Индияда суу ташкындан ондогон кишилер дайынсыз болууда

Индияда суу ташкын

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Индиянын түштүгүндөгү нөшөрлөп жааган жаан суу ташкынга айланып, бери эле дегенде 26 адамдын өмүрүн алды. Дарыялар толуп ташып, шаарчалар менен айылдарда байланыш үзгүлтүккө учурады.

Каза болгондордун арасында беш жаш бала дар бар. Көптөгөн адамдар дайынсыз болуп жаткандыктан өлгөндөрдүн саны өсүшү мүмкүн деген коркунуч бар.

Суу ташкын бир нече турак-жайды алып кеткен. Адамдар болсо Керала штатындагы Коттаям районунда камалып калды.

Аталган аймактан тартылган видеодон суу толуп калган автобустан жүргүнчүлөрдү куткарып жатканын көрүүгө болот.

Кералада бир нече күнгө созулган кара нөшөр жер көчкүгө себеп болуп, Индиянын аскерлери куткаруу иштерине тартылган.

Расмийлер жекшемби күнү билдиргендей, жүктөрдү жана кызматкерлерди жер көчкүдө калган адамдар турган аймакка жеткирүү үчүн тик учактар пайдаланылган.

Индияда суу ташкын

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кырсыктагы аянычтуу окуялардын бири - алты кишиден турган бир үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү мүрт кеткени. Алардын арасында 75 жаштагы чоң эне менен үч жаш бала да болгон. PTI маалымат агенттиги кабарлагандай, бул үй-бүлөнүн Коттаямдагы тамын суу жууп кеткен.

Коллам жана башка жээкке жакын аймактарда аман калгандарды куткаруу үчүн балыкчылардын кайыктары колдонулууда. Суу ташкын жолдорду жууп, бак-дарактарды тамыры менен алып кеткен.

Тургундар жекшемби күнү куткаруучулар тобуна кошулуп, ылай, таш, кулаган бактарды тазалоого жана аман калгандарды издөөгө көмөктөшкөн.

Штат боюнча баш калка жайлары ачылды.

Керала жергесинде кара нөшөр суу ташкынга жана жер көчкүгө алып барган учурлар көп катталат. Бул аймактагы саздак жерлер менен көлдөр бир убактарда суу ташкынга каршы коргоп келген болсо, азыр алар шаардашуу жана курулуш иштеринен улам жоголуп кеткен.

2018-жылы Кералада соңку 100 жыл ичиндеги эң чоң суу ташкын катталып, 400дөй киши каза болгон жана бир миллиондон ашуун адам турак-жайсыз калган.

Федералдык өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, ошол жылы штат аркылуу 44 дарыя агып өтүп турган жана штат суу ташкынга учурашы ыктымал 10 аймактын бирине киргизилген. (EA)