Бала ким менен укташы керек? Коляска керекпи? Ата-энелердин мифтерин талдайбыз

Эгерде сиздин өзүңүздүн балдарыңыз жок болсо, анда сиз жакында балалуу болгон досторуңуздан алардын түндөрү канчалык кыйын өтүп жатканы тууралуу уккан чыгарсыз. Жаңы төрөлгөн бала бат-баттан ойгонот, ыйлайт, айтылып жүргөн эң оор мезгил (алгачкы үч ай) өтүп кетсе да, баары эле өз жайында боло бербейт.

“Өз жайында” дегенде биз азыр ата-эне кадимки түнкү уйкуга кайтып келишин түшүнөбүз. Жок дегенде түн жарымынан таңкы бешке чейин. Андан да жакшысы – жанында эч ким ыйлабай сегиз саат бою үзгүлтүксүз уктоо.

Буга жетүү үчүн жаш ата-энелер көп нерсеге барууга даяр. Адегенде ымыркайды өз керебетине, андан кийин башка бөлмөгө которушат, андан кийин балага ылайыктуу уйку жана ойгонуу графигин кантип үйрөтүү керектигин окута турган курстарга барышат, анан кантип баланы пайдалуу графикке ылайык уктатса болот дешет... бирок, ким үчүн пайдалуу? Ымыркай үчүн эмес, албетте, анын ата-энеси үчүн.

Жаңы төрөлгөн ымыркай менен жашоонун алгачкы жумаларында ата-энесинин тумандап калган аң-сезими бир аз тазара баштаганда Батышта жаш ата-энелерге кандай суроо берилет деп ойлойсуз? Ал “Балаңар өз бөлмөсүндө жата баштадыбы?” деген суроо.

Бирок, дароо тактап коёлу: бала менен эки башка бөлмөдө уктоо – Батыш цивилизациясы киргизген салыштырмалуу жаңы "ыкма". Дүйнөнүн башка жерлеринде адамдар мындай кыла беришпейт.

Башка маданияттарда норма таптакыр башкача: ата-энелер кээ бир жерлерде, кээде жети жашка чейин баласы менен бир бөлмөдө, ал тургай бир керебетте укташат.

Алар сизге түбөлүк жабышып калбайт

Дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө жашагандардын оюнча, Батыш ата-эненин милдеттерин башкача түшүнөт. Бул жерде кеп бир гана пландаштырылган уйку туурасында эмес.

Баланы коляскада алып жүрүү сыяктуу кадимкидей көрүнгөн нерсе да эч качан универсалдуу стандарт катары каралышы мүмкүн эмес (бул жөнүндө кенениреек төмөндө).

Кошмо Штаттарда жана Британияда ата-энелерге баласы төрөлгөн күндөн тартып баласы менен бир бөлмөдө эң аз дегенде алты ай бою уктоо сунушталат. Көптөгөн ата-энелер болсо аны бала өзүнчө бөлмөгө чыгарылганга чейинки кыска жана аргасыз өткөөл мезгил катары гана көрүшөт.

Бирок дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө ымыркайлар ата-энелери менен бир топ узагырак убакыт бою калышат. Бул тема боюнча 2016-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, Азиянын көптөгөн өлкөлөрүндө балдар ата-энелери менен бир бөлмөдө гана эмес, бир төшөктө да жатышат. Индия менен Индонезияда 70% учурларда, Вьетнам жана Шри-Ланкада 80% ашуун учурларда ата-энелер балдары менен укташат. Африка өлкөлөрүнүн статистикасы анча ишенимдүү эмес, бирок статистика бар жеринде, негизинен ал жакта дагы, ата-энелер кичинекей балдар менен укташат.

Бирок, карабайсыздарбы, себеби бул өлкөлөр негизинен жакыр болгондуктан, баары бир бөлмөдө укташат... деп окурман талашышы мүмкүн жана бул дагы бир (жана кадимки) батыштагы көз караштарга кирет.

Бангалордо жашаган дарыгер жана ата-энелер боюнча кеңешчи Дебмит Дуттанын айтымында, кичинекей балдар менен төшөк бөлүшүү Индияда күчтүү, ал тургай, ар бир баланын өз бөлмөсү бар жакыр эмес үй-бүлөлөрдө да калыптанып калган салт болуп саналат.

"Төрт кишиден турган үй-бүлөнүн үйүндө үч уктоочу бөлмө болушу мүмкүн: ар бир балага бирден, ата-энелерге бирден. Бирок сиз эки бала тең апасынын төшөгүндө уктап жатканын байкайсыз", - дейт ал.

