эмес экендигин билдирди. Бирок көп өтпөй өкмөт британиялыктарды мындай сапардын опурталдуу экенин эскерткен билдирүү таратты.

 Чет элдик легиондун согушкерлери украин жоокерлери менен бирдей, айына 11-15 миң гривен (300-400 евро) алышат.

Кудай жалгап, Аджай эч кандай өзгөчө көйгөйлөргө туш болгон жок, анткени легиондо англис тилдүү согушкерлер көп. Ал эми украиндер ыктыярчыларды жылуу тосуп алышууда.

“Адамдар бизди байкап, өйдө туруп кол алышып учурашат. Менимче, алар үчүн бизди көрүү абдан маанилүү. Бүт дүйнө аларды колдоп атканын ырастоону каалашат”, - дейт Аджай.

“Украина укмуштуудай өлкө, бул жакта кыйроо болуп атканы жүрөгүмду оорутат. Мен Түндүк Ирландияда тополоң мезгилде чоңойгом, ошондуктан мындай нерселерге сезимталмын”.

Орус аскерлери Киевден чегингенден кийин Аджайдын бөлүктөрү жаңы позицияга которулат. Эми алардын алдында орус аскерин алар басып алган жерден сүрүп чыгаруу милдети турат. 

Кош бол, Белфаст

Биздин маегибизден кийин Аджай мени бир сүрөтүн көргөзүп абдан таң калтырды, анда аскердик кийимчен, бирок колунда автомат эмес, кылыч кармап турат.

 Көрсө, Аджай Түндүк Ирландияда тартылган “ Тактылар оюндары” тасмасында массовкага тартылган экен.

Бүгүн Аджай такыр башка согуш талаасында жана ал бүтмөйүнчө Украинада калууга ниеттенүүдө.

“Мен Белфасттан кеткенде батиримден ажырадым, ошондуктан бул жерде канча керек болсом, ошончо убакыт кала алам”,- дейт ал.

 Азыркы кармаштар канчага созулаарын эч ким билбейт, бирок эртеби-кечпи, ыктыярчыл согушкерлер Британияга кайтып келгенде эмне болот деген суроо туулат.

Ал эми азыркы учурда бир ай мурун түзүлгөн чет элдик легион өзүнүн жеңиштери менен сыймыктанууда жана социалдык тармак аркылуу өрт жигиттерди өзүнүн катарына чакырууда. (КС)