Германиянын инвестициясына кызыккан Бишкек

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Германия_Кыргызстан

Сүрөттүн булагы, mfa.gov.kg

Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Казакстанда расмий мамлекеттик сапары уланууда. Штайнмайер Казакстандан кийин расмий сапар менен Кыргызстанга келет.

“Бул сапар алкагында ал кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, тараптар кыргыз-герман кызматташтыгы тууралуу талкуулашат”, - дешти кыргыз президентинин администрациясынан.

Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер буга чейин Кыргызстанга 2016-жылы тышкы иштер министри катары келип кеткени белгилүү. Анын бул жолку сапары Германиянын Кыргызстанга тикелей инвестициясы бир аз солгундап калган маалга туш келип жатат.

Франк-Вальтер Штайнмайер Казакстандагы сапарында Астанадагы казак-герман инвестициялык форумуна катышат. Кыргызстанда мындай форум былтыр өткөн эле.

Жапаров-Штайнмайер

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Германиянын Борбор Азияга инвестициясы

Германиядагы кыргыз элчиси Өмүрбек Текебаев Германия соңку 30 жылда Кыргызстанга баш-аягы 450 миллион доллар инвестиция салганын айтат. Бул Германия кыргыз экономикасына жылына 16 миллион доллардай каражат салып отурду дегенди билдирет.

“Дүйнө чоң өзгөрүү алдында турат. Өзгөрүү зарылдыгы эбак эле бышып жетилген эле. Орус-украин согушу болгону бул процесстерди катализатор катары тездетти.

Германия жаңы дүйнөдө саясий-экономикалык, аскерий борборлордун бири болсом деп турат. Жаңы геосаясий кырдаалда Орто Азия регионунун баркы, салмагы өстү. Евросоюз, ошонун ичинде Германия Орто Азияда таасирин чоңойткусу келет. Саясий чечим бар. Эми аны ишке ашырыш керек. Бизнес да шымаланып турат. Бирок, биздин тилекке каршы, Европадан инвестиция негизинен Казакстан менен Өзбекстанга барып жатат“.

Германиядагы кыргыз элчиси Өмүрбек Текебаев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германиядагы кыргыз элчиси Өмүрбек Текебаев жана Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер

Германия соңку төрт жылда эле Казакстанга - 1 миллиард 439 миллион, Өзбекстанга – 3 миллиард 693 миллион, Кыргызстанга – 455 миллион, Тажикстанга – 57,53 миллион доллар көлөмдө инвестиция салган.

“Кыргызстанга Казакстанга караганда 32 эсе, ал эми Өзбекстанга караганда 81 эсе аз инвестиция келген. Калкыбыздын саны, экономикабыздын көлөмү боюнча да бизге 200-500 миллион доллардан кем эмес келиш керек эле”, - дейт Текебаев.

Кызматташтыктын премиум сегменти

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Быйыл апрелде Гамбург шаарынын Соода палатасынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча комитетинин отуруму өтүп, ага Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев да катышкан.

Сариев эмнеге соңку кезде Германия Борбор Азия аймагында көбүрөөк Казакстан жана Өзбекстанга жүзүн буруп жатканын деп чечмелеп берди:

“Казакстан, биринчиден, аймактагы бийлиги туруктуу өлкө болуп калды. Экинчиден, аларда ресурс чоң, ички инфраструктурасы өнүккөн. Булар союз убагында эле өнөр жай, чийки зат багыты абдан өнүккөн болчу. Казакстан жылына 85 миллион тонна нефти өндүрөт. Мындан башка, темир, аллюминий, жез өндүрөт. Ошол үчүн бул жакка кызыгат. Ал эми Өзбекстан болсо, эл ресурсу бар, калкы – 35 миллион. Кыргызстандыкы – жети миллион. Инвесторлор келгенде алар санашат, салып аткан инвестициямды качан, кайсы көлөмдө кайтара алам дешет. Ички базары бар деп, ошол үчүн Өзбекстанда дайым утуш бар. Биз башка багытта, премиум сегментинде иш кылышыбыз керек. Бул биздин чоң көзүрүбүз жана мүмкүнчүлүгүбүз болот. Бизде сейрек кездешүүчү металлдар бар, тоо-кен тармагы, жашыл энергетика жана экологиялык таза азык-түлүктөрүбүз кызык”.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Гамбургдагы форумда

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Гамбургдагы форумда

Германия Кыргызстандын эгемендигин эң биринчилерден тааныган европалык өлкөлөрдүн бири. Былтыр эки өлкө ортосунда дипломатиялык кызматташтык түзүлгөнүнө 30 жыл толгону белгиленген.

Кыргыз тарап анда Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда ЕБдин, ага кирген Германиянын өкүлчүлүктөрү көбөйүшүн кааларын айткан эле. Ошондой эле соода-сатык, ишкерлик чөйрөдө кызматташтыкты арттыруу тууралуу сөз болгон.

IT жана айыл-чарба

Быйыл жыл башында кыргыз президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин жетекчилиги да Германияга иш-сапарлап келишкен. Анын жыйынтыгы боюнча агенттиктин төрагасы Умбриэль Темиралиев Кыргызстан Германия менен IT тармагында жигердүү ишкер байланыш түзүшү керектигин айткан:

“Анткени немис компаниялары инженерия, өндүрүш жана IT технологиялар боюнча чоң тажрыйба топтошкон. Немис компанияларынын каалаган инвестициясы акча менен бирге керектүү билимди жана тажрыйбаны алып келет. Немистер жапондор сыяктуу эле өз ишмердигин 20-50 жылга пландаштырышат, дал ушул себептен жергиликтүү кадрларды тарбиялоого салым кошууга даяр, өлкөдөгү гана эмес, бүтүндөй региондогу бардык экономикалык жана саясий өнүгүүлөр эске алынат. Бизге биринчи кезекте энергетика, кайра иштетүү, жеңил өнөр жай жана айыл чарба тармагында германиялык инвестиция жана алардын технологиялык чечимдери керек”.

Умбриэль Темиралиев Кыргызстандын Германияга айыл чарба продукцияларын экспорттой турган потенциалы жетиштүү экенин айткан. Бирок сертификация маселесинен улам бул потенциал толук колдонулбай келет:

“Германия биздин жаңгактарга, кургатылган жемиштерге, топоздун этине, балга туруктуу суроо-талапка ээ чоң базар. Бирок, кыргыз товарларынын жолундагы негизги тоскоолдук – бул биздин продукциянын коопсуздугунун далили (сапат жана коопсуздук стандарттары)”.

Соңку жылдары немис ишкерери Кыргызстандын кара өрүгүнө, грек жаңгагына кызыгып, экспорттой башташты. Мындан тышкары, Германия рыногу Кыргызстандан топоздун жүнү жана терисине кызыгып жатканын буга чейин Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы билдирген.

Былтыр Кыргызстанга келген тикелей инвестициянын көлөмү 4% өсүп, 1 миллиард 46 миллионду түздү. Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, Түштүк Кореядан инвестиция 18 эсе, Кувейттен 15,4, Япониядан 11, Бириккен Араб эмираттарынан 5, Германиядан 2,6 жана Түркиядан 1,4 эсе көбөйгөн.

Ушу тапта Кыргызстанда 150 чакты кыргыз-немис биргелешкен ишканасы иштейт.