Газа: Байден эңсеген мунасага Трамп кантип жетишти?

Трамп менен Нетаньяху

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп менен Нетаньяху
    • Author, Энтони Зуркер
    • Role, Би-Би-Синин Түндүк Америкадагы кабарчысы
    • Author, Том Бейтман
    • Role, Би-Би-Синин АКШнын Мамдепартаментиндеги кабарчысы

Израил Катарда ХАМАС тобунун сүйлөшүүлөргө катышкан өкүлдөрүнө сокку урганда бул жаңжалдын кезектеги эскалациясына окшоп, тынчтык орнойт деген үмүттү өчүргөндөй болгон.

9-сентябрдагы кол салуу АКШнын өнөктөшү болгон Катардын эгемендигине кол салып, согуш жалпы чөлкөмгө жайылат деген тобокелдикти пайда кылган. Ошол маалда дипломатиялык жол толугу менен тосулгандай сезилген.

Бирок, иш жүзүндө, Катарга урулган сокку акыр соңунда бардык израилдик туткундарды бошотуу тууралуу Дональд Трамп жарыялаган макулдашууга түрткү берген негизги окуя болду.

Трамп жана ага чейинки президент Жо Байден эки жылдан бери туткундарды бошотууну талап кылып келишет.

ХАМАС менен макулдашуулар – бул узак мөөнөттүү тынчтыкка карай жасалган биринчи гана кадам. Алдыда тараптар дагы көптөгөн маанилүү маселелер, анын ичинде ХАМАСты куралсыздандыруу, Газаны башкаруу принциптери жана Израилдин аскерлерин Газадан толугу менен чыгарып кетүү сыяктуу маселелер боюнча орток пикирге келиши керек.

Бирок элдешүүнүн шарттары сакталса, бул Трамптын экинчи президенттик мөөнөтүндөгү эң чоң жетишкендиги болуп калышы ыктымал. Байден жана анын дипломатиялык командасы муну жасай алган эмес.

Трамптын ийгилигине анын башкаларга окшобогон сүйлөшүү стили, ошондой эле Израилдин жана араб дүйнөсүнүн лидерлери менен болгон жеке мамилелери көмөкчү болгондой. Ошол эле кезде көпчүлүк башка дипломатиялык жетишкендиктер сыяктуу эле, Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун көзөмөлүнөн тышкаркы болгон башка маанилүү факторлор да роль ойноду.

Байденде болбогон жакын мамилелер

Эл алдына чыкканда Трамп менен Нетаньяху толук тил табыша алганын көрсөтүп жатышты.

АКШ президенти Израилдин андан башка жакшы досу жок экенин кайра-кайра кайталаса, Нетаньяху болсо, Трампка "Ак үйдүн тарыхындагы эң жакын өнөктөшү" деген баасын берген.

Бул жылуу сөздөр конкреттүү иштер менен да тастыкталды.

Биринчи президенттик мөөнөтүндө Трамп АКШнын Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүргөн жана Иордандын Батыш жээгиндеги израилдик конуштар мыйзамсыз деген Американын көптөн бери калыптанып калган позициясынан алыстады (бул конуштар эл аралык укуктун көз карашынан алып караганда да мыйзамга каршы келет).

Ушул жылдын июнь айында Израил Иранды аткылай баштаганда Трамп америкалык учактарга Ирандын уранды байытуу объектилерин бомбалоого буйрук берген, болгондо да өтө кубаттуу бомбалар колдонулган.

Израилдиктер макулдашууга кол коюлганы тууралуу кабарларды кубатташты

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдиктер макулдашууга кол коюлганы тууралуу кабарларды кубатташты
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Израилди колдоо максатында жасалган мындай кадамдар АКШ президентине Нетаньяхуга көшөгө артында көбүрөөк басым жасоого мүмкүндүк берген болушу ыктымал. Айрым маалыматтарга караганда, 2024-жылдын аягында Трамптын чабарманы Стив Уиткофф барымтадагылардын бир бөлүгүн бошотуу максатында Израилдин премьер-министрин убактылуу ок атышпоо тууралуу макулдашууну кабыл алууга мажбурлаган.

Ал эми ушул жылдын июль айында Израил сириялык аскерлерге абадан сокку урганда, башкалар менен катар христиан чиркөөсүнө да зыян келтиргенде, Нетаньяху Трамптын басымы алдында тактикасын өзгөрткөн.

Карнеги фондунун өкүлү Аарон Дэвид Миллердин айтымында, Трамптын Нетаньяхуга жасаган кысымын болуп көрбөгөндөй деп бааласа болот.

"Тарыхта Американын президенти Израилдин премьер-министрине "же айтканымдай болот же андан да жаман болот" деп түз айткан учурлар болгон эмес",-дейт ал.

Байдендин Нетаньяху өкмөтү менен мамилеси анчалык бекем эмес болчу. Вашингтон Израилди ачык колдогону менен ХАМАСка каршы согушта анын аракеттерин ооздуктоого аракет кылып келген.

