Зарыккандар жана жардамга жамынып жан баккандар

Соңку жылдарды Бишкектин көчөлөрүн бойлой басып жардам сурагандардын саны арбыды. Кээде аларды көргөндө жардамга муктаж адамдардын саны ушунча өстүбү дегене ой басат. Бирок ден-соолугунун айынан акчага зарыгып тургандардын атына жамынып жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр дагы жок эмес.
Кечээ жакында эле Бишкектин жол кайгуул кызматы жол жээгине чыгып тилемчилик кылгандар үчүн рейд өткөрдү.
Бир күндө эле үй-жайы жок алтымыштан ашуун киши “Коломто” борборуна жеткирилип, андан тышкары он төрт кишиге айып салынды.
Негизи жолдо унааларды аралай басып, кайыр же жардам сураганга мыйзам жол бербейт жана ал үчүн 1000 сом айып салынат. Эң эле жөнөкөй себеби бул кооптуу иш.
“Бир гана тез жардам кызматкери же куткаруучу кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда жолдун кыймылдуу бөлүгүндө жүрө алат”,- деди Бишкектин жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз жетекчиси Тилек Исаев.

Айтымында рейддин жүрүшүндө ар кандай фактылар ачыкталат. Айрымдары чындап эле өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан жакындарынын ден соолугу үчүн көчө кыдырганга аргасыз болсо, жан бактылыкка өтүп алып, керт башын кызыкчылыгы үчүн жеңил оокат издегендер да жок эмес.
Атүгүл балдак көтөрүп же атайын арабага олтуруп алгандардын арасында куландан соо болуп чыккандары дагы болот. Бир ирет ушул эле Бишкектин өзүндө бутум жок деп майыптардын арабасында олтурган сомодой жигиттин алдамчылыгын ашкерелеп, кубалаган учур видеого тартылып калган. Анда бутум жок деп олтурган киши тура калып, куландан соо басып кеткени тартылган.
“Андай учурлар толтура. Ичимдик же наркотикалык зат сатып алуу үчүн ар кимдин атын сатып же өз ден-соолугун шылтоолоп чыккандар көп”,- деди Тилек Исаев.
“Андай шылуундар топ болуп жүрүшөт экен”

Сүрөттүн булагы, Save Аruuzat
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эки-үч жыл мурун омуртка булчуңдарынын атрофиясына чалдыгып, дарылануусу үчүн ири каражатка муктаж болуп коомдон жардам сураган Аруузат Ташматованын ата-энеси дагы шылуундардын торуна кабылган.
Өмүр үчүн күрөшүп жаткан кенедей кызынын атын жамынып каражат чогултуп, чөнтөгүн кампайткандарды милицияга өздөрү кармап берген учурлар дагы болгон экен.
“Андай шылуундар бир-эки адам эмес топ болуп жүрүшөт экен. Эми биздин милициялардын кандай иштей турганын билесиз да?! Ушундай алдамчыларды кармаганда “бул анча көп сумма эмес, андан көрө башка иштерим бар” дегендей жооп айтышат. Анткени 100 миң сомго чейинки акча болсо, андай шылуундарды камай алышпайт экен, ошон үчүн муну майда иш катары кабыл алышат”,- деген эле бирде Би-Би-Сиге берген маегинде кыздын атасы Бакай Ташматов.
Укук коргоо органдарынын мындай сөзүнөн кийин Аруузаттын атасы ыктыярчылардын көмөгү менен алдамчыларды өздөрү кармаганга аракет кыла баштаган.
“Эки-үч алдамчыны кармап милицияга өзүбүз алып бардык. Аларды 1-2 сааттан кийин эле коё берип салышты. Ошондуктан биз өзүбүз көзөмөлдөгөнгө аракет кылып жаттык. Бирок көчөдөгү адамдарды колго түшүрүү кыйын экен. Инстаграмдагы алдамчыларды кармоо оңой болуп жатты. Жада калса эки-үчөөнү кармап, акчаларын кайтартканга туура келген. Чынында мындай нерселер көп болду”, - деген Ташматов.
“Биздин ыктыярчылар куту кармап көчөгө чыкпайт”

“Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду он жылдан ашуун убакыттан бери чындап зарыгып тургандарга жардам колун сунуп келет.
Дарылануу үчүн каражат чогултууга көмөктөшүп коюуну суранып фондго кайрылгандардын саны аз эмес.
“Биз аларга жарнама түрүндө гана жардам көрсөтө алабыз. Ал үчүн Instagram, Facebook сыяктуу социалдык түйүндөрдө баракчаларыбыз бар. Ошол жактарга жарыялайбыз. Бирок биздин ыктыярчылар эч качан куту көтөрүп көчөгө чыккан эмес. Ага уруксат берилбейт”,- деди фонддун социалдык кызматкери Сабина Акбарова Би-Би-Сиге.
Бирок коомдук каналдар аркылуу башка эле бирөөлөр фондго таандык логотиптерди баракчаларына коюп алып, жардам сураган учурлар болгон дейт:
“Instagram аркылуу биздин атыбызды колдонуп, акча топтогон бир-эки учур катталган. Жеке куржундарына кат жолдоп өчүрткөнбүз. Бирок алар чындап эле жардамга муктаж адамдар болуп чыккан. Болгону элдин көңүлүн жакшыраак буруу үчүн биздин логотипти баракчаларына коюп алган экен”.
Өтө оор илдеттер менен күрөшүүдө Кыргызстандын медицинасы дары-дармек, жабдыктар эле эмес мыкты кадрлардын жетишсиздиги жагынан дагы аксап жатканын аталган министрлик ачык эле айтып келет.
Мындан улам чет мамлекеттен дарыланууга аргасыз болгондордун көбү каражат таппай карайлагандан улам жардам сурап, акча чогултуунун ар кандай жолун колдонуп келет.
Бирок соңку жылдары өлкөдө орган алмаштыруу операциялары ишке аша баштады. Боор, бөйрөк трансплантациясы боюнча алгачкы операциялар жасалып, көптөгөн бейтаптарга үмүт берип турган чак.












