Соодагер: "Бир күн базарга чыкпайт калуу биз үчүн трагедия"

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

 “Дордой Моторс” базарынын соодагери

Сүрөттүн булагы, Дастан Үмөтбай уулу

Президент Садыр Жапаров базар соодагерлерине 2024-жылдын июлуна чейин патент менен иштөөгө уруксат берди. Мындай чечим бир аптадан бери жер-жерлерде өтүп жаткан каршылык акцияларынан кийин кабыл алынды.

Жапаров "Дордой" базарынын соодагерлерине өзү барып жолугуп, соода-сатыкты фискалдаштырууга салыкчылар даяр эмес экенин жүйө келтирди.

“Мен өкмөт менен силердин ортоңордо элчимин. Өкмөткө дагы тартпайм, силерге дагы тартпайм. Бардык маалымат менен тааныштым жана июлга чейин ушул бойдон иштеп турсун дедим. Салык кызматы силердин патент системасы менен иштеп калышыңарга кызыкдар. Анткени алардын чөнтөгүнө көп акча түшүп турат. Патент алган сайын соодагерлер 500-1000 сомдон салыкчыларга таштап кетип турат. Мунун баарын жок кылабыз”,- деди.

Президент эртеби-кечпи бул тармакты иретке келтире турганын айтты. Садыр Жапаров соодагерлерди үчүнчү тарап курал катары колдонуп жатат деп дагы кыйытты.

Президент Жапаров

Сүрөттүн булагы, Social media

“Бурмаланган түшүнүк”

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров фискалдаштыруу боюнча соода түйүндөрүнүн, ири базарлардын ээлеринин катышуусунда бир канча ирет жыйын өткөрдү.

Соңку эле жыйынында маалыматтын жетишсиздигинен салык режиминдеги өзгөртүүлөр боюнча коомдо бурмаланган түшүнүк калыптанганын айтты. Ал дагы белгилүү бир күчтөр соодагерлерди тукуруу аракетин көрүп жатат деди.

“Эң негизгиси, биздин чакан чекене соодагерлердин басымдуу көпчүлүгү үчүн патент гана жокко чыгарылбастан, башка бир катар жеңилдиктер каралган. Биз жакырчылык менен күрөшөбүз жана бардык адамдарды жакырчылыктан чыгарабыз. Байлар дагы да байып, кедейлер кедей болуп кете берүүсү мүмкүн эмес. Биз үй-бүлөсүн багуу үчүн иштеген бардык чынчыл адамдарды коргойбуз жана жардам беребиз. Биз алар тараптабыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Өлкөнүн жаңы салык саясатына каршы акциялар бир жылга жакын убакыттан бери эле маал-маалы менен жер-жерлерде өтүп келди.

Соодагерлердин көбү кассалык көзөмөл машинаны (ККМ) колдонууга, электрондук эсеп-фактура толтурууга жана электрондук товардык-транспорттук коштомого (ЭТТН) макул эмес.

Өткөн апта соңунда дагы маселе күч алып Ош, Каракол, Талас шаарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыкты. Ушундай эле каршылык дүйшөмбү күнү Бишкектеги “Дордой Моторс” Токмок, Кара-Балта базарында уланып, алды Ак үйгө чейин барды.

"Суукка тоңуп, ысыкка күйүп иштейбиз"

Назира Рысбаева
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Назира Рысбаева жыйырма жылдан бери базарда иштейт. Жалгыз бой эне үч баланын түйшүгүн жалгыз өзү көтөрөт. Жолдошу балдары кичине кезинде эле каза болуп калыптыр. Бирок мамлекет тарабынан аларга эч кандай жөлөкпул чектелген эмес. Базардан тапкан кирешеси балдарын бакканга, аларды окутуп-чокутуп келет:

“Суукка тоңуп, ысыкка күйүп иштейбиз. Кээде тамандан өткөн суук, мээге чейин жетет. Бизде эс алуу деген дагы түшүнүк жок. Кара жанды карч уруп чуркап жүрөбүз. Үйүңдө сыналгы, муздаткыч сыяктуу оокаттарың толук экен деп убагында жөлөкпул берүүдөн дагы баш тартышты. Ошентип соода-сатык кылып өз арабамды өзүм сүйрөп келем”.

Назира “Дордой Моторс” базарында күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү сатат. Соодагер базарда отурган сатуучулар үчүн ККМ колдонууга эч кандай негиз деп эсептейт. Айтымында, мындай ыкма алардын ишин татаалдаштырат жана илгери-кийин бухгалтердик иш менен бет келишип көрбөгөндөн кийин электрондук отчёт толтурууда сөзсүз мүчүлүштүк жаралат деп кооптонуп турат.

