Кантип Түштүк Азия массажы балаңыздын ден соолугун чыңдап, керек болсо анын өмүрүн да сактап кала алат?

Камала Тьягараджан, BBC Future

Түштүк Азияда массаж жаш балдарга кылымдар бою жасалып келген. Учурда илимпоздор кээде мындай массаж баланын өмүрүн сактап каларын аныкташты.

Бул окуя Индиянын түштүгүндөгү Бангалор шаарында болгон. Октябрдын салкын кечинде Рену Саксена жаңы төрөлгөн кызын ооруканадан алып келип, анын канчалык назик экенине таң калган.

Кыз мөөнөтүнөн мурда, кош бойлуулуктун 36 жумасынан кийин төрөлгөн жана салмагы 2,4 килограмм гана болгон. Анын жука терисинин астынан тамырлары ичке жиптер сыяктуу көрүнүп турган.

Туугандары Саксенага дароо Индиянын эски ыкмасын, күнүмдүк бекемдөөчү массажды, колдонууну сунушташкан. Ошол эле учурда, дарыгерлер этияттык кылып, бала салмак кошконго чейин күтүүнү сунушташат.

Саксена компромисстик чечим кабыл алып, массаждык процедуралардын башталышын эки жумага жылдырат. Бул убакыттын ичинде наристе 200 граммга жетпеген салмак кошуп, начар уктап жатты.

Саксена ымыркайлар үчүн салттуу массажды үйрөнүү үчүн тажрыйбалуу медайымга кайрылгандан кийин гана баары жакшыра баштаган. Кыз жакшы уктап, салмак кошот.

Мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Саксенанын тажрыйбасы Түштүк Азиянын массажынын балдарга, анын ичинде ара төрөлгөн ымыркайларга да пайдасын тийгизген далилдер менен бекемделет. 

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, майлап массаж кылуу туура жасалганда, өсүүнү тездетет, организмдин бактериялык инфекцияларга туруктуулугун жогорулатат жана жаңы төрөлгөн балдардын өлүмүн жалпысынан эки эсе азайтат.

Буга кызыккан ата-энелер, албетте, дарыгерге кайрылып, бул ыкма өз баласына туура келеби, жокпу билип алышы керек.

Ата-бабаларынан калган адаттарды сактап жүргөн үй-бүлөлөр үчүн бул жаңылык эмес, окумуштуулардын маалыматтары алардын тажрыйбасын гана тастыктайт.

Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатында туулган Саксена мурда жарнама адиси болуп иштеген. Бул штат төрөлгөндөн кийин эле балага да, энеге да массаж жасоо салты менен белгилүү. Бул салтты анын көп сандагы туугандары муундан муунга өткөрүп келишкен.

“Биз бала кезде апам массаждын аркасы менен мени, үчүнчү баласын төрөгөндөн кийин бат айыгып кеткенин жана менин да сонун чоңойгонумду айтып берчү. Анткени ооруканадан кайтып келгенден тарта, биринчи күндөн баштап мага дагы массаж жасай башташкан экен”, – дейт Саксена.

Медайым ага тазаланган кокос жана бадам майын кезеги менен кантип ысытуу керек экенин, аны кызынын терисине кантип этияттык менен сүйкөп, жарым сааттык массаж жасап, анан жылуу ваннага кантип түшүрүү керек экенин көрсөтүп берген. 

"Биз баланын курсагын акырындан, ага жүрөкчөлөрдү тартып жаткандай кылып сылай баштадык, андан кийин дененин башка бөлүктөрүнө өттүк. Мен этияттык менен кызымдын муундарына көнүгүү жасап, газдары жеңил чыгуусу үчүн анын буттарын маңдайына тийгизе көтөрдүм", – дейт Саксена.

Окумуштуулардын айтымында, ымыркай кездеги массаждын пайдасы чоңойгондо да сакталат.

Стэнфорд университетинин неонаталдык жана өнүктүрүү медицинасынын профессору Гари Дармштадт: “Тери – адам денесиндеги эң чоң орган, бирок биз көбүнчө ден соолук үчүн ага кам көрүүнүн маанисин баалабайбыз”, – дейт.

Бангладешке жана Индияга болгон саякатында ал апалар менен чоң энелердин жаңы төрөлгөн ымыркайларга массаж кылуу үстүндө көп убакыт өткөрүшкөнүн көргөн. “Массаж ал жакта кылымдар бою жасалып келгенин билгенден кийин, кызыгуум артып, бул теманы изилдей баштадым”, – дейт профессор.

