Экономикадагы өсүш жана кыйнаган кымбатчылык
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Узап кеткен жылды кыргыз бийлиги өнүгүүгө бет алган окуяларга бай болду деп баалады. Дүйнө жүзүндөгү ар кандай олку-солкулуктарга карабай өкмөт өлкө экономикасы кыйла өскөнүн айтып жатат. Жыл жаңырган түнү жамы журтту куттуктап жатып президент Жапаров өлкөнүн ички дүн продукциясынын көлөмү бир триллион сомдон ашканын дагы бир жолу баса белгиледи. Ал мунун баарын туура жана таза жүргүзгөн саясаттын жыйынтыгы деп атады.
Президенттин айтымында, 2023-жылы салыктык жана бажылык жыйымдар кескин көтөрүлдү. Мунун аркасы менен мамлекетте бир катар масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.
Жүздөгөн мектеп, ондогон бала бакча салынып, ички жолдор оңдолуп, инфраструктуралык объектилердин курулуп жатканын эске салып өттү.
“Мындан тышкары ири инвестициялык долбоорлорго старт берилди. Алардын үзүрүн жакынкы келечекте көрө баштайбыз. Экономиканын жогорулашына, калктын жашоо шартынын жакшырышына, өнөр жай, завод-фабрикалардын иштешине эң негизги өбөлгө болчу энергетика тармагында акыркы жылдарды алдыга карай чоң жылыштар башталды. Фонддор жана банктар аркылуу бир топ өнөр-жай ишканалары ачылды. Коррупцияга каршы күрөш кызуу жүрүүдө жана жыйынтыгында миллиарддаган сом казынага кайтарылып жатат. 10-15 жыл саясатты четке коюп, экономиканы алдыга жылдырып, эл турмушун жакшыртуу менен алек бололу”,- деди ал.
Жаңы жылдагы пландар

Сүрөттүн булагы, Official
Президент мамлекеттин жаңырган жылда ишке ашыра турган ири долбоорлоруна дагы учкай токтоло кетти. Айтымында 2024-жылы ГЭСтердин кубаттуулугун жогорулатууга, модернизациялоого жана энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүүгө көп күч-аракет жумшалат.
Жаңы жылдан тарта коңшу Өзбекстан жана Казакстан менен бирге кылым долбоору деп аталган “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жанданат.
“Эл аралык “CASA-1000” долбоорунун алкагында Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу менен Кыргызстандын экономикалык пайдасы жогорулайт. Ошол эле учурда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу каралат. Кичи жана орто бизнести, экспорттук потенциалды өнүктүрүүнү колдоо боюнча иш-чаралар улантылат”,- деди Жапаров.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
14-декабрда болсо парламент 2024-жылга карата өлкө бюджетин экинчи жана үчүнчү окуудан бекитип берди. Бир катар социалдык маселелерге байланыштуу сунуш-пикирлерди гана айтканы болбосо, депутаттар 2023-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча аткаруу бийлигине олутту деле сын айткан жок.
Буга удаалаш өткөн элдик курултайда өлкөнүн экономикалык абал тууралуу маалымат берип жатып министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аткаруу бийлигинин иши алдыга жылып жатат деди.
“2023-жылдын 11 айында ИДПнын көлөмү рекорддук 1 триллион 72 миллиард сомду түздү. Өсүү темпи 4,5 пайызды түздү. Кумтөрдү эсепке албаганда ИДП 6,7%га өстү”, - деди Акылбек Жапаров.
Министрлер Кабинетинин башчысы келерки жылы өнөр жай тармагына өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.
“2024-жылы 100 өндүрүштүк ишкананы ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Чүй облусунда эле 160 миллион долларлык Терек-Таш цемент заводу, кафель жана керамика чыгаруучу цех, тамеки фабрикасы ачылат. Өзбекстан менен биргеликте 50 миллион долларлык машина куруучу заводду ишке киргизүү пландалууда. 700 гектар жерге логистикалык шаарчаны куруу башталат. Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоого 1 млрд сом бөлүндү”, - деди Акылбек Жапаров.
Тармактар боюнча көрсөткүч
2023-жылдын январь-ноябрь айларына карата тармактар боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду.