Бир төшөктө уктоо түнкүсүн ойгонгон ымыркайлардын жүгүн жеңилдетүүнүн бир жолу экенин айтат Дутта. Анын өз кызынын жети жашка чейин ата-энесинин жанында уктай турган түрмөк керебети бар болчу.

"Мен аны эмизбей койгондон кийин да, ал биз менен бир бөлмөдө түнөгөндү жакшы көрчү", - дейт Дутта. Индиялык эне үчүн бул кадыресе көрүнүш.

Ал эми Батышта адамдар башкача ойлонушат, кээде экстремалдык ыкмаларды колдонушат. Мисалы, баланы “ыйлап алсын” деп жалгыз калтырып коюшат. Эмне үчүн? Баланын узак убакыт уктап алуусу үчүн. Эмне себептен? Ошентип, ата-энелер андан тыныгуу алышат. Ооба, жана, албетте, ал өзү да жакшы эс алып алуусу үчүн деп мындай ыкмаларды колдоочулар сөз кошууга шашышат.

Австралияда ата-энелер үчүн мамлекеттик каржыланган уйку мектептери бар (жашай турган жери менен), ал жерде баланы кантип туура уктатуу керек экенин үйрөтүшөт.

Ушул өңүттөн алганда, бала менен бир төшөктө жатууну баланын айтканын кылгандай, анын жай чоңоюшуна шерик болуп, балдардын мүмкүн болушунча көпкө чейин ата-энесине көз каранды болуп калуусуна түрткөндөй кабыл алынышы мүмкүн.

Бирок, Азия өлкөлөрүндө коллективисттик ой жүгүртүү үстөмдүк кылып, Дутта өңдүү энелер кырдаалга башкача карашат.

Бала менен уктоо коркунучтуубу?

Батыштагы жана Азиядагы (Африка же башка) мамилелердин ортосундагы бул өзгөчөлүк жана менталитеттеги айырмачылыктар акыры балдардын качан жана канча уктаганына таасир этет.

Tokyo Bay Urayasu Ichikawa медициналык борборунун изилдөөлөрүнө ылайык, Жапониядагы үч айлык наристелер Азиянын башка өлкөлөрүндөгү балдарга караганда азыраак укташат. Бул балким "Жапонияда уйку жалкоолуктун белгиси деп эсептелгендиктен" деп белгилешет авторлор.

Ошондой эле, азиялык үй-бүлөлөрдөгү балдар Батыш өлкөлөрүндөгү балдарга караганда кеч укташат экен. Окумуштуулар мунун бир бөлүгү азиялык ата-энелердин балдары менен кечинде көбүрөөк убакыт өткөрүүнү каалашынан улам болушу мүмкүн деп эсептешет.

Бала менен бир төшөктө уктоонун дагы бир себеби бар. Жапон маданиятында, мисалы, "ата-энелер баланы өз денесинин бир бөлүгү катары кабыл алуусу" норма.

Америкадагы педиатрия академиясы ата-энелерге ымыркайдын күтүлбөгөн жерден өлүмү синдрому (SIDS) коркунучун азайтуу үчүн кичинекей баласы менен бир бөлмөдө уктоону сунуштайт. Бирок алар баласы менен бир төшөктө уктоого каршы болушат, анткени ал SIDS коркунучун жогорулатат деп эсептешет.

"Бала менен төшөктө уктоодо SIDS коркунучу жогорулайбы же жокпу, биз айта албайбыз", - дейт Дас.

Бул тема боюнча изилдөөлөр негизинен өнүккөн, кирешеси жогору, антип уктоо салттуу эмес өлкөлөрдө жүргүзүлөт. Бирок, кирешеси төмөн өлкөлөрдө, бала менен уктоо кадимки эле нерсе, жана SIDS көрсөткүчтөрү негизинен дүйнөдө төмөн болуп саналат.

Бул жөн эле география эмес: Азияда төрөлгөндөр Батышка көчүп барганда, алар өздөрүнүн маданий салттарын жана алардын кесепеттерин, анын ичинде капыстан ымыркайлардын өлүмү синдрому коркунучунун төмөн көрсөткүчүн кошо алып келишет.

Мисалы, пакистандык энелер балдары менен бир төшөктө уктаганына карабай Британияда жашаган пакистандык үй-бүлөлөрдө ак британиялык үй-бүлөлөргө караганда SIDS коркунучу азыраак. Изилдөөлөргө ылайык, пакистандык үй-бүлөлөрдөгү аялдар ымыркайларына эмчек эмизип, чегүү жана спирт ичимдиктерин ичүү ыктымалдыгы аз экенин белгилей кетүү керек. Алар жаш баланы түнү бою өзүнчө бөлмөдө калтырып коюшпайт.