“Булар “кнопканы басып койгон ушунчалык кыйынбы?” - деп жатышат. Маселе басып койгондо эмес, аны толтурууда, туура отчёт берүүдө. Маселен, электрондук эсеп-фактураны үч ай сайын толтуруп, отчёт берип туруш керек экен. Биз бухгалтер эмес, жөнөкөй, карапайым соодагербиз. Бир нөлдөн эле ката кетирип алсак, ага жооп беришибиз керек болот, айып салынат”,- деди ал.

Назира алгач соода тармагына аралаша баштаганда патентти 500 сомго сатып алчу. Учурда 5000 сомго чыккан. Ал майда соода-сатык үчүн патент системасы эң ыңгайлуу деп эсептейт.

"Биз товарды карызга же бартер менен алабыз. Ал системаны салык кызматы түшүнбөйт. Мен кантип жан багып жатам билбейт. Дүкөнүмдө товар толтура болгону менен, ошончо насыям дагы бар. Салыкчылар аны эске алышпайт. Маселен, бир фирмага 400 миң сом, дагы бирине 600 миң карызмын. Кассага акча түшпөйт, соодагерлердин акчасы айланып турат. Жаңы салык саясатына ылайык ККМде урулган чек менен, кассадагы тыйын төп келиши керек экен. Соодада эч качан андай болбойт”,- деди Назира.

"ККМ коррупцияны гүлдөтөт"

Митингге чыккандар

Отуз жылдан бери соодада жүргөн дагы бир сатуучу жаңы салык саясатын киргизүү менен өкмөт соодагерлерди кыйнап жатат деди. Ал соода-түйүндөрүнүн көбөйүшү, ири супер маркеттердин салынышы ансыз дагы алар үчүн чоң атаандаштык жаратып жатат деп кошумчалады. Мындай учурда кассалык көзөмөл машинаны (ККМ) жана электрондук эсеп-фактураны киргизүү алардын ишин ого бетер артка тартып жатканын билдирди.

“Таңкы сегизден кечки сегизге чейин иштейбиз. Ар бир убактыбыз эсептелүү. Бир күн базарга чыкпайт калуу биз үчүн трагедия. Анткени ижарабыз, банктагы акчабыз өсөт. Бизди эч ким жалдап чыгарып жаткан жок, жаңы саясатка макул эмес экенибизди билдирип өзүбүз чыгып жатабыз. Бир жылдан бери депутаттарга, министрлерге кайрылдык, эч кандай майнап чыккан жок”,- деди ал.

Алар буга чейин аты-жөнүн ачык айтып, кайрылуу жасагандар бир-топ коркутуп үркүтүүлөргө кабылганын айтып журналисттерге сүйлөп бергенден дагы чочулап жатышты. Аял атын атабастан пикирин гана жеткирип коюуну өтүндү.

Айтымында, бир дагы соодагер патент же салык төлөгөндөн качпайт. Салык кызматынын жаңы саясаты бул тармактагы коррупцияны күчөтөт:

“Мен компьютер басканды билбейм, телефондон кат жаза албайм. Анан ошол аппаратты кантип иштетем. Бир нерсени туура эмес кылып алсам, салыкчылар баса калат. Айласыздан аларга кетип калгыла деп эки же үч миң сом берем. Экинчиси келет ага дагы берем. Ошентип салыкчыларды багабыз. Андан көрө бизди өзүбүз иштеген базардын администрациясы көзөмөлдөсүн. Алар канча соода күркө бар, канча адам иштейт баарын билет. Ошол маалыматтарды өкмөткө өткөрүп берип турсун”,- деди ал.

Соодагерлердин айтымында, анча-мынча кеткен мүчүлүштүктөргө эскертүү бергендин ордуна бармак басты көз кысты кылып бир нерсе үмүт эткен салыкчылар дагы жок эмес.

Мамлекеттик салык кызматы эгер бул өңдүү фактылар аныкталса соодагерлерди коркпостон аларга билдирип коюуну өтүнөт.

“Мындай фактыларды көп учурда ачыкташпайт. Бул чоң көйгөй. Эгер акча талап кылгандар болсо ачык эле билдиришсин. Аларга катуу чара көрүлөт. Мыйзам андайга жол бербейт”,- деди Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы Эркин Сазыков.

