Президенттин өлүм жазасын киргизүүгө байланышкан сунуштамасы Конституциялык сотко келип түштү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент Садыр Жапаровдун өлүм жазасын киргизүүгө байланышкан маселе боюнча кайрылуусу Конституциялык сотко келип түштү. Сентябрда Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү өлүм жазасын киргизүү тууралуу талкууларды күчөткөн. Ушундан кийин Садыр Жапаров өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөргөн. Буга байланыштуу Конституцияга өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоору 13-октябрдан баштап коомдук талкууга коюлган.
Президент Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу сунуштамасы Конституциялык сотко келип түштү. Бул тууралуу мекеме 2-декабрда маалымдады.
Президент аталган мыйзам долбооруна расмий корутунду берүү суроо-талабын жөнөткөн.
"Конституциялык сотко «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна корутунду берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы келип түштү. Долбоор менен Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Тиркелген материалдарда көрсөтүлгөндөй, бул демилге балдарга жана аялдарга каршы өзгөчө оор кылмыштардын санынын өсүшү менен шартталган жана алардын конституциялык-укуктук жактан корголушун күчөтүүгө багытталган. Сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелери менен байланышкан маселелерди кийинки укуктук жана башка зарыл болгон жол-жоболордун алкагында чечүү болжолдонууда" деп айтылат Конституциялык соттун маалыматында.
Конституциялык сот президенттин сунуштамасына качан корутундусун берерин тактаган эмес.
Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилип, анын ордуна 2007-жылы Жогорку Кеңеш өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамын кабыл алган.
Сентябрдын соңунда зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айсулуу Мукашеванын окуясынан кийин президенттин басма сөз кызматы балдарга жана кыз-келиндерге каршы жасалган кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берилгенин билдирген.
Андан көп өтпөй балдарды зордуктоо же зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү кылмыштары үчүн өлүм жазасын киргизизүүнү камтыган өзгөртүүнү Конституцияга киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Мыйзам долбоорун Президенттин администрациясы иштеп чыкканы айтылган.
Акыйкатчы институту өлүм жазасына каршы болгон
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бир ай мурда Кыргызстандын акыйкатчысы Жамила Жаманбаева өлүм жазасынын кайра киргизилишине каршы экенин билдирген.
«Биз коомчулуктун зомбулуктун трагедиялуу учурларына карата болгон эмоционалдык реакциясын түшүнөбүз, бирок өлүм жазасын кайтаруу маселени чечпейт деп эсептейбиз. Иликтөөлөрдүн сапатын жогорулатып, жазадан кутула албастыгын камсыз кылуу жана кылмыштардын алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл», — деди Жамиля Жаманбаева.
Эки жыл мурун Жогорку Кеңештин айрым депутаттары баш мыйзамга өлүм жазасын кайра киргизүү демилгесин көтөрүп, бирок колдоо тапкан эмес.
Акыйкатчы институту анда бул демилгеге каршы чыкканын белгилейт.
"2023-жылы Акыйкатчы Институту өлүм жазасын кайра киргизүү боюнча өз позициясын билдирген. Бул аракет Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан Конституциялык сотко эң жогорку жаза чарасына тыюу салууну кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылганда жасалган. Акыйкатчы белгилегендей, Акыйкатчы Институтунун позициясы өзгөрүүсүз бойдон калууда: өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине, тагыраагы, өлкө 2010-жылы ратификациялаган, өлүм жазасын жоюуга багытталган Экинчи Факультативдик Протоколдун жоболоруна карама-каршы келет" деп айтылат Акыйкатчы институтунун бир ай мурдагы маалыматында.
Юрист Таттуубүбү Эргешбаева президенттин аялдарды жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо демилгесин колдоорун айтып, муну өлкө үчүн маанилүү жана керектүү кадам деп баалады. Бирок ал өлүм жазасын кайра жандандыруу маселесинде бир катар маанилүү жагдайларды эске алуу зарылдыгын белгиледи.
"Кыргызстан жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Бул документ өлүм жазасын толук жоюуну талап кылат жана андан четтөөгө жол бербейт. Ошондуктан өлүм жазасын кайра киргизүү эл аралык милдеттенмелерге жана Кыргызстандын Конституциясына каршы келет", — деди Эргешбаева.
Айтымында, көйгөй өлүм жазасынын жоктугунда эмес, сот адилеттигине болгон ишенимдин төмөндүгүндө жана тергөө менен сот системасынын сапатында.
Юрист бул сыяктуу көрүнүштөрдү өлкөдөгү социалдык-экономикалык шарттар менен да байланыштырды.
"Көп балдар ата-энелеринин көзөмөлүнөн сыртта калууда. Үй-бүлөлөр жетиштүү колдоого ээ эмес жана мамлекеттик коргоо механизмдери толук кандуу иштебейт",- деди ал.
Эргешбаева өлүм жазасын кайра киргизүүнүн ордуна башка, комплекстүү чараларды кароо зарылдыгын белгиледи.
Өлүм жазасы: дүйнөдөгү абал
Юрист Таттуубүбү Эргешбаева өлүм жазасына байланыштуу коңшу мамлекеттердин тажрыйбасын мисал келтирди.
Казакстан — 2021-жылы өлүм жазасын толук жойгон жана эл аралык келишимдерге кошулган.
Тажикстан — 2004-жылдан бери мораторий иштеп, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулууда.
Өзбекстан жана Түркмөнстан — өлүм жазасын толук жоюп, бул норманы Конституциясында да бекемдешкен.
Армения, Азербайжан, Молдова — өлүм жазасын четке кагып, эл аралык милдеттенмелерди аткарып келишет.
Беларус — өлүм жазасын колдонуп келет, бирок эл аралык келишимдерге кошулган эмес.
Орусия — өлүм жазасы мыйзамда бар, бирок Конституциялык соттун чечимине ылайык мөөнөтсүз мораторий киргизилген.
2024-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында 130 өлкө өлүм жазасына мораторий киргизүү резолюциясын колдогон.
Деген менен дүйнөдө өлүм жазасын колдонгон мамлекеттер жок эмес. 2024-жылы Кытай, Иран, Сауд Аравиясы, Ирак жана Йемен эң көп өлүм жазасын колдонгон мамлекет катары табылган.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен Беларуста гана өлүм жазасы сакталып калган. Ошондой эле АКШнын айрым штаттарында дагы жазанын бул түрү колдонулат.
Европа союзу тараткан расмий маалыматка ылайык, учурда дүйнө өлкөлөрүнүн үчтөн экисинде өлүм жазасы жоюлган.
Amnesty International укук коргоо уюмунун 2022-жылдагы маалыматына ылайык, дүйнөнүн 55 өлкөсүндө өлүм жазасы колдонулат. Алардын тогузунда адатта киши өлтүрүү же согуш кылмыштары сыяктуу абдан оор кылмыштар менен соттолгон адамдар гана өлүм жазасына өкүм кылынат. 23 өлкөнүн мыйзамдары өлүм жазасына уруксат бергени менен мындай эң жогорку жазага 10 жылдан бери бир дагы адам тартыла элек.