Ымыркай менен бир төшөктө жатууну сунуштаган Дас андай учурларда тамеки чегүү же спирт ичимдиктерин ичүү мүмкүн эмес экенин эскертет. Анан да ата-энелер өтө семиз болбошу керек, антпесе алар уйку учурунда кокусунан баланы басып алышы мүмкүн.

Британияда жайгашкан SIDSтин алдын алуу боюнча Lullaby Trust кайрымдуулук уюму өз төшөгүн ымыркайынын укташы үчүн коопсуз кылууну каалаган ата-энелер үчүн эскертме иштеп чыккан.

Ар дайым бирге, ар дайым жанында

Ошентип, биз көп улуттардын өкүлдөрүнүн көз карашы боюнча, ымыркай менен бир төшөктө түнөө оорчулук алып келбейт экенин, бул нормалдуу жана наристе үчүн да, эне үчүн да пайдалуу экенин түшүндүк. Бул “ата-эне – бала” байланышын бекемдейт жана жок дегенде түнү чыныгы жакындыкта болууга мүмкүнчүлүк берет.

Ушуга окшош жакындыкты, эми күндүзү, баланы слингге салып колго көтөрүп жүрүү сыяктуу ыкма менен камсыз кылса болот. "Слинг" (баланы жоолукка, шарфка же башка бир нерсеге салып алып аркасына же алдына байлап көтөрүп жүрүү) эч кандай жаңы тренд эмес. Эзелтеден эле энелер балдарын ушинтип көтөрүп жүрүшкөн, жөн гана мындай ыкма ар элдин өзүнүн тапкычтыгына жана ыңгайлуулугуна карап бир аз айырмаланган.

Виктория доорунда гана (19-кылымдын 2-жарымы) Британияда коляскалар популярдуу боло баштаганда, батыш коому ымыркайларды колуна алып жүрүү салтынан акырындап четтей баштаган.

Бирок дүйнөнүн калган бөлүгүндө бул салт ымыркайларды алып жүрүүнүн ар кандай ыкмаларын - себеттерди, кутуларды, капюшондорду, кең ленталарды жана атайын жоолуктарды колдонуу менен маданияттан маданиятка ылайыкташып жашай берген...

Слингди жана анын ар кандай түрлөрүн эч качан колдонбогон ата-энелер да баланы көтөрүп алып, аны менен бирге бөлмөнү кыдырганда анын канчалык бат тынчтанып калганын байкаса керек. "Ата-энелер интуитивдик түрдө 1-2 герц менен ритмикалык кыймылдарды кылса ал баланы тынчтандырат жана уктатат ​​деп түшүнүшөт", - дейт Япониянын Когнитивдик психология борборунан Куми Курода Рикен.

Курода ымыркайды колуна алган убакыт менен анын ыйлаган убактысынын ортосунда эч кандай байланыш жок экенин ырастаган изилдөөнүн жыйынтыгын карап чыккандан кийин ымыркайды колуна алып жүрүүнүн психологиялык таасирин изилдөөнү баштоону чечти.

"Мен буга макул боло албадым", - дейт Курода. Анын өз изилдөөсү көрсөткөндөй, баланы көтөрүп жүрүү анын жүрөгүнүн тез согушун басаңдатып, баланын ыйлаган убактысын азайтат.

Анын айтымында, колунда кармап туруу же тескерисинче аны менен коляскада же унаада жүрүү окшош эле тынчтандыруучу таасирге ээ, бирок бири экинчиси менен айкалышса тезирээк таасир этет.

Биологиялык жактан ымыркай ата-энеси менен дайыма тыгыз байланышка муктаж.

Биринчи айларда ымыркайлар тез-тез (күнү-түнү) тамактанышы керек. Ымыркайдын күнүмдүк биоритмдери кошула баштаганда жана анын уйкусунун негизги сааттары түнгө өткөндө да, баланын биринчи жылда түнкүсүн ойгонушу толук нормалдуу көрүнүш.

Дарем университетинин антропология боюнча профессору жана университеттин ата-эне менен баланын уйку лабораториясынын директору Хелен Болл: "Бөбөктөрдүн биологиясы жүздөгөн же миңдеген жылдардан бери анча деле өзгөргөн жок", - дейт.

"Бул жаңы мамиле, башка нерселер менен катар, ымыркайлар түнкүсүн ойгонбошу керек деген мифти пайда кылды".

