Нигерияда мектеп-интернаттан уурдалган 300 окуучу кыз

Нигериянын түндүк-батышындагы мектеп-интернатынан 300 окуучу кыз уурдалды. Кыздарды токойду көздөй алып кирип кетишкен деди полиция.

Кылмыштуу топтор акча өндүрүү үчүн кишилерди уурдап кеткен көрүнүш өлкөдө кеңири жайылган. Президент Мухаммад Бухари коргоосуз окуучу кыздарга кол салуунун "адамгерчиликтен чыккан көрүнүш" атап, негизги максатыбыз кыздарды аман-эсен куткарып алуу деди.

Кыздарды бошотуп алуу үчүн күч-аракеттин баары жумшалат деди президент. Бирок ошол эле маалда кыздарды кылмыштуу топ "тирүү калкан" катары колдонушу мүмкүн деген кооптонуу бар.

Өткөн аптада коңшулаш Нигер штатынан кеминде 42 киши уурдалып, 27си окуучулар экени айтылган эле. Алар ошондон бери бошотула элек.

2014-жылы "Боко Харам" экстремисттик тобу Нигериянын түндүк-чыгышынан 276 окуучуну уурдап кетип, барымтага алган. Бул радикалдуу диний топ светтик билим берүүгө каршы чыгып, топтун мүчөлөрү билим берүү мекемелерине кол салган учурлары бар. Бирок бул жолку кол салууга алардын тиешеси жок. Буга куралдуу кылмыш топторунун катыштыгы болушу мүмкүн деп айтылууда.

Кол салуу жума күнү түн жарымында болгон. Жергиликтүү маалымат каражаттарына күбөлөрдүн бири кол салгандар мектепке пикап жана мотоцикл менен келгенин, куралчан жана айрымдары мамлекеттик коопсуздук кызматынын униформасын кийип алганын айтып берген.

Башка күбөлөр куралдуу топ жөө эле келгенин, алар жүздөй киши экенинин айтууда.

"Мектептин дарбазасын талкалап, күзөтчүнү атып салышты. Жатаканага бастырып кирип барып, кыздарды ойготушуп, кудайга табынуунун убактысы келгенин айтышты. Кыздар коркуп ыйлашты. Анан баарын чогултуп туруп, токойду көздөй алып кетишти. Кетип баратып асманга ок чыгарышты",-деди Би-Би-Сиге күбөлөрдүн бири.

Нес болгон ата-энелер мектептин алдына чогулду. Айрымдары кыздарын табуу үчүн дароо жунгли токоюна жөнөп кеткен. Мугалимдердин бири 421 окуучунун элүү беши гана мектепте калганын билдирди.

Кыздарды издөө үчүн аймакка аскер жана полиция бөлүктөрү жөнөп кетти.

ЮНИСЕФ Нигерияда окуучулардын массалык түрдө кайрадан уурдалышына кабатыр экенин билдирди.

Кылмыштын артында ким турат?

Азырынча бир дагы топ жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Нигерияда куралдуу топтор акча өндүрүү максатында кишилерди уурдап кеткен учурлар көп. Маселен, өткөн декабрь айында Кацина штатында 300 окуучу бала уурдалган.

Бул кылмыштын артында экстремисттик "Боко Харам" тобу турат деген имиштер дагы айтылган. Бирок кийин "Боко Харамдын" тиешеси жок экени тастыкталды.

Эмнеге Нигерияда окуучулар уурдалат?

Анализ, Мэйони Жонс

Нигериянын түндүгүндө окуучулар уурдалганда дароо "Боко Харам" тобунун Чибоктогу кыздардын уурдалышы эске келет. Мындай кол салуулар ага чейин дагы болуп келген. Бирок "Чибок кыздарынын" үрөй учурган окуясы дүйнөлүк жаңылыктардын баш сабына чыккан.

Андан кийинки #BringBackOurGirls ("Кыздарыбызды артка алып келгиле") аттуу дүйнөлүк өнөктүк аркылуу куралчан топтор өкмөткө кысым жасай алышты. Окуучулардын массалык уурдалышы аркылуу куралчан топтор бийликтен каражат талап кылууга жетишкени айтылган. Бирок Нигериянын өкмөтү бул маалыматты четке кагып келет.

Нигерия бийлигинин окуучулардын уурдалышын алдын алууда эч кандай стратегиясы жок окшойт. Айрым штаттар кылмышкерлер окуучуларды өз ыктыяры менен жеткирип берсе мунапыс жана каржылык колдоо аларын жарыялады. Бул талаштуу стратегия болгону менен, ал 2009-жылы натыйжалуу иштеген. Ошол жылдары куралчан топтордун бир нече мүчөсү мунапыс алып, өлкөдө кылмыштуулук кыскарган.

Борбордук бийлик кылмышкерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрбөйбүз деп маалымдады. Бирок элет жериндеги мектептерде коопсуздукту күчөтүү үчүн кошумча чара сунушталган жок.