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, курулушта өндүрүштүн көлөмү 14,3%га, тейлөө чөйрөсүндө - 5,6%га, өнөр жайда - 1,6%га, айыл чарбасында - 0,3%га өстү. Товар өндүрүү тармагынын үлүшү 32,5%ды, кызмат көрсөтүү тармагынын үлүшү 49,9%ды түздү.
“2022-жылга карата өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 435 миллиард сомду түзгөн. 2023-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча бул тармактын өсүү темпи 1,8 пайызга жетип, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 428,2 миллиард сомду түздү. Жылдын жыйынтыгы боюнча биз былтыркы чектен аштык”,- деди Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.
Айтымында, акыркы үч жылда 1 миллиард долларлык инвестиция тартылып, 60 өнөр жай ишканасы ишке киргизилди жана 7 миң 700 жаңы жумуш орундары түзүлдү.
Ири ишканалар

Сүрөттүн булагы, agrokush.kg
Өтүп кеткен жылы “Евразия Металл Групп” ишканасы менен кызматташуу активдешти. Ал Кыргызстанда жок заманбап технологияларды колдонуу менен арматура чыгарууну көздөп жатат.
Өкмөттүн маалыматына караганда, биринчи этапта завод өлкөнүн арматурага болгон керектөөсүн 10%га чейин камсыздайт, ал эми келечекте импортту алмаштыруу 60%га чейин өсөт.
“Кыргыз унаа курулуш” көп тармактуу ишканасы болсо жүк ташуучу чакан унааларды чогултат. Алар чакан ГЭСтер үчүн гидротурбиналарды, акылдуу электр эсептегичтерин, лифттерди жана таш өндүрүшүн чыгарат.
“Глобал Гармент” деп аталган кийим жана трикотаж буюмдарын чыгаруучу ишкана ишин баштады.
“Таш-Коро жана Кургак аймактарында калай-вольфрам рудасын иштеткен “Сары-Жаз Минерал Майнинг Компани” ишканасы да ишке киргизилип, жылына 180 миллион сомдук инвестиция тартылды. 270 жумуш орун түзүлдү. 200 млн сомдук инвестиция менен “Агро Куш” фабрикасы ишке берилди.
“Кыргызэлектроника” принтерлерди чыгаруучу, “Токмок шина кайра иштетүүчү завод” “Кыргыз шампан” Талас районундагы кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишкана, “Кашемир жүн” жүндү кайра иштетүүчү ишкана, “Салкын”, “Баркыт” “Кыргыз текстиль” тигүү өндүрүшү, сүттү кайра иштетүүчү “Агрокен” ишканасы жана ичүүчү суу чыгаруучу “Байхан” жана “Энесай” ишканалары ишке берилди”,- деп айтылат министрликтин маалыматында.
Салык жыйымдары

Салык кызматынын алдын-ала маалымат боюнча, 2023-жылы 249,2 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады.
Белгиленген план 2,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылып, 2022-жылга салыштырмалуу 41,1 млрд сомго көп чогултулду.
“Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү пландык көрсөткүчтөрдүн ашыгы менен аткарылышында негизги ролду ойноду. Контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана санариптештирүүнүн башка долбоорлорун киргизүү жана колдонуу салыктарды чогултуу процессинин натыйжалуулугун кыйла жакшыртты”,- деди Мамлекеттик салык кызматы.
Өткөн жылы президенттин жарлыгынын негизинде кабыл алынган жаңы салык саясаты коомдо кызуу талкуу жаратты.
Өкмөттүн мындай аракетине каршы болгон соодагерлер жыл боюу маал-маалы менен митингге чыгып, аларды патент системасы менен калтырууну талып кылып келди.
Бийлик болсо ири базарларды текшерип, салыктан качкан фактылар боюнча кармап-камоолорду башталды.
Эсепсиз байыган базар ээлери ачык аталып, ижара акысын азайтуу, соодагерлерден салык алууну жакшыртуу талаптары коюлду.
2023-жылдын декабрында президент Жапаров “Дордой” базарынын соодагерлери менен жолугуп, жылдык товар айлантуусу 8 млн сом эмес, 15 миллион сомго чейин болгон соодагерлер салыктан бошотула турганын айтты.
Ал жаңы салык саясатына каршы митингге чыгып жаткандардын артында шыкактаган “оптовиктер”, базар ээлери, контейнер ээлери турат деди.
Эгер мындай аракеттер улана турган болсо базарларга өкмөт “Кумтөр” сыяктуу тышкы башкаруу киргизип, дыкат текшериле турганын кошумчалады.
