Баткен: үй-жайы тажик тарапка өткөн тургундар 1-ноябрда көчүрүлө баштайт

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер кабарчысы
Баткен облусунун жергиликтүү бийлиги тажик тарап менен алмашыла турган конуштардын тургундарын 1-ноябрга карата көчүрүүнү пландап жатат. Ушул тапта алар үчүн жаңы үйлөр салынып бүтүп калды. Бул арада алмаша турган объектилер да такталууда. Баткен облусунда 259 турак үйгө, Тажикстандын Согди облусунан 214 турак үйгө акт түзүлдү. Жергиликтүү тургундар көчүүгө даяр экенин, бирок кенемте маселесинин тезирээк чечилишин күтүп жатышканын билдиришүүдө.
"Эрте бышкан гилас, өрүк, алма, жүзүм бактарыбыз бар эле. Баарын таштайбыз. Мейли эми, бизге азыр тынчтык эле керек", - деген Чынар Салимбекова жаңы салынып жаткан үйлөрдүн бирине көчүүгө камданып, айлана-тегерегин иреттеп жаткан тургундардын бири. Ал Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Максат айылында жашайт. Чынар кыргыз-тажик чек ара жаңжалынын кесепетин далай тартканын айтат. Эми бейпилдик орноп, жаңы конушубуз түбөлүктүү болсо экен деп тилейт:
"Биздин үйүбүз эки жолу күйүп кеткен. Биринчи жолу 2021-жылдагы жаңжалда өрттөнгөн. Кийин Түркия өкмөтү үй салып берди эле. Ал 2022-жылдагы жаңжалда жараксыз болуп калды. Анын ордуна мамлекет кайра үй куруп, ошондо жашап жатабыз. Бирок чек араны тактаганда биз жашаган жер тажик тарапка өтүп кетти. Эми төртүнчү үйүбүзгө көчөбүз. Жаңы турак жайлар ушул эле айылда – чек ара бекетинин жанында салынууда. Азыр эки жагыбызды жыйнап, даярдык көрүп жатабыз. Короо-жай, бак-дарак – баары калат. Тажик тарап келип, баарын сүрөткө тартып, акт түзүп кетти. Бактарыбыз жаңы түшүмгө кирип, мөмөсүн сатып, пайда көрө баштадык эле. Компенсация беребиз деп жатышат, бирок суммасын билбейм. Көрөбүз го. Башкысы заманыбыз тынч болсун, азыр бизге ошол эле маанилүү болуп турат".
"Бардык шарты бар үйлөр салынып жатат"

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
Кулунду айыл аймагынын башчысы Мухтар Абдухамидовдун айтымында, Лейлек району боюнча Раззаков айлында 60, Максат айылында 16 үй салынып жатат.
"Кудай буюрса, ноябрдын башы менен жалпысынан 300дөй кишиден турган 76 үй-бүлө жаңы тамдарга көчүп кирешет. Бардык иш өз нугунда жүрүп жатат. Үй кирпичтен салынууда. Жылытуу системасы бар, көмүр жагышат. Үйлөр үч бөлмөдөн, ашканадан жана жуунчу жайдан турат. Жалпысынан алганда 110 чарчы метр", - деди Мухтар Абдухамидов.
Бул арада ушундай эле үйлөр Баткен районундагы Жаңы Достук айылында да курулуп жатат. Алардын жалпы саны – 181. Облустук администрациядан кабарлагандай, бул жерге негизинен Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундары жайгашат. Ушул эле конушка Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым тургундары да көчүрүлөт.
Ошентип, жалпы облус боюнча 257 турак жай салынып жатат. Аларды 20-октябрга чейин толук бүткөрүү, жашоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү тапшырмасы берилген.
"Жаңы Достук март айында башталып, бүтөр мезгилине келип калды. Азыр дубалдары тосулуп, иче турган сууну ар бир үйгө улаштырып жатышат, 10-15 күндө бүтүшөт. Жашоочулар ыраазы боло тургандай, сапаттуу, бардык шарты менен салынып жатат. Электр зымдары тартылган. Асфальт төшөлөт. Эл негизи жакшы кабыл алууда", – дейт Достук айылынын тургуну, тургундарды Жаңы Достук айылына жайгаштыруу боюнча коомдук комиссиянын төрагасы Жамалидин Абдиллаев.
Үйлөр чүчү кулак менен бөлүштүрүлөт
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Облус бийлиги үй-жайы тажик тарапка өтө турган тургундарды 1-ноябрга карата көчүрүүнү пландоодо. Үйлөр чүчү кулак аркылуу бөлүштүрүлөт. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова азыр түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди:
"Элдин пикири ар түрдүү. "Алыска көчпөйбүз, алмашылган жер болсо, ушул жакта эле калабыз" дегендер бар. Аларга коңшу тажик айылдарынан өткөн үйлөр берилиши мүмкүн. Айрымдары "жок, биз жаны курулуп жаткан үйлөргө барабыз" дейт. Ар биринин каалоосун эске алууга аракет жасайбыз. Азыр биз буюм-тайымынарды гана алгыла, үйлөрдү кайра башка адамдар кирип жашай алгыдай абалда таштап кеткиле деп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз".
Азырынча 45 үй кыргыз тарапка, 17 үй тажик тарапка толук өттү.
Жалпысынан Баткен облусунан 259 турак үйгө, ал эми Тажикстандын Согди облусунан 214 турак үйгө акт түзүлгөн.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу миң чакырымга чукулдайт. Чек аранын дээрлик жарымы 2011-жылга чейин такталган. Калган бөлүктөрү боюнча тараптар узакка чейин мунаса таба албай келгени белгилүү. Натыйжада чек аралаш аймактарда суу, жайыт, жер жана жол талаштардан улам чек ара чатактары чыгып келди. 2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын сентябрь айында эки тараптан тең ондогон адамдардын өмүрүн алган куралдуу кагылышуулар катталган.
Андан бери чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр утур-утур өтүп, быйыл 13-мартта Бишкек шаарында эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюлган. Ага ылайык, тараптар талаштуу аймактар боюнча толук мунаса таап, эки өлкө алмаша турган аймактар такталган.











