Индияда мектепте хиджаб кийүү маселеси Жогорку Сотко жетти

Имран Куреши, BBC Hindi

Индия
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиядагы хиджабды тыюуга каршы нааразылык акциялары

Мусулман аялдарга мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салынып, мындан чыккан нааразылык Индиянын Карнатака штатындагы орто мектептердин жана колледждердин үч күнгө жабылышына алып келди.

Бул жаңылык учурда дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп жаткан кези.

Карнатакадагы жергиликтүү бийлик студенттердин нааразылык акциялары кагылыштарга чейин жеткенден кийин ушундай чечимге келип отурат.

Шаршембиде бул штаттын Жогорку соту хиджабтарга тыюу салууну караган чечимге каршы арызды жогорку инстанцияга жолдоду.

Хиджаб маселесинен чыккан нааразылык бүт Индияга тарады.

Жүздөгөн адамдар өлкөдөгү эң ири шаарлар: Калькутта менен Ченнаиде жана Хайдарабадда демонстрацияларга чыгышты. Ал эми Пакистан өкмөтү Индиядагы элчисин чакыртып алды.

Индиянын түштүгүндөгү аталган штатта мектеп-колледждерди жабуу чечими, бул жерде алты өспүрүм нааразылык акциясына чыгып, аларды башка мектеп окуучулары да колдоп чыккандан кийин кабыл алынды.

Бул окуядан кийин индуист бир нече студенттер хиджабчан кыздарга каршы шафрандын түсүндө жоолук салынып (индуисттердин символу) окуу жайга келишкен.

Шейшебиде Нобель сыйлыгыны лауреаты, 15 жашында кыздардын билимге болгон укугун коргоп чыкканы үчүн талибдердин чабуулуна кабылган Малала Юсафзай Индиядагы окуяларга өз пикирин билдирди. Малала Индия лидерлерин “мусулман аялдарын маргиналдаштырууну токтотууга” чакырды.

«Хиджаб кийип келгени үчүн эле кыздарга мектепке кирүүгө тыюу салуу – түркөйлүк», — деп жазды Твиттерде 24 жаштагы активист кыз. «Ачынып же жамынып жүргөнү үчүн эле аялдарды объективдештирүү дагы деле уланууда».

Индиядагы мусулман азчылыктарын бул окуя бир эсе коркутуп, бир эсе кыжырдантып жатат. Алар Конституцияда алар эмнени кийет же коет эркиндик берилгенин айтып жатышат.

Вируска айланган видеороликтерде жаш уландардын жоон тобу айгайлап ураан айтып, хиджабчан мусулман айымдын оозун басканын, ошондой эле хиджаб менен шафран жоолук салынган студенттер кызыл-чеке талашка түшүп жатканын көрүүгө болот.

Чыр эмнеден чыкты?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Карнатака штатынын Удупи районундагы колледж окуучулары хиджаб кийүүгө тыюу салынганына нааразылык билдирип чыгышып, бул коомчулуктун көңүлүн бурду.

Удупи — Карнатака штатындагы үч райондун бири, районда опурталдуулук тобокелчилиги чоң, сезимтал келип, өкмөт башчы Наренда Модинин оңчул Бхаратия Джаната партиясынын чеби десе болот.

Колледж жетекчилиги кампус аймагында студенттерге хиджаб кийүүгө уруксат экенин, жоолукту класс ичинде эле алып коюу суранычы берилгенин айтып жатат. Бирок нааразы болгон тарап класс ичинде да жоолук салынып жүрүүнү талап кылууда.

Студенттер ошондой эле буга чейин айтылгандай, алар радикал ислам Campus Front of India тобунун жетегинде иш алып барып жатат деген сөздөрдү четке кагышты.

Индияда хиджабчан же толугу менен чүмкөнгөн аялды көрүү кадыресе көрүнүш. Бирок колледждин директору мугалимдер окуучунун бетин көрүшү керек, форма кийүү окуучулар арасында дискриминацияны жоюуга кепилдик берет деген.