“Мурункулардан бери баарын казып чыксак эле мүлктөр, суммалар ачыкка чыгып калат. Эскинин баарын төлөөгө туура келип калат. Ага чейин барбай эле коелу деп күч органдарын токтотуп жатам. Ошол эле контейнери бар бай адамдардын, базар ээлеринин беш-алтыдан квартиралары, акыркы үлгүдөгү Лексус-570 үлгүсүндөгү унаалары бар”,- деди Жапаров.
Буга улай УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы өлкөнүн эң бай адамдары соода-сатык комплексинин ээлери экенин айтты.
Ал Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алканов жана башкалардын ысымын атады.
“Булар акыркы 30 жылда өлкөдөгү базарларды кармап келе жатышат. Ал жактан эбегейсиз чоң байлык топтошту. Бүгүнкү күнү дагы топтоп жатышат. Бирок мамлекетке, коомго, кол алдындагы сатуучуларга болгон мамилесин өзгөрткөн жок. Митингге чыккандарга дагы себепкер болуп жатат”,- деди Ташиев.
Экономисттер болсо ККМ киргизүү менен өлкөнүн товар жүгүртүүсү ачыкка чыгып, көмүскө экономиканы ооздуктаганга мүмкүнчүлүк жаралат деп жатышат.
Кыргызстандагы көмүскө экономикага байланыштуу расмий так маалымат жок. Экономисттер болсо өлкө экономикасынын 40 пайыздайы көмүскөдө деп келет.
“Өнүккөн өлкөлөр бул системаны эбак колго алган жана ишкерлер милдеттүү салыктан качпашы керек дейт”,- дейт алар.
Бирок ошол эле учурда алар, өлкөнүн баш мыйзамында жеке менчик мамлекет тарабынан корголот деп жазылганын эске салып, Кыргызстандагы базарлар жеке менчик болгондуктан, тышкы башкаруу киргизүүгө мыйзам жол бербей турганын айтып жатышат. Адистер мындай иштер түшүндүрүү жана бир пикирге келүү жолу аркылуу гана чечилиши керек дейт.
ЖИА бизнес ассоциациясынын директору Аззамбек Жээнбай уулунун айтымында, кыска мөөнөттө патентти жоюп салып чекене жана дүң сооданы фискалдаштыруу өтө кыйын. Экономист өкмөт буга акырындык менен кадам ташташы керек экенин айтат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бажы жыйымдары
Бажы кызматы өтүп кеткен жылы 107 млрд 598,9 млн сом бажы төлөмүн чогултуу планын койгон. Ага ылайык, 82 млрд 563,6 млн сом алымсыз бажы төлөмдөрү, 25 млрд 035,3 млн сом ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынуучу төлөм чогулушу керек болчу.
Бирок министрлик маалымдагандай, план ашыгы менен аткарылып, он эки ай аралыгында 111 млрд 503,3 млн сом өлчөмүндө бажы салыгы чогулду.
Алымсыз бажы төлөмдөрү 82 млрд 563,6 млн сомболсо, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынган алым 25 млрд 035,3 млн сомду түздү.
“Пландын аткарылышы 103,6%ды түздү же 3 млрд 904,4 млн сомго көп чогултулду”,- деди Бажы кызматы.
Өкмөт жыл өткөн сайын тоо кен тармагынын кирешеси дагы көбөйүп жатканын маалымдады. Маалыматка караганда 2023-жылы чалгындоо иштерине көңүл бурулуп, жаңы ачылыштар жасалууда.
“Кумтөр” кенин болсо кулачы кенен жайылып, ийгиликтүү иштеп жатканын Акылбек Жапаров курултайда айтты.
2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында карата “Кумтөр” 5 499 кг алтын сатты. Түшкөн анык киреше 341,3 млн АКШ долларын түзгөндүгү, пландык көрсөткүч 287,1 млн АКШ доллары деп мерчемделгени маалым болду.
Ошондой эле өтүп кеткен жылы Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын көлөмү 6 115,99 млн.долларга жетти. Анын 4 545,11 млн.доллары тышкы карыз болсо, 1 570,88 млн.доллары ички карыз.
“Кылымдын долбоору”
Өтүп кеткен жылдын, 6-январда Кыргызстан коңшулары Казакстан жана Өзбекстан менен бирге "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун жол картасына кол койгон эле.
