ОСАГО полиси: Айдоочунун жоопкерчилигин камсыздоо

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Кыргызстандык айдоочулар 1-январдан тарта “автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу” (ОСАГО) полисин каттай баштады керек. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам сегиз жыл мурун кабыл алынганы менен ал иш жүзүндө эми күчүнө кире баштады.
Азырынча милдеттүү камсыздандыруу “ыктыярдуу түрдө” катталууда. Бийлик алгач 1-апрелден тарта полиси жок айдоочуларга “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 184-беренсине ылайык үч миң сомдук айып пул салууну көздөгөн. Бирок депутаттар мыйзамдын аткарылышын жылдырууну өтүнгөндөн кийин Министрлер кабинети полисти каттоо мөөнөтүн узартты.
Айдоочулардын бир тобу кабыл алынат деген жаңы эреже, мыйзамга сын көз менен карап урган чагы. Анткени, алардын пикиринде, кырсык учурунда кенемте алуу бир топ кыйын болушу мүмкүн. Ошол эле учурда мамлекеттик органдар жана адистер ОСАГО полиси Кыргызстанга “камсыздандыруу маданиятын киргизүүгө түрткү болот” деп ишенишет.
ОСАГО деген эмне?
Кыргызстандын Камсыздандыруучулар ассоциациясынын башчысы Сабырбек Молдокулов журналисттерге курган маегинде ОСАГО полиси аркылуу “айдоочунун үчүнчү жактардын алдындагы жоопкечилиги” камсыздарндырылат деп түшүндүрдү.
“Азыр кандай болуп жатат? Кырсык болуп калса, анда бир күнөөкөр жабырлануучуларга жардам берет, экинчиси жардам бергиси келет, бирок жардам бере албайт, үчүнчүсү качып кетет. Ал эми ОСАГО бардык жабыр тарткандарга келтирилген зыяндын ордун толтурууга, жарандардын - айдоочулардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн - корголушун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мыйзамдын маңызын так түшүнүшүбүз керек”, - деди ал.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы дагы ОСАГО “жол кырсыктын кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо” максатында киргизилгенин белгиледи.

Сүрөттүн булагы, ECONOMIST
Расмий маалыматка ылайык, полистин базалык өлчөмү 1680 сом. Бирок ал унаанын түрү, кыймылдаткычтын көлөмү, жадагалса айдоочунун жаш курагы менен айдоо стажына карап өзгөрүшү мүмкүн.
“Мисалы, эң эле "элдик" автоунаалар - бул "Тойота Ист" жана "Хонда Фит". Кыймылдаткычтардын көлөмү 2000 куб см. Мындай унаанын айдоочусу, анын айдоо стажы үч жылдан ашуун жана 25 жаштан улуу болсо - камсыздандыруу полиси үчүн 1800 сом төлөйт. Ал эми тажрыйбасы азыраак, 25 жаштан жаш айдоочу жылына 2400 сом төлөйт”, - деп түшүндүрдү Саламат Нурдин уулу, “АЮ Гарант” башкармасынын төрага орун басары.
Нурдин уулу ОСАГОну коомчулукка “камсыздандыруу маданиятын” киргизүү үчүн инструмент деп эсептейт. Анткени, анын айтымында, ОСАГО полиси иштей баштаганда күмөн санаган жарандар камсыздандыруу компаниялар чын эле зыяндын ордун толтурганын көрөт.
ОСАГОну алуу үчүн унааны техникалык кароодон өткөрүү зарыл эмес. Бирок техкароодон өткөн унааларга полис үчүн 20%дык арзандатуу бар.
Камсыздандыруу компания канча чыгымды төлөй алат?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жол кырсыгынан каза болгон жабырлануучуга камсыздандыруучу компания тарабынан 300 миң сом каралган. Ал эми жабырлануучуга майыптуулуктун белгилениши үчүн төмөнкүдөй төлөнөт:
- I топтогу - 200 миң сом;
- II топтогу - 150 миң сом;
- III топтогу - 100 миң сом;
- эгерде жаш бала майып болуп калса - 200 миң сом;
- майыптуулук белгиленбестен майып болууга, жаракатка же ден соолугунун башка бузулушуна – амбулатордук жана (же) стационардык дарыланууга иш жүзүндө жумшалган чыгымдардын өлчөмүндө, бирок 100 миң сомдон ашык эмес.