Миф жана анын кесепеттери

Анан да бул мифтин кесепеттери бар. Аялдарда, жаңыдан эне болуу стадиясында уйкунун бузулушу төрөттөн кийинки депрессия менен байланыштуу боло баштаган. Бирок, профессор Болл белгилегендей, баланын уйкусун "оңдоо" аракети – бул такыр башка эле маселени чечүү болуп саналат.

"Депрессияга кабылган ата-энелер депрессияга кабылбагандарга караганда уйкусу бузулуудан көбүрөөк жабыркайт", - деп баса белгилейт ал. "Биз баланы эмес, ата-эненин башындагы нерсени оңдошубуз керек. Кырдаалды башкача кабыл алуу үчүн жардам кылып, аларды колдоо керек".

Жаш ата-энелерди так билим менен камсыз кылуу үчүн Болл ымыркайлардын уйкусу боюнча өзүнчө бир колдонмону чогулткан.

Бираз "улуураак" ымыркайлар түнү бою укташы керек деген идея 1950-жылдардагы изилдөөлөрдөн келип чыккан. Анда 160 лондондук ымыркайдан турган топтун 70% үч айлык кезинде "түнү бою" уктай башташкан.

Бирок, ал изилдөөчүлөр ушул "түнү бою уктоону" ата-энелерди ыйлап ойготпоо жана түн жарымынан таңкы бешке чейин алардын тынчын албоо деп аныкташкан жана бул, байкаган болсоңуз, чарчаган эне кыялданган кадимки сегиз сааттык уйкуга окшош эмес. Кошумчалай кетсек, бөбөктөр түнкүсүн ата-энесинин "тынчын албай жатканда" эмне кылып жатышкан – алар чындап эле уктаганбы ...

Кандайдыр бир жол менен, ымыркайлардын "түнү бою уктагандай" болуп көрүнгөн 50%, андан кийин жашоосунун биринчи жылында кайрадан түн ичинде тез-тез ойгоно башташкан.

Бала менен танго бийи

Таң калыштуусу, азыр да балдардын уйкусу боюнча изилдөөлөрдүн көбү кайсыл бир белгилүү калк арасында, тактап айтканда, Батыш дүйнөсүндөгү ымыркайлардын арасында жүргүзүлүп жатканын баса белгилейт Хелен Болл.

Бирок, калыстык үчүн, балдарды кантип тарбиялоо керектиги боюнча маданияттар арасында пикир келишпестиктер бар экенин белгилей кетүү керек. Демек, Батышта да бала башка бөлмөдө жатышы керек дегенге баары эле макул эмес. Бир изилдөөдө, мисалы, италиялык ата-энелер муну ырайымсыздык деп аташкан.

Мындан тышкары, ар кандай үй-бүлө ар кайсы шарттарга жана ар кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ. Кимдир бирөө, балким, колунда же төшөгүндө баласы менен көбүрөөк убакыт өткөрүүнү каалайттыр, бирок андай кылууга мүмкүнчүлүгү жок болушу мүмкүн. Ал эми кээ бирөөлөр үчүн түнкү убакыт баланын жанында болуу, аны кучактоо, жүрөгүнүн согуусун угуу үчүн бирден бир мүмкүнчүлүктүр.

Маселен, жапониялык Куми Курода айым төрт баласына күндүзү жок болгондугун кандайдыр бир жол менен компенсациялоо үчүн алар менен түндө бирге уктачу.

“Мен толук убакыт иштейм, эгер түнү өзүнчө бөлмөдө убакыт өткөрсөм, анда бала менен байланышууга эң аз убакыт калат. Бирок, түндө болсо да биз терең баарлашабыз. Бул биз бирге өткөргөн убакыт – толук кандуу баарлашуу", – дейт ал.

Бирок, Курода баса белгилегендей, адамдар өзү жана баласы үчүн эмне жакшы экенин өздөрү чечиши керек жана алар жөнүндө башкалар эмне айтарын же башка ата-энелерден айырмасы бар экенине тынчсызданбашы керек.

"Менимче, ата-эне менен бала бири-бирине ыңгайлашат деп ойлойм. Бул танго сыяктуу (эки адам болбосо аны бийлөө мүмкүн эмес)", - дейт ал.

Демек, эгерде биз өзүбүздүн терс ойлорубузга кайрылсак, андай терс ойду жеңүү үчүн бир нерсени так түшүнүп алуубуз керек: чындыгында бала бизди манипуляция кылуу үчүн төрөлгөн эмес. Кээде, түнкү саат үчтө биз ушул ойдо болсок дагы муну билишибиз керек. (DO)

Материалдын түп нускасы BBC Future сайтында жарык көргөн.