Катар эмиринин сапары: катар-катар документке кол коюлду

Дастан Үмөтбай уулу, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани алгачкы жолу мамлекеттик сапар менен Бишкекке келип кетти. Серепчилер Катар эмиринин сапары кыргыз тарап үчүн Жакынкы Чыгыштан инвестор тартууга чоң мүмкүнчүлүк деп жатышат.

Катар эмиринин бул сапарында саламаттыкты сактоодон тарта авиация тармагына чейинки 13 түрдүү документке кол коюшту. Бирок анын көбү кайсы бир тармактагы кызматташтыкка ниет кылынган меморандумдар. Ошондон улам келишимдер толук кандуу ишке ашышына эки тарап тең толук кызыкдарбы, чоң жыйынтык чыгышы үчун кандай аракеттер азыр деп суроо салгандар да бар.

Анткен менен бул сапар Кыргызстан эгемендикти алгандан бери карай Катар бийлигинин эле эмес, араб өлкөсүнөн биринчи келген лидердин сапары болуп жаткандыгы менен маанилүү.

"Отуз жылдык тарыхта Катар менен Кыргызстандын кызматташтыгында гана эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катнашта алгачкылардан болуп Кыргызстанга сиздин сапарыңыз жасалып жатат",- деди Кыргызстандын президенти.

Катар эмиринин урматына уюшулган маданий программадан бир көрүнүш

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катар эмиринин урматына уюшулган маданий программадан бир көрүнүш

Жакынкы Чыгыштагы эң бай өлкөлөрдүн биринин башчысын Кыргызстанда абдан кастарлап, шаан-шөкөттүү чоң этно-маданий программа менен тосуп алышты.

Расмий Бишкек бул бай араб өлкөсүнөн туризм жана энергетика тармагына инвестиция алгысы келет. Катардын эмири өз кезегинде кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө чакырды:

"Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлге көтөрүлүшү керек деп эсептейм".

Бишкек менен Доханын кызматташтыгына жыйырма беш жыл толду. Ага карабай эки өлкөнүн соода-сатыгы бир нече араб өлкөлөрү менен салыштырганда бир топ эле солгун. Бир топ кыргыз ишкерин Катардын инвестициясы кызыктырып турган чак.

"Бул маанилүү бир баскыч. Биз муну мүмкүн болушунча эң жогорку деңгээлде инвестиция тартуу максатында пайдаланып калышыбыз керек. Бул визитти Аль-Жазира көрсөтөт. Бул болсо эң аз дегенде араб өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстанды таанытат. Максималдуу түрдө биз инвестиция тартууга аракет кылышыбыз келек",- деди жеке ишкер Жодар Сайдилкан.

Катар эмиринин урматына уюшулган маданий программадан бир көрүнүш

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катар эмиринин урматына уюшулган маданий программадан бир көрүнүш

Катар — араб дүйнөсүндөгү эң өнүккөн үч өлкөнүн бири. QatarEnergy улуттук компаниясы дүйнөдө мунай менен иштеген ишканалардын сап башында. Мындан улам энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн каражат бөлүү ыктымалдыгы жогору.

"Жашыл энергетика долбоорлору менен жакшылап иштеп, суу, шамал, күн энергетикасы сыяктуу долбоорлорду бул жакка алып келип, жакшы шарттарды түзүшүбүз керек",- деди экспорт жана тышкы соода боюнча адис Урмат Такиров.

Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Борбор Азияга болгон сапарынын саясий жайы да бар. Доха 2021-жылы Талибан менен АКШга ортомчу болуп, Талибандын бийлигин дүйнө менен "тааныштырган".

Катар эмири сапарын Өзбекстандан баштап, андан соң Кыргызстанга келип кетти. Мындан ары Казакстан жана Тажикстанга барат.