Мындан улам коомдо өлкөнүн буга чейин Россия менен бирге ГЭС куруу аракети оңунан чыккан эмес. Эми мунун соңу эмне болор экен деген күмөн саноолор жаралды.
Бишкекте өткөн иш-чарада энергетика министри “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу коңшу үч өлкөгө тең, өзгөчө Кыргызстан үчүн пайдалуу экенин айтты.
Мындай кадам электр энергиясын импорттоого эмес, экспорттоого өбөлгө түзөт деди. Коңшу өлкөлөр менен биргеликте “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу, өлкөнүн электр энергиясына болгон тартыштыгын жое турганын маалымдады.
Документте ГЭС куруу боюнча үч өлкө катышкан биргелешкен ишкана түзүү каралган. Ал Кыргызстандын аймагында катталып, кыргыз тарап башкарат деп чечилген.
Биргелешкен ишкананын 34 пайызын Кыргызстан, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33 пайыздан алат деп көрсөтүлгөн.
Мындан улам, эгерде Казакстан менен Өзбекстан биригип кетсе, Кыргызстан башкарууну колунан чыгарып жибериши ыктымал деген талкуулар дагы болгон.

Сүрөттүн булагы, Official
Биргелешип ГЭС куруу маселеси совет доорунда мурдагы коммунисттик лидер Турдакун Усубалиев тарабынан дагы көтөрүлгөн, бирок ошол кезде коңшу өлкөлөрдүн башчылары кулак салган эмес.
2012-жылы сентябрь айында Орусия менен Кыргызстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу, эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларга кол коюлган.
Долбоорду ишке ашыруу создугуп, орус тарап каржылоо маселесин чече алган эмес. Кыргыз өкмөтү бул келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Россиялык "РусГидро" энергетикалык компаниясы Кыргызстанга каршы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылып, соттошуулар дагы эле жүрүп жатат.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстан узак жылдардан бери “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курууга кызыктар. Бирок ушул убакка чейин ар кандай себептерден улам долбоорду ишке ашыруу кечеңдеп келет.
Ноябрда Бакуда өткөн Борбор Азия экономикасы үчүн атайын программасынын мамлекет башчыларынын соңку саммитинде президент аталган долбоор тууралуу сөз кылды.
Ал эл аралык транспорттук коридорлорду диверсификациялоонун зарылдыгы Кыргызстан үчүн актуалдуу экенин айтты.
Жапаров региондун башка коңшу өлкөлөрү үчүн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруунун стратегиялык долбоору өзгөчө мааниге ээ экенине токтолду.
Айтымында, бул мега-долбоорду кыска жол менен ишке ашыруу аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгат.
Болжол менен 4 миллиард адамды бириктирет. Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагына, Иранга, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага ташуулардын географиясын кеңейтет.
“Мындан тышкары, биз Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран-Түркия каттамы менен андан ары Европа өлкөлөрүнө, ошондой эле Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран каттамы боюнча Сауд Аравиясына жүктөрдү ташууну уюштуруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Биз Түштүк Транскаспий коридорун Кыргызстандан жана Кытайдан Европа өлкөлөрүнө, Грузияга, Азербайжанга автомобиль жана темир жол аркылуу жүк ташуу үчүн пайдалануу ниетибиз бар”,- деди ал.
Андан мурда Кыргызстандын Транспорт министрлиги 2023-жылдын июль айына карата долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча иштер аяктап, буга чейин болжолдонгондой темир жол магистралын куруунун техникалык жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу тастыкталды деп билдирген.
2023-жылдын 21-сентябрында видео байланыш форматында эксперттик деңгээлде үч тараптуу жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө каржылоо модели жана долбоорду башкаруу маселеси талкууланган эле.
Темир жолдун жазылыгы кандай болот деген дагы өзүнчө маанилүү суроо бар. Анткени, Кыргызстан менен Өзбекстандагы темир жолдордун жазылыгы советтик стандарт боюнча, кытайдыкы башка. Бул маселе көпкө талкууланып, иштин создугуп кеткен себебинин да бири ушул.
Ошол эле убакта логистика боюнча кээ бир эксперттер Кытайдан Кыргызстан аркылуу Европага транзиттик каттам түзүлөрүнө көздөрү жетпей турат.