Бангладештеги клиникада күн сайын укалоодон өткөн 497 ара төрөлгөн ымыркайга жүргүзүлгөн изилдөөдө бул ыкма кээде алардын өмүрүн сактап кала аларын Дармштадт жана анын кесиптештери 2008-жылы жарык көргөн илимий эмгегинде көрсөткөн.

“Алар үчүн инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу 40%, ал эми өлүм ыктымалдыгы 25-50% азайды, бул аз эмес көрсөткүч”, – дейт ал.

Ар кандай сыноолор аркылуу окумуштуулар тобу үзгүлтүксүз массаж баланын организминде микробиоманын (адамда жашаган бардык микроорганизмдердин жыйындысы) пайда болушуна өбөлгө түзөрүн аныкташкан. Микробиома иммундук системаны чыңдоодо негизги ролду ойнойт, инфекцияларга каршы эффективдүү коргонуу болуп саналат.

Профессор Дармштадт: "Майлоо менен массаж алган аз салмактагы ымыркайларда көбүрөөк ар түрдүү микробиома пайда болгон. Майлар теринин коргоочу функциясын жогорулатып, өмүргө коркунуч туудурган бактериялардын канга өтүшүн кыйындаткан", – дейт.

Бул натыйжалар ара төрөлгөн балдарга кам көрүү үчүн өзгөчө маанилүү. "Алардын териси талаптагыдай иштебейт. Териси аркылуу нымдуулук жоголот. Суу организмден бат чыгып, аны менен бирге жылуулук да чыгып кетет. Мындай ымыркайлар гипотермияга дуушар болушат жана дене табы белгилүү бир деңгээлден төмөн түшкөндө, бул өлүмгө алып келиши мүмкүн", – деп түшүндүрөт окумуштуу.

"Бала гипотермия менен күрөшүүгө көп энергия коротот, антпесе бул энергия анын өсүшүнө жана дененин башка функцияларына кетмек", – деп баса белгилейт профессор.

Гари Дармштадт жана анын кесиптештери басып чыгарууга даярдап жаткан жаңы эмгекте Уттар-Прадеш штатында ара төрөлгөн жана нормалдуу өнүгүп келе жаткан 26 миң ымыркайдын үстүнөн болгон байкоолору жалпыланып берилген.

Алардын жарымы күн карама майы, жарымы горчица майы менен массаж алышкан. Экөө тең баланын өнүгүүсүнүн жакшырганын көрсөттү.

"Кадимки салмактагы ымыркайларда массаждын өлүмдүн деңгээлине тийгизген таасири жокко эсе, ал эми салмагы 1,5 килограммга чейинки ымыркайларда өлүм 52% төмөндөйт", – дейт профессор Дармштадт.

Башка изилдөөчүлөр да ушундай жыйынтыкка келишкен. Изилдөөлөрдүн биринде массаж мээден курсакка чейинки парасимпатикалык (вагус) нервди стимулдаштырат. Вагус тамакты аш кылууну жана сиңирүүнү жакшыртат жана балага тезирээк салмак кошууга жардам берет, дененин жакшы эс алуусуна шарт түзөт жана жүрөктүн бир калыпта иштешин камсыздайт.

Күн сайын баланын курсагын сылоо, ооруну жана стрессти азайтат, бул ооруканаларда узак айларды жалгыз өткөргөн ара төрөлгөн ымыркайлар үчүн өзгөчө маанилүү.

Ушул темага адистешкен Майами университетинин педиатрия, психология жана психиатрия боюнча профессору Тиффани Филд: “Биз ата-энелер ымыркайлары төрөлгөндөн тарта эле аларга массаж жасай башташы керек деп эсептейбиз”, – дейт.

Филд бир катар өлкөлөрдөн эрте төрөлгөн ымыркайларга массаж жасоо боюнча алынган маалыматтарды изилдеп, эми массаж практикасын пропагандалап, туура массаж кылуу техникасынын өтө маанилүү экенин дайыма эскертет.

"Терини кыймылдатып, орточо күч менен басуу керек. Өтө жумшак сылоо кытыгысын келтирет, бул балдарга жакпайт жана андайдын дарылык таасири жок", – дейт Тиффани Филд.