Сегиз миллион арзыбаган акча

Салык кызматы

Сүрөттүн булагы, Official

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда учурда бирдиктүү салык системасы жакшы натыйжа бере баштады. 71 миңден ашык субъект бул система аркылуу ишин улантып жатат.

Жаңы салык саясатына ылайык, жылдык кирешеси сегиз миллион сомго чейинки чакан бизнес ээлери мамлекетке эч кандай салык төлөбөйт. Алар болгону ККМ колдонушу керек болот жана пенсияга кете турган камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп турат.

Жылдык жүгүртүүсү сегиз миллион сомдон отуз миллион сомго чейинкилер 0,5 пайыз салык төлөйт.

Отуз миллион сомдон элүү миллион сомго чейинкилерден бир пайыз салык алынат. Ал эми андан жогору киреше тапкандар ири ишкер катары эсептелип башка салык нормаларынын негизинде төлөм жүргүзөт.

“Бул ыкма чакан бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзөт. Себеби базарда иштегендердин, майда соода-сатык кылгандардын 80-90 пайызынын жылдык кирешеси 8 млн. сомдон ашпайт”,- деди салык кызматынын өкүлү Эркин Сазыков.

Соодагерлер жана айрым экономисттер мындай жүйө менен макул эмес. Алардын баамында, соңку жылдардагы инфляцияны, товарлардын баасынын кыйла жогорулаганын эске алганда 8 млн. сом арзыбаган акча.

“Маселен, мурун кумшекер 40 сом болсо, азыр 80 сом болду. 5 кап кумшекер сатсам эле жыйырма миң болот. Демек, менин саткан товарым 8 млн. сомдон ашып кетсе 5 кап кумшекерди сатып коюп отуруп калышым керекпи? Биздин товар айлантуу 8 млн. сомдон ашат. Бирок ал сумма чөнтөккө түшпөйт, улам товарга кошулуп кете берет”,- деди каршылык акциясына чыккан соодагерлердин бири.

Экономист Элдар Абакиров жаңы салык саясаты алымча-кошумчага муктаж дейт. Ал мыкты адистердин катышуусунда жумушчу топ түзүп, ишкерлер менен биргеликте маселени талкуулап, айрым жерлерин кайра карап чыгуу зарылдыгын айтат. Ал дагы сегиз миллион сом деген сумма менен макул эмес:

“Албетте, салыкты баары төлөшү керек. Бирок башка жагдайларды дагы эске алуу зарыл. Жылдык кирешеси 8 млн. сом болгон ишкерлерди салыктан бошотуп жатышат. Бирок ал аз. Бул он жыл мурун кабыл алынган сумма. Андан бери көп нерсе өзгөрдү. Менимче, босого чекти 15 млн. сомго чейин көтөрүү шарт. Дагы бир жагдай соодагерлер ККМди жок дегенде 16-17 миң сомго сатып алат. Анын ичиндеги кагазын алмаштырып турушу керек болот. Отчёт тапшырууну ишкердин көбү түшүнбөйт. Бухгалтер, юрист керек болуп калат деп коркушат. Аларга дагы 20-30 миң сом айлык төлөшү керек болот. Ушул жерде дагы көптөгөн түшүнүксүз маселе бар”,- деди Абакиров.

"ККМден киши кыйналбайт"

ККМ

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Салык кызматынын маалыматына ылайык, ККМди киргизүү ачык фискалдык системаны камсыздайт жана жагымдуу атаандаштыкты пайда кылат. Салык көзөмөлүн кыскартып, керектөөчүлөрдүн укугу корголот.

“Учурда Салык кызматы ККМдин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча атайын иштерди жүргүзүп жатат. Техникалык борборлор менен бирге аппараттын баасын төмөндөтүү, бөлүп төлөө шарттарын түзүп берүү жагы карылууда. Өткөн жылы сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок ишкерлерге 10 миңден ашык пост терминал функциясы бар ККМди бекер таратканбыз”- деди Сазыков.

Айтымында, учурда гибриддик ККМди жайылтуу аракети жүрүп жатыптыр. Ал төлөм картасын кабыл алып, ошол эле учурда отчёт жана ККМ чек дагы чыгарып берет экен. Бул аппаратты колдонуу өтө оңой:

“Практика көрсөткөндөй бир аптанын ичинде эле үйрөнүп кетсе болот. Чоң дүкөндөрдү эске албаганда чакан ишкерчилик кылгандар ар бир товардын аталышын аппаратка киргизүүнүн кажети жок. Башкысы канча суммага соода болду ошол кирсе болду”,- деди ал.