Бул позициянын өзөгүндө Байдендин дээрлик 50 жылдык саясий карьерасында Израилге көрсөткөн колдоосу, ошондой эле Газадагы согушка байланыштуу демократтардын ортосундагы курч пикир келишпестиктер жатат. Байдендин ар бир кадамы анын ички саясий позициясына коркунуч келтирген чакта, Трамптын республикачыл тарапкерлери президентке маневр жасоого көбүрөөк мүмкүнчүлүк берген эле.

Акыр соңунда америкалык саясаттын маселелери жана өз ара жеке мамилелердеги өзгөчөлүктөр Байдендин президенттиги учурунда "Израил тынчтыкка али даяр эмес" деген жөнөкөй фактыдан анча маанилүү эмес болуп чыкты.

Трамп экинчи мөөнөтүнө киришкенден кийинки абал таптакыр башкача болчу: Иран жазасын алды, Ливандын "Хезболласы" бир топ алсырап калды, ал эми Газа тилкеси урандыга айланды. Башкача айтканда, Израилдин бардык негизги стратегиялык максаттары аткарылып калган эле.

Трамптын бизнес байланыштары Перс булуңундагы өлкөлөрдүн колдоосун алууга салым кошту

Израилдин Дохага ракеталык чабуулунан ХАМАСтын өзөктүк адамдары эмес, Катардын жарандары каза тапканда бул Трампты Нетаньяхуга ультиматум коюуга мажбурлады: согушту токтотууга убакыт келди.

Буга чейин Трамп Израилге Газа тилкесинде салыштырмалуу эркиндик берген эле. Ал Израилдин Иранга каршы өнөктүгүнө жардам берүү үчүн Американын кубаттуу аскердик машинасын ишке киргизүүгө буйрук берген. Бирок Катардын аймагына урулган сокку кырдаалды өзгөртүп, "согушту кантип токтотсо болот?" деген суроодо Трампты араб мамлекеттеринин позициясына жакындатты.

Трамптын администрациясынын бир нече аткаминери CBS телеканалына Катарга кол салуу АКШ президентин тынчтык келишимине жетишүү үчүн мүмкүн болушунча кысым көрсөтүүгө мажбурлаган бурулуш учур болуп калганын айтышты.

Дохага сокку урулгандан кийин Катарда араб мамлекеттеринин чукул саммити өттү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дохага сокку урулгандан кийин Катарда араб мамлекеттеринин чукул саммити өттү

Трамп Перс булуңундагы мамлекеттер менен тыгыз байланышта экени белгилүү. Ал Катар жана Бириккен Араб Эмираттары менен бизнес жүргүзөт. Трамп эки президенттик мөөнөтүн тең Сауд Арабиясына мамлекеттик сапар менен баштаган. Бул жылы да ал Доха менен Абу-Дабиге токтоду.

Трамптын көмөгү менен кол коюлган "Авраам макулдашуусу" Израилдин бир нече мусулман мамлекеттери, анын ичинде БАЭ менен мамилесин жөнгө салды – бул Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө ири дипломатиялык жетишкендик болуп калды.

Эл аралык мамилелер боюнча кеңештин кызматкери Эд Хусейндин айтымында, Трамптын жакында эле Араб жарым аралына сапарлары анын жаңжалга көз карашын өзгөртүүгө жардам берди. Жакынкы Чыгышка сапарында ал Израилге барган эмес, бирок ошол эле маалда БАЭге, Сауд Арабиясына жана Катарга барып, согушту токтотуу чакырыктарын тынымсыз угуп турган.

Израилдин Дохага чабуулунан бир ай өткөндөн кийин эле Трамп кечирим сураш үчүн Катарга телефон чалганда Нетаньяхунун жанында отурган. Ошол эле күнү Израилдин лидери Газага тиешелүү 20 пункттан турган тынчтык планына кол койгон. Бул документти чөлкөмдөгү негизги мусулман мамлекеттери жактырышкан.

Трамптын Нетаньяху менен мамилеси Ак үйгө Израилге басым жасоого мүмкүндүк берсе, анын ислам мамлекеттеринин лидерлери менен байланышы алардын колдоосуна алууга жардам бергендей, ал эми алар болсо өз кезегинде ХАМАСты макулдашууга кол коюуга көндүрүштү.

"Президент Трампта израилдиктерге жана кыйыр түрдө ХАМАСка басым жасоо рычагы бар болгону анык", - деп эсептейт Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) кызматкери Жон Альтерман. - "Бул көп нерсени өзгөрттү. Ал өзү каалагандай жасай берет жана жаңжалдын катышуучуларынын каалоолоруна көнбөйт. Буга чейинки көптөгөн президенттер муну жасай алышкан эмес, бирок ал муну салыштырмалуу натыйжалуу жасап жатат".

"Трамптын израилдиктер арасында Нетаньяхуга караганда алда канча популярдуу экендиги дагы бир маанилүү рычаг болуп калды", - деп кошумчалайт эксперт.