Дармштадт бул иште аша чаппоо керек экенин эскертет. "Айрыкча, ара төрөлгөн ымыркайлардын денесин өтө катуу сүртпөө керек. Бул теринин тосмосун бузуп, зыян келтириши мүмкүн", – дейт ал.

Майды да кылдаттык менен тандап алып колдонуу керек, бул жерде салт дайыма эле мыкты мугалим боло бербейт. 2013-жылы Түштүк Индиядагы 194 балага жүргүзүлгөн изилдөө, апасы массаж жасаган дээрлик бардык учурларда ымыркайлардын көзүн жана кулагын майлаганы аныкталган. Окумуштуулар мындай кылуу инфекция жугузууга алып келиши мүмкүн экенин эскертишет.

Мангалордогу Кастурба Ганди (Махатма Гандинин аялы) медициналык коллежинин профессору Нитин Жозеф: "Мындайдын алдын алуу жана туура ыкмаларды ишке ашыруу үчүн бизге маалымдоо кампаниясы керек", – дейт.

Гари Дармштадт жана анын кесиптеши, Калифорния университетинин дерматология профессору Питер Элиас тарабынан алынган маалыматтарга ылайык, эң пайдалуу майлар күн карама, кокос жана кунжут майлары болуп саналат.

"Бул майлардын курамында адам организми өзү өндүрбөй, бирок сырттан алган пайдалуу зат болгон линол кислотасы көп, – деп түшүндүрөт Дармштадт. – Териде май кислоталарын сиңирүүчү рецепторлор бар, алар май кислоталарын организмге сиңирип, иммундук системаны бекемдейт".

Ал ошол эле учурда, горчица майы Уттар-Прадеште кеңири колдонулат, бул май сезгенүүнү пайда кылып, териге зыян келтириши мүмкүн дейт.

Индиянын чоң үй-бүлөлөрүндө балага массаж жасоо муундардын ортосундагы байланыш дагы болуп саналат.

Индиянын батышындагы Пуна шаарынын тургуну жазуучу Пранджади Бхонде 14 айлык уулу Самарга күнүнө эки жолу массаж жасайт. Алгачкы төрт айда ага апасы жардам берип, экөө тең бул иштен рахат алышкан.

Эми уулу чоңоюп калгандыктан, жаш апа массаж учурунда баласы аны карап турганын жакшы көрөт, ал ырларды ырдап да, окуп да берет. "Массаж кылуу анын уйкусун жакшыртат жана терисин бекемдейт, бирок биз үчүн бул дагы кошумча руханий байланыш", – дейт ал.

Май менен массаж кылуу карылар үчүн да пайдалуу, анткени жаш өткөн сайын тери морт жана аялуу болуп, жарылып, микробдор кириши мүмкүн, май аны жашартат, дейт Гари Дармштадт.

Үй-бүлөлүк салтты улантуу Рену Саксенанын кызына гана эмес, өзүнө да жардам берген. Биринчи баласын 40 жашында төрөгөндөн кийин ал кант диабети менен ооруп, үчүнчү баласын пландуу кесарево жолу менен төрөгөн.

“Массаждан кийин кызым төрт саат бою ойгонбой уктап (мурда мындай болгон эмес) эс алып, мен дагы эс алып калдым. Тез-тез массаж жасап туруу баланын ден соолугун чыңдап, аны бактылуу кылганы кандай таң калыштуу!” – дейт ал, кызына биринчи массаж кандай жакканын эскерип. (DO)

Бул макаланын мазмуну жалпы маалымат үчүн гана жана кесиптик медициналык консультацияларды жана жардамдын ордун басууга багытталган эмес. Би-Би-Си ымыркайдын массажына кызыккан ар бир адамга ар кандай кесепеттерден оолак болуу үчүн алгач адис менен кеңешүүнү сунуштайт.

Би-Би-Си бул макаланы изилдөөлөрдүн натыйжасында коюлган диагноздор жана аракеттер үчүн, ошондой эл макалада шилтемелери берилген башка сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес жана өнүмдөрдү жана кызматтарды коммерциялык жактан жарнамалоого катышпайт. Эгерде сиз өзүңүздүн ден соолугуңузга же балаңыздын ден соолугуна тынчсызданып жатсаңыз, ар дайым дарыгериңизге кайрылыңыз.