"Кытайдан Европага Кыргызстан аркылуу канча чек ара болот? Биринчиси кыргыз-кытай, болгондо да үч миң 600 метр бийиктикте, Торугарт болобу, Эркечтам болобу, баары бир. Экинчиси кыргыз-өзбек чек арасы, үчүнчүсү Ɵзбекстан-Түркмөнстан чек арасы, төртүнчүсү Түркмөнстан-Иран, бешинчиси Иран-Түркия, алтынчысы Түркия-Европа биримдиги. Алты чек ара аркылуу транзит уюштуруу мүмкүнбү?Ар бир чек арада ар бир жагынан эң кеминде үч текшерүү болот. Чек ара көзөмөлү, бажы көзөмөлү, фитосанитардык текшерүү. Ошону менен ар бир чек арада алты текшерүү болот",-дейт “Smart Business Solutions Central Asia” консалтинг компаниясынын директорунун орун басары Марат Мүсүралиев.
Эксперттерге көп суроо жараткан экинчи маселе Кыргызстан менен Кытайдын, Ирандын жолдору ар башка стандарт менен салынганы.
“Борбор Азиянын темир жолдору Россиянын темир жол стандарты менен салынган, туурасы 1521 мм. Кытайда, Иранда болсо жолдун кеңдиги -1435 мм. Ошондо ар бир вагон, ар бир цистерна, ар бир контейнер Кытайдан Борбор Азияга келгенде башка вагонго көчүрүлүшү керек, же ошол вагонду көтөрүп, алдындагы дөңгөлөктү алмаштырыш керек болот”,- дейт эксперттер.
"Инфляция дагы өсүп жатпайбы"

Сүрөттүн булагы, Social
Жалпылап алганда 2023-жылга карата экономикалык өсүштөр боюнча адистердин берген баасы жаман эмес.
Бирок мыкты деп мактанууга дагы болбой турганын айтышат. Экономист Расул Түлеевдин баамында, 2023-жылы реалдуу секторго өкмөт тарабынан көбүрөөк көңүл бурулуп, ишканалар ачылып, жумуш орундары түзүлүп жатат.
Бирок экономист ички дүң өндүрүмдүн көлөмүнүн 1 триллион 72 миллиард сомго жеткенин рекорддук деп атоодон мурун реалдуу өсүштү аныктап алуу керек дейт:
“Жылдан-жылга өлкө экономикасы аздан болсо дагы өсүп жатат. Албетте, быйыл дагы реалдуу өсүш бар. Учурда ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 1 триллион 72 миллиард сомго жетти деп жатышат. Эртеби, кечпи бул көрсөткүчкө акырындык менен жете турганы анык болчу. Дагы бир жагдай ИДП менен кошо инфляция дагы өсүп жатпайбы. Мына ошолорду эсептеп чыгып анан реалдуу өсүштү айтуу керек”,- деди ал.
Экономист Искендер Шаршеев ИДП өскөнү менен түз инвестициянын көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөндөгөнүн айтты.
Ал дагы жашоо тездик менен кымбаттап жатат жана мындай көрүнүш 2024-жылы дагы кайталанат деди:
“Улуттук валюта менен алып караганда ИДП өстү. Ал эми доллар менен 11 миллиарддын тегерегинде болду. Улуттук валютанын куну акырындык менен түшүп бара жатат. Эки жыл мурун бир сом 69 долларга бааланса, учурда 89 доллар болуп жатат. Муну дагы эске алуу керек. Мунун баарын эске алып, калыс баа берүү керек. Ооба, экономикада өсүш бар. Бирок ИДП менен инфляция жарышып келе жатат”.
Экономисттер “Камбар-Ата-1”, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” сыяктуу чоң мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруу туура саясат деп эсептейт.
Бирок аларды ишке ашыруу узак жылдарды талап кылат жана толук кандуу ишке киргенче мамлекеттик чыгашанын көбөйүшүнө алып келет.
“Улттук долбоорлордун башталып жаткандын өзү чоң нерсе. Ага оптимисттик көз караш менен караш керек. Алгач чыгашалар өсөт, дефицит пайда болушу ыктымал. Сырткы карыз дагы өсүшү мүмкүн. Бирок улуттук долбор жакшы, ал жасалышы керек. Алгачкы жылдары экономикалык таасири терс болгону менен бир калыпка түшкөн соң акыбети кайтат”,- деди ал.











