300 миң сом күрөө, үгүт чыгымдары: №13 шайлоо округу боюнча БШК эмне дейт?

Шайлоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык административдик соту №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер болгон Бакыт Сыдыковдун арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Сыдыков сотко кайрылып, Борбордук шайлоо комиссиясынын 13-февралда кабыл алган токтомун мыйзамсыз деп табууну жана аны жокко чыгарууну өтүнгөн.

Эске салсак, 13-февралда БШК №13 округ боюнча мурда жокко чыгарылган шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маселени кайра караган. Бул боюнча аталган округдан талапкер болгон Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова комиссияга арыз менен кайрылышкан.

Алар жаңы ачылган жагдайларга таянып, мурдагы чечимди жокко чыгарууну суранышкан.

Алардын айтымында, шайлоонун жыйынтыгы Бактыбек Сыдыковдун тарапташтары айрым добуш берүү тилкелерине телефон орнотуп койгону үчүн жокко чыгарылган. Ал эми башка талапкерлер тарабынан эч кандай мыйзам бузуу катталган эмес.

Бул жагдайларды карап чыгып, БШК 2025-жылдын 30-ноябрында №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү деп таап, Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекованы жеңүүчү деп тааныган чечим кабыл алган.

Талапкерлердин кайрылуусу

Талапкерлер

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Бирок Боршайкомдун мындай чечими коомдо кызуу талкууга жем таштады. Дем алыш күндөрү №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышып жаткан айрым талапкерлер нааразычылыгын билдирип, социалдык тармактар аркылуу видео кайрылуу жасашты.

Борбордук шайлоо комиссиясына расмий арыз менен кайрылышканын жана мындан аркы кадамдары комиссиянын чечимине жараша боло турганын айтышты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алар бул округдан талапкер болуп катталып, мыйзам чегинде үгүт иштерин жүргүзүп жатышкан. Айтымдарында, ошол учурда БШК 2025-жылдын 30-ноябрындагы шайлоонун жыйынтыгын кайра жарактуу деп таап, бирок бул тууралуу аларга расмий түшүндүрмө берген эмес.

Алардын пикиринде, мындай чечим талапкер катары алардын кадыр-баркына терс таасирин тийгизген.

Мындан тышкары, шайлоо фондуна, үгүт материалдарына, штабдын ишине, ишенимдүү өкүлдөргө жана башка уюштуруучулук иштерге ири суммадагы каражат жумшалганын айтышат.

Кайра шайлоонун токтотулушу бул каражаттардын текке кетишине алып келди деп белгилешет.

"Жогорудагылардын негизинде төмөнкүлөрдү талап кылабыз. Биринчиден, кайра шайлоону жокко чыгаруу боюнча кабыл алынган чечимдин укуктук негиздерин расмий түрдө түшүндүрүп беришсин. Экинчиден, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 2025-жылдын 30-ноябрындагы жыйынтыкты жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырып, 2026-жылдын 1-мартына дайындалган шайлоону улантып, аягына чейин чыгарышсын. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык талапкерлердин бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылабыз",- деп айтылат билдирүүдө.

БШК эмне дейт?

Бул маселе боюнча БШК мүчөсү Узаркбек Жылкыбаев түшүндүрмө берип, 30-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы 30дан ашуун шайлоо тилкесинде мыйзамсыз камералар орнотулгандыктан жокко чыгарылганын эске салды.

Айтымында, ал учурда айрым мыйзам бузуулар боюнча так жооп болбой, тергөө иштери кечеңдетилген.

"30дан ашуун шайлоо тилкесине мыйзамсыз камералар орнотулганын баарыбыз көргөнбүз, бул факт аныкталган. Бирок милиция ал камералар кайсы талапкерге тиешелүү экенин так аныктай албай койгон. Азыр эми тергөө камералар Бактыбек Сыдыков аттуу талапкерге тиешеси бар адамдар тарабынан орнотулганын аныктап, айыбын угузуп, материалдарды бизге алып келип берди. Эгер муну дароо аныктап беришкенде, мындай абал жаралмак эмес. Мен ошол кезде эле ИИМге атйкам. "Силер ушундай практикага өтүп алдыңар. Фактыларыңар бар, кызматкерлериңер иштеп жатат. Бирок "тергөө жүрүп жатат" деп токтотуп коюп, бир топ убакыт өткөндөн кийин гана ооба же жок деп чечим чыгарасыңар. Анан коомчулук бизди сындап чыгат",- деп. Бул туура эмес. Ыкчам чараларды жүргүзгөндөн кийин чечим да ыкчам болушу керек",- деди Жылкыбаев.

Белгилей кетсек, былтыр 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо №13 округдагы 30дан ашуун добуш берүү тилкесинде талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз байкоо камералары орнотулганы аныкталган. БШК бул аракеттерди "добуш берүүнүн купуялуулук принцибин одоно бузуу" деп баалап, 3-декабрдагы жыйынында округдагы жыйынтыктарды толугу менен жокко чыгарган.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча бул округдан Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдыга чыккан. Мыйзам бузуулар боюнча негизги айыптоолор Бактыбек Сыдыковдун дарегине айтылган. Ал болсо бул дооматтарды четке кагып келген.

Бир катар талапкерлер БШКнын жыйынтыкты жокко чыгаруу чечимине каршы сотко кайрылышкан. Бирок соттук инстанциялар комиссиянын чечимин күчүндө калтырган.

Кийин БШК 2026-жылдын 1-мартына кайра шайлоо дайындаган. Ага 31 талапкер катышуу ниетин билдирген. Айрымдары каттоодон өтпөй калган же өз арызы менен баш тарткан. Натыйжада 22 талапкер калган.

Жылкыбаевдин айтымында, талапкерлердин сотко кайрылууга укугу бар.

"Бул боюнча чекитти сот коёт. Биз мыйзам чегинде иш кылдык. Мыйзам талабы жол берген мөөнөткө чейин күттүк. 30-декабрь акыркы күн болчу. Колдон келишинче мыйзам талаптарынан чыкпай чечим кабыл алып келе жатабыз. Бирок мындай шартта укук коргоо органдарынын иши да ыкчам болушу керек",- деди ал.

Ал ошондой эле 300 миң сомдук шайлоо күрөөсү кайтарылып берилерин, ал эми үгүткө кеткен каражаттар боюнча маселе соттук тартипте чечилиши мүмкүн экенин айтты.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Учурда парламентте 87 депутат бар. Мыйзам боюнча Кыргызстандагы 30 шайлоо округунун ар биринен үчтөн депутат шайланышы керек. №13 округдан шайлана турган үч депутат парламенттин курамын толуктайт.