Нааразылык башка колледждерге кантип жайылды?

Мусулман кыздардын мектептерде хиджаб кийүү маселеси буга чейин Карнатака штатынын башка колледждеринде да көтөрүлгөн. Бирок анын масштабы Удупидеги нааразылыкка чыккан айымдардын сүрөттөрү Интернетте тарап кеткенден кийин от алып кетти.

Башка колледждердеги студент-индуисттер да окууга шафран түстүү жоолуктар менен келишип, чиновниктер аларды да кампуска киргизүүгө тыюу салышкан.

Өткөн аптада Удупи шаарындагы Кундапуре колледжинде хиджабчан студент кыздардын алдында дарбазаны жаап койгон видео тарап, бул кыжырданууну жаратты.

сүрөт

Сүрөттүн булагы, UMESH MARPALLY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вируска айланган видеодон скриншот

Мындан кийин студент-индуисттердин эркек жана кыздар тобу хиджабчан классташтарына каршы маршка чыгышкан.

Бирок шейшембиге чейин зомбулук катталган эмес. Сот бул тууралуу петицияны карар алдында бир нече шаарларда демонстрацияда таштар ыргытылып, айрым жерлерде өрт кое берилгени тууралуу маалыматтар тарады.

Жергиликтүү бийлик колониалдык доордогу чектөөнү киргизип, ага ылайык төрттөн ашык адамга чогулууга тыюу салынды.

Шивамогга аймагында болсо индуист-студенттер колледжинде шафран жоолугун туу кылып көтөрүп, жергиликтүү бийлик бул окуяны териштирүүгө алды.

Ал эми Мандья районунда тартылган видеодо хиджабчан жаш аялга шафран жоолукчан эркектердин тобу жакын келе жатканы көрүнөт. Видеодо алар «Джай Шри Рам» (Рам Кудайына салам айтуу) деп бир нече жолу кыйкырышканын угууга болот. Буга хижабчан кыз «Аллаху Акбар» (Алла улук) деп кыйкырып жооп кайтарат, андан кийин кызды мектеп жетекчилиги жетелеп кетип баратканын көрүүгө болот.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы

Полициянын жогорку чиндүү кызматкери Би-Би-Синин Хинди кызматына , муну «болор-болбос жагымсыз окуя» деп сыпаттаган.

Бул тууралуу өлкө бийлиги эмне дейт?

Карнатака штатынын Билим министри Нагеш БС кампус аймагында шафран шарфтарын да, хиджабды да жамынууга тыюу салынат деген колледж жетекчилерин колдоого алды.

Министр студенттерге «жаман ойлуу» адамдар чагымчылык кылып жатат деген пикирде.

«Бул саясий маселе. Кийинки жылы штаттын ассамблеясына шайлоолор өтөт, бул ошого байланыштуу», — деди Нагеш Би-Би-Сиге. Ал Индиянын Элдик фронтунун саясий канаты аймакта таасирин арттыргысы келип жатканын кыйытты.

Башкы министр Басаварадж С. Боммаи жана штаттын ИИМ министри студенттерди «тынчтыкка жана ынтымакка» чакырышты.

сүрөт

Сүрөттүн булагы, UMESH MARPALLY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шафран шарф жамынган индуист студенттер

Сот эмне дейт?

Шаршемби күнү нааразы болуп жаткан мусулман айымдардын эки арызын караган судья Кришна Диксит бул ишти кенен соттук курамда кароо керектигин билдирди.

«Талкууга тушкөн маанилүү бул маселенин масштабын эске алып, сот бул ишти кенен курамдагы коллегия түзүп кароо үчүн документтерди башкы сотко өткөрүп бериши керек деген бүтүмгө келди», — деп соттун айтканын юридикалык жаңылыктардын Live Law сайтып жазып чыкты.

Эки петициянын бирөөсүндө жаран эмне киет Индиянын Конституция тарабынан кепилденген укук экени айтылат. Экинчисинде, аталган штаттын бийлигинин билим берүү жайларында