Ошондой эле, жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыян үчүн – келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок ар бир жабырлануучуга 150 миң сомдон ашык эмес жана бардык жабырлануучуларга 450 миң сомдон ашык эмес кенемте каралган.
Айрым учурларда камсыздандыруу компаниянын төлөмү чыгымдарды толугу менен жаба албайт. “АЮ Гаранттын” өкүлү Саламат Нурдин уулу мындай учурда калган сумманы кырсыкка себепкер болгон айдоочу өз чөнтөгүнөн төлөйт деп билдирди.
Мунун башка жолу да бар: эгерде айдоочу “автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин ыктыярдуу камсыздандыруу” (ДСАГО) полисин алган болсо. Анда кырсыкка учураган айдоочу зыяндын ордун эки булактан - ОСАГО менен ДСАГОдон толтура алат.
“ДСАГО - бул ОСАГОго чейин болгон нерсе. Ал көбүрөөк чыгымдардын да ордун толтура алат. Дүйнөдө унаалар кымбаттаганына байланыштуу 150 миң сом [зыяндын ордун толтурууга] жетпей калышы мүмкүн [...] ДСАГОнун лимити жок - ал аркылуу унааны 5-10 миң, жадагалса миллион долларга камсыздаса болот. Биз аны чектей албайбыз”, - дейт “АО Гаранттын” адистери.
ДСАГО полисин алгандар ОСАГОну алуу милдеттенмесинен бошотулбайт. Айдоочулар ДСАГО боюнча келишимди бузууга укуктуу.
Камсыздандыруучулар ассоциациясынын башчысы Сабырбек Молдокулов “ОСАГОнун пайдасы камсыздандыруу компанияларына гана тиет” деген кептерди четке какты. Анын айтымында, компаниялар тескерисинче мындай тарифтерден чыгымга учурашы мүмкүн.
“Мисалы, Орусияда пандемияга чейинки мезгилде [камсыздандыруу] компаниялар ОСАГО секторунда 21 млрд рубль чыгымга учурашкан. Бирок унаа ээлери ОСАГОну каттаганда унаасын уурдоодон же ден соолугун камсыздандырат деп ойлошу мүмкүн. Компаниялар ушинтип пайда таба алышат [деп ойлойт]”, - деди ал.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 14 камсыздандыруу компания бар. 2022-жылдын январь-сентябрь айларында өлкө боюнча 190 миң камсыздандыруучу келишим түзүлгөн. Ал эми түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 1 трлн 70 млрд сомду түзгөн (бул суммага турак жай, ден соолук жана башка мүлктөрдү камсыздандыруу кирет).
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ОСАГО полисин 10 жеке камсыздандыруу компания жүргүзгөнүн билдирди, алар: “Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму”, “Алма Иншуренс”, “АТН Полис”, “НСК”, “Арсенал-Кыргызстан”, “АЮ Гарант”, “Мега Иншуренс Групп”, Jubilee Kyrgyzstan, “Кыргызстан” жана “А Плюс”.
Жол кырсыгы болгондо эмне кылуу керек?
“АЮ Гаранттын” өкүлү Саламат Нурдин уулу жол кырсыгы болуп, жаракат алгандар болсо биринчи кезекте тез жардам кызматын чакыруу зарыл экендигин айтты. Андан соң Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына (ЖКККБ) кабар берүү керек.
“Алар окуяны каттап, кырсык болгонун тастыктаган документ бериши керек”, - деди ал.
Андан соң камсыздандыруу компаниянын “авариялык комиссар” деген кызматкери менен байланышып, чакыруу керек. Ал эми компаниянын өзүнө билдирмени беш жумушчу күндөн кеч эмес берүү зарыл. Зыяндын өлчөмүн адатта жабырлануучу жана күнөлүү тарап өздөрү аныктайт, бирок эки жак макулдашууга келбеген учурда техникалык тейлөө станциянын (СТО) адистерин же көз карандысыз баалоочуларды тартууга болот.
Унаа айып короого алынып кеткен учурда ОСАГО полиси бар айдоочулар беш миң сом төлөөдөн бошотулат. (EB)