Натыйжада Израил түрмөлөрдөн миңден ашуун палестиналыкты бошотууга жана Газадан аскерлерин жарым-жартылай чыгарып кетүүгө көндү. Ошол эле кезде ХАМАС барымтада кармалгандарды бошотуп, өлгөн туткундардын сөөктөрүн кайтарып берет. Бул адамдардын баары 7-октябрда Израилге кол салуу учурунда барымтага алынышкан. Эки жыл мурдагы кол салууда 1200дөн ашуун израилдик өлгөн.

Эми 67 миңден ашуун палестиналыктын өмүрүн алып, Газа тилкесин жер менен жексен кылган согуш соңуна чыгат деген үмүт оту жанды.

Европа да Израилге кысым жасады

раилдин Газадагы аракеттерин дүйнө жүзү кескин айыптаганы да Трамптын позициясына таасирин тийгизди. Газадагы кыйроолордун жана гуманитардык кырсыктын масштабы буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлде.

Израил армиясы палестиналыктарга азык-түлүк жеткирүүнү өз көзөмөлүнө алып, Газа шаарына коюлчу чабуулдардын планын жарыялап жатканда, Франциянын президенти Эммануэль Макрон баштаган бир нече ири европалык мамлекеттер Израилди эч кандай шартсыз колдоодон баш тартышты.

Газанын тургундары тынчтык келишими жарыялангандан кийин

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газанын тургундары тынчтык планы жарыялангандан кийин

АКШ менен анын европалык союздаштарынын ортосунда Израил-Палестина жаңжалынын келечегин талкуулап жатканда чындап эле тарыхый ажырым пайда болду.

Трамптын администрациясы Францияны Палестина мамлекетин таануу чечими үчүн сынга алды. Кийинчерээк Улуу Британия да Палестинаны тааныды. Лондон менен Париж эки эл үчүн эки мамлекет идеясын жандандырууга аракет кылышты, ошол эле учурда жаңжалдын эки катышуучусуна тең экстремисттердин таасирин азайтууга жана дипломатиялык процессти кайра баштоого умтулушту.

Газанын узак мөөнөттүү келечегин талкуулоонун натыйжасында Трамп евро-араб альянсы менен Израилдин ашынган оңчул жана улутчул күчтөрүнүн позициясынын ортосунда тандоого аргасыз болду. Ал Перс булуңундагы досторунун пайдасына тандоо жасады.

Француз-Саудия тынчтык планы ХАМАСтын 7-октябрдагы Израилге чабуулун кескин айыптап, топту Газа тилкесиндеги бийликтен баш тартууга, курал-жарактарын Палестинанын бийлигине өткөрүп берүүгө чакырган.

Араб жана Европа өлкөлөрү үчүн бул дипломатиялык жеңиш болуп калды. Трамптын 20 пункттан турган планы бир нече маанилүү чөйрөдө француз-сауд демилгесине шайкеш келет. Планда келечектеги Палестинанын "мамлекеттүүлүгү" жөнүндө сөз болгону менен ал көптөгөн шарттардан улам бүдөмүк сүрөттөлгөн.

Трамп бир эле учурда Түркиядан, Катардан жана Египеттен ХАМАСка кысым көрсөтүүнү өтүнүп, Нетаньяхуну согушту токтотууга ар кандай жолдор менен ынандырды.

Трампка эч ким "жок" деп айта албай турганы белгилүү болду.

Туңгуюктан чыгууга Трамптын өзгөчө стили жардам берди

Трамптын башкаларга окшобогон ыкмасы ушул кезге чейин көптөрдү нес кылып келет. Адегенде ал маектешин сөздөр менен таң калтырып, андан кийин бара-бара салттуу ыкмаларга өтөт.

Биринчи президенттик мөөнөтүндө ал КЭДР лидерин кемсинтип, аны "ракета адам" деп атап, Пхеньянга "от менен каарды" убада кылган. Көптөр АКШ Түндүк Корея менен согуша баштайт деп кооптонуп жаткан, бирок натыйжада Трамп Ким Чен Ын менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ак үйдөгү экинчи мөөнөтүн Трамп палестиналыктарга Газа тилкесинен чыгып кетип, бул аймакты эл аралык деңиз жээгиндеги курортко айландыруу өңдүү чуулгандуу сунуш менен баштаган.

Мындай сунушту уккан дүйнө жүзүндөгү мусулман өлкөлөрүнүн лидерлеринин нааразылыгына чек жок эле. Жакынкы Чыгыш менен алектенген тажрыйбалуу дипломаттар эмне деп айтаарын билбей калышкан.

Бирок Трамптын 20 пункттан турган планы Байден сунуштаган жана АКШнын союздаштары көптөн бери жактырып келаткан макулдашуудан анча деле айырмаланбайт.

Салттуу жыйынтыкка жетүү үчүн Трамп таптакыр салттуу эмес жолду тандап алды. Бул процесс кыйла башаламан болду. Ал Американын мыкты университеттеринде дипломаттарга үйрөтүлгөн принциптерден өтө айырмаланат. Бирок, канткен күндө да ушул тапта Трамптын ыкмасы өзүнүн натыйжалуулугун далилдей алды.

Макала Кайла Эпштейндин көмөгү менен жазылды. (ZMa)