You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
БУУ: балдарды коргой албай жатабыз
Жаңы заманда балдар үчүн жаңы коркунучтар пайда болду. Алар климаттын өзгөрүүсү, миграция, узакка созулган конфликттер жана интернеттин терс таасири. Бул ЮНИСЕФтин акыркы докладында айтылат.
Ал тапта бул уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү балдарды зомбулуктан куткарууга көңүл буруп жатат.
БУУ тараткан маалыматка ылайык, отуз жыл аралыгында дүйнө балдардын өлүмүн 60 пайызга азайта алды. Бирок миллиондогон балдар дале жакырчылыкта жашайт, мектепке бара албай жатат жана зомбулукка кабылууда.
Жылдар бою бул проблемалар жоюлбай жатканда жогоруда аталган жаңылары кошулду. ЮНИСЕФ саясий эрк жана чечкиндүүлүк болгон жерде балдардын жашоосу оңолууда деп жазды.
Дүйнө балдарга берген убада
Бириккен улуттар уюмунун 20-ноябрдагы жыйыны да балдарды коргоого арналды. Анын баш катчысы Антониу Гутерриш видео кайрылуусунда 30 жыл мурда бүт улуттар дүйнө жүзүндөгү балдарга салтанаттуу убада берүү үчүн бириккен деди.
"Бардык мамлекеттер балдардын аярлуу экенин моюнга алышкан жана аларды тамак-аш, медициналык тейлөө, билим менен камсыздап, коргоо убадасын беришкен. Андан бери жылыштар болду. Балдардын өлүмүнүн жарымдан ашыгы кыскарды жана бою өспөй калуу азайды. Бирок мурдагыдай эле миллиондогон бала согуштан, жакырчылыктан, дискриминациядан жана оорудан жапа чегүүдө. Дүйнөдө балдар баардыгы үчүн туруктуу дүйнө куруу чакырыктары менен чыгып, бизге күчүн жана лидерлик сапаттарын көрсөтүп жатышат. Конвенциянын 30 жылдыгында бардык мамлекеттерди балдарга берген убаданы аткарууга чакырам", - деди Гутерриш.
Кыргызстан 1990-жылы кабыл алган "Миң жылдык өнүгүүнүн максаттарын" аткарып, бала өлүмүн үчтөн бирге кыскарта алды. Бирок өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу балдар чарчаган учур 4-5 эсе көп.
Конвенциянын отуз жылдыгында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү балдарга көрсөтүлгөн зомбулукту жоюу кампаниясын жүргүзүүдө.
Бирок бул мындан башка маселе жок дегенди билдирбейт. Мисалы, өлкөдө 700 миңдей бала жакыр жашайт.
Балдардын 20 пайыздан ашыгы гана мектепке чейинки билим алууга шарты бар.
Бул өзгөчө камкордукка муктаж топтордогу аярлууларды кошпогондогу көйгөйлөр.
Микрофон балдарга сунулду
Мындан туура 30 жыл илгери БУУнун кеңсесине дүйнө жүзүнөн балдар чогулган.
2019-жылы 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйындар залы 25 балага эшигин ачты.
Балдардын сөзү өлкөдөгү проблемаларды чагылдырды.
"Майып балдар биз менен кошо окуганга укуктуу деп эсептейм. Акылы кемтик тууганым бар. Аны кадимки мектепке албай коюшкан. Энеси жүгүрүп жүрүп катардагы окуучуларга кошконго жетишти эле, 4-5 жылда чөйрөсүнө жараша өнүгүп кетти. Бирок мектепке алардан алда канча кеч кирип калды", - деди 10-класстын окуучусу Диёра.
Онунчу класстын дагы башка окуучусу, алыскы айылдан келген Өмүрбек "Баланын укуктары боюнча конвенцияда ар бир бала билим алууга укуктуу деген берене бар турбайбы. Бизге китеп жетпесе, кантип толук билим алабыз?", - деди Би-Би-Си менен маектешип жатып.
"Мен толук айтсам капа болуп калышат, бирок бизде өзүнүн билими төмөн мугалимдер бар. Чоңдордон укканыма караганда эптеп окууну бүтүп келишкен", - деп сөзүн улады Өмүрбек.
ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм PISA тестинде чынында окуучулардын билими төмөнүрөөк экени көрүнүп жатат дейт. Ал бала сапаттуу билим алыш үчүн бир катар факторлор маанилүү экенин белгилейт:
"Балким окутуу усулдарын өзгөртүп, тренингдерди өтүш керек. Анткени активдүү педагогика зарыл, окуучулар кабыл алып эле отурган пассивдүү тарап болбой, активдүү болуш керек. Андан сырткары инфраструктура маанилүү. Мектептерге инновациялык жабдыктар зарыл. Алыскы тоолуу мектептерге жакшы жылытуу системалары керек. Бүгүн балдар айткан сөздөр чынында туура".
Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, кирешеси жогору мамлекеттерде балдардын өнүгүүсү үчүн жакшы шарттар түзүлүп, коргоого алынган.
Ал тапта бул дата алдында кыргыз бийлик өкүлдөрү балдардын жөлөк пулун жогорулатууну, үч эм балдарга 50 сомдон берүүнү сунушташты. Мындай чаралар балдардын жалпы өнүгүүсүнө же курсагынын тоюсуна таасир этерин айтуу кыйын.
Конвенцияга 196 өлкө кол койгон. Кыргызстан кабл алганына 25 жыл болду.
Көп кабаттуу үйлөрдүн короосу балдар үчүн коопсузбу?
Күздө короодо унаа алдында бала калып, бири мүрт кеткен, экинчиси жаракат алган Кыргызстанда эки окуя катталды. Көп кабаттуу үйлөрдү курууда өрткө каршы жана санитардык нормалар бар. Бишкек башкы Архитектурасынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда машина токтоткон жай имараттан кеминде он метр алыс болуш керек. Бирок эски үйлөрдүн арасына жаңы үйлөрдү курууга уруксат берилгенде бул нормалар жумшарууда.
Ал эми короодо машинанын кыймылы боюнча эреже жок.
"Оюн аянтчасы имараттан ыраак жайгашыш керек. Мисалы, унаа өтчү жайга эмес, жада калса терезе ачылчу жергдин алдына оюн аянтчасын курууга болбойт. Жашоочулар өз күчү менен аянттарды тосушат. Бирок ага мыйзам тыюу салат. Өз алдынча шлагбаум койгонго да болбойт", - деди Бишкек башкы архитектурадагы шаар куруу башкармалыгынын бөлүм башчысы Назгүл Койбагарова.
Советтер союзу учурунда курулган үйлөргө гараж кошо салынчу. Ал үйлөр мынчалык көп сандагы унаага ылайыкталган эмес деди Койбагарова. Эми болсо короолору автопаркка айланды.
Бишкекте бир жарым миллионго чейин калк жашайт. Чакан жерге көп кабаттуу чоң үйлөр салынып, короосу басканга да, унаага да тар болгон мисалдар көп.