ККМ аппараты болуп туруп, кардарга чек берилбей калган учурда салык мыйзамына ылайык, айып каралган. Бирок алгач эскертүү берилип, ал аткарылбаган шартта гана айып салынат экен.

Айыптын баасы физикалык жактарга 7, 500 миң сом болсо, юридикалык жактарга 23 миң сом.

“Дордой” жана “Кара-Суу”

Дордой

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда соода-сатык кылгандар 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу.

Бирок “Дордой” жана “Кара-Суу” базарлары стратегиялык объекттерге таандык соода рынокторунун аймагына киргендиктен алар өзгөчө режимдеги соода зонасы катары салык төлөшмөк.

Тагыраагы ККМ, электрондошкон товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулмак.

“Бирок бул алар ишин патент менен уланта берет дегендикке жатпайт. Болгону стратегиялык объект болгон үчүн башка режимде салык төлөшөт. Учурда алардын талап кылганы дагы патент системасын калтыруу болуп жатат. Бирок бүгүн президент патент менен иштөөнү июлга чейин жылдырып койду. Мындан аркысы кандай болот айта албайм”,- деди Салык кызматынын өкүлү Эркин Сазыков.

Ошондой эле ал жаңы салык режиминин төмөндөгүдөй айырмасын айтып берди.

“Маселен, “Дордой” базарында дүңүнөн соода кылган субъекттен, “Мадина” базарынын соодагери дүңүнөн товар ала турган болсо ага милдеттүү түрдө ККМ, электрондошкон товардык-транспорттук коштомо кагазы жана электрондук эсеп-фактура берилет”,- деди ал.

Стратегиялык объектиге кирген соода түйүндөрү үчүн белгиленген сумма:

1) 4 000 000 сомго чейин лотоктордо, прилавкаларда, чатырларда, кол арабаларда, бастырмаларда - 18 000 сом;

2) 8 000 000 сомго чейин - 42 000 сом;

3) 8 000 000 сомдон 15 000 000 сомго чейин - 96 000 сом;

4) 15 000 000 сомдон 22 000 000 сомго чейин - 168 000 сом;

5) 22 000 000 сомдон 30 000 000 сомго чейин - 252 000 сом;

6) 30 000 000 сомдон 50 000 000 сомго чейин - 360 000 сом;

7) 50 000 000 сомдон 100 000 000 сомго чейин - 500 000 сом;

8) 100 000 000 сомдон 150 000 000 сомго чейин - 800 000 сом;

9) 150 000 000 сомдон 200 000 000 сомго чейин - 900 000 сом;

10) 200 000 000 жана андан жогору - 1 000 000 сом.

Ишкерлик

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ишкерлер буга даяр эмес

ЖИА бизнес ассоциациясынын директору Аззамбек Жээнбай уулунун айтымында, кыска мөөнөттө патентти жоюп салып чекене жана дүң сооданы фискалдаштыруу өтө кыйын. Экономист өкмөт буга акырындык менен кадам ташташы керек болчу деп эсептейт. Учурда облустарды кыдырып дал ушун маселе боюнча ишкерлердин пикирин угуп жүргөнүн айтып, аймактар буга такыр эле даяр эмес дейт.

“Бул системага өтө турганыбыз анык. Бирок процесс өтө бат жүрүп жатат. Өкмөт буга чейин ошол базарда отургандардын абалын сурап койгон эмес. Өзгөчө базарда соода кылгандардын көпчүлүгү жогорку пайыз менен насыя алып алгандар. Мындай кошумча жүктү соодагерлер көтөрө албай калып жатат”,- деди ал.

Аззамбек Жээнбай уулу маалымат берүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй жатканын айтты. “Дордой” менен “Кара-Сууга” стратегиялык объект катары салыктын башка түрү киргизилип жатканы башка соодагерлерди ого бетер кыжырлантып жатат деди:

“Аларды башка базарлардан бөлүп кароо туура эмес. Баардык базарларда жарандар бирдей шартта, бирдей тобокелдик менен иш алып барат. Андай болсо кайсыл бир базарды пилоттук режимде киргизип, калгандарын анын үлгүсүндө үндөө аркылуу иш алып барышса туура болмок”,- деди ал.

Ошондой эле жаңы салык саясаты соода-сатык тармагын ирилештирип, монополияга түртүп жатат дегендер дагы жок эмес.