Иран-Израил: Жакынкы Чыгышта күчтөрдүн тең салмактуулугу өзгөрүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Израилдин чабуулунун масштабы, "Ислам революциясынын сакчылар корпусунун" жогорку даражалуу командирлеринин жана коопсуздук кызматкерлеринин өлтүрүлүшү — Ирандын көптөгөн тарапташтары үчүн да күтүүсүз жана нес кылган окуя болду. Би-Би-Синин Перс кызматынын кабарчысы Кейван Хоссейни билдиргендей, Израиль таратып жаткан маалыматтар туура болсо, Иран өз тарыхында эң ири аба соккусуна тушукту.
1980-жылдардагы Иран-Ирак согушу учурунда да Иран мындай масштабдагы чабуулга жана жогорку аскер жетекчилеринин бир нече сааттын ичинде өлтүрүлүшүнө туш болгон эмес. Израиль чабуулдар али бүтө элек деп билдирүүдө. Ирандын жоготуулары тууралуу толук маалымат азырынча жарыялана элек.
Ондогон таасирдүү офицерлердин өлтүрүлүшү жана Израилдин согуштук учактарынын ийгиликтүү чабуулдары – бир заматта өзүн-өзү коргоого кудуретсиз болуп калган Иран бийлигинин аброюна чоң сокку урду.
Бул чабуулдар дүйнөгө Ирандын коргонуу күчтөрүнүн алсыз жактарын ачык көрсөттү. Ошондой эле 40 жылдан ашык убакыттан бери ассиметриялык согуш тактикасына негизделген Тегерандын коопсуздук стратегиясы каршылашты сестенткен фактор катары эсептелбей калды.
Бул чабуул Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн тең салмактуулугун Израилдин пайдасына өзгөрттү. Бул окуя Иран менен Израилдин чегинен чыгып, чөлкөмдөгү жаңы коалициялардын жана эл аралык альянстардын пайда болушуна түрткү бериши мүмкүн.
Мунун баары Иранда элдин нааразычылыгы күчөп турган учурга туш келди. Израилдин чабуулунан мурда эле өкмөттүн кадыр-баркы төмөндөй баштаган. Ирандыктардын айрымдары социалдык түйүндөрдө Израилдин ийгиликтерине кубанып, "шейит кеткен командирлерди" калкты куугунтуктап келген аскер күчтөрү катары сыпатташууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Иран мурдагыдай сестентпей калды
Израиль буга чейин да Иранга түздөн-түз чабуул жасап келген, бирок алар мынчалык масштабда болгон эмес. Иран бул соккуга туруштук берип, бир түндө жоготкон кадыр-баркын жана күчүн калыбына келтириши үчүн Израилдин чабуулуна тете жооп кайтарышы керек болот.
"Ислам революциясынын сакчылар корпусу" жана анын филиалдарынын пропагандасына ылайык, Иран 2024-жылы "Чынчыл убадалар" операциясынын алкагында Израилге эки жолу сокку уруп, каршылашынын үшүн алган. Бирок 2025-жылдын 13-июнунда болгон чабуул ал куру сөз болгонун айгинеледи.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Изарилдин чабуулу Ирандын өч алууга жөндөмсүз экенин көрсөттү. Бул чабуулдан кийин Израиль өзүн бул аймакта үстөмдүк кылган аскерий күч катары бекемдөөгө аракет кылууда.
Израилдин аскерий күчү, анын заманбап жана татаал коргонуу куралдарына кеңири мүмкүнчүлүккө ээ экени жаңылык эмес. Бирок азыркы кырдаалдагы негизги маселе — Ирандын коргонуу доктринасында "Ислам революциясынын сакчылар корпусу" Израилди сестенткен, анын чабуулдарынын алдын ала турган натыйжалуу стратегия иштеп чыккан деп айтылып келгенинде.
Ирандын акыркы 40 жылдагы саясий-экономикалык изоляциясы жана сегиз жылдык иран-ирак согушундагы тажрыйба — Иран коргонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ дегендей таасир жараткан. "Ислам революциясынын сакчылар корпусунун" жетекчилери муну менен сыймыктанып, өздөрүнүн аскердик күч жана параллель армия катары эсептеп келишкен. Бирок азыр бул түшүнүктүн баары пропаганда экени ачыкка чыкты.
13-июндагы чабуулда Ирандын коргонуу стратегиясынын кемчиликтери ачык билинди. Ирандын коопсуздук жана коргонуу түзүмдөрү заманбап, жакшы жабдылган армиянын алдында канчалык алсыз жана жөндөмсүз экенин көрсөттү.
Коопсуздук кризиси
Өзүнүн 200 жылдык тарыхында бир нече жолу аскерий жеңилүүлөргө, эки ири оккупацияга жана чет элдик державалар тарабынан падышасынын алмашуусуна туш болгон өлкөдө элиталар бул окуялардын кайталанышынан дайыма кооптонуп турушат.
19-кылымдагы орус-перс согушунда Иран жеринин бир бөлүгүнөн ажырап, 20-кылымда Ирак Хузестан провинциясын аннексиялап алууга аракет жасаганда, өлкө бийлиги буга жол берген эмес.
1941-жылдагы Иран операциясында чет өлкөлүк аскерлер Тегеранды басып алышкан, бул окуяны азыркы бийликтин тарапташтары менен шиизм идеологиясын жактагандар светтик бийликтин алсыздыгы катары сүрөттөшөт.
"Ислам революциясынын сакчылар корпусунун" аскердик күчү, анын ракеталык жана учкучсуз учактар боюнча программалары тууралуу айтылгандардын баары жөн гана пропагандабы?
Израилдин "200дөн ашык" согуштук учагы бир түн ичинде Иранга учуп, 100дөн ашык бутага "330 бомбаны" жана "ар кандай ок-дарыларды" кантип таштады?
Иранга сокку уруу классикалык аскердик операция менен эле аяктаган жок. Ирандык командирлердин өлтүрүлүшү – өлкөнүн коопсуздук жана аскерий түзүмдөрү "Моссаддын" алдында алсыз экенин ачык көрсөттү.
Ирандын контрчалгын жана чалгындоо чаралары жетишсиз болгондой.
Кырдаал абдан курч болгондуктан, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арахчи муну Израиль "согуш жарыялады" деп атады. Эл аралык мыйзамдарга жана БУУнун Уставына ылайык, Израиль Иранга каршы расмий "согуш жарыялаган" жок, бирок болгон окуяны бейрасмий түрдө согуш жарыялоо катары эсептесе болот.
БУУнун Уставына ылайык, уюмга мүчө мамлекеттерге күч колдонууга тыюу салат, ошондуктан өлкөлөр расмий согуш жарыялоого батынбай келишет. Израиль болсо бул чабуулдарды өзүн коргоого багытталган алдын алуу максатындагы чара деп түшүндүрүп жатат.
Бирок БУУнун Уставына ылайык, алдын алуучу чабуулдар мыйзамсыз болуп саналат. Анткени 51-беренеде көрсөтүлгөн өзүн-өзү коргоо укугу башка бир мамлекет ачык түрдө кол салганда гана колдонулат.
Акыркы мезгилде Иран Израилге түздөн-түз кол салган эмес. Акыркы айлардагы саясий окуяларга көз чаптырсак деле Иран Израилге сөзсүз кол салат деген коркунуч жок экенин көрүнүп турат.
Бул жагдайдын баары узак убакытка созулушу мүмкүн болгон, өч алуу жана коопсуздук кризиси менен коштолгон, көп кырдуу жана терең жаңжалды пайда кылууда.
Би-Би-Синин фарс тилиндеги макаласынын түпнускасын бул жерден окуса болот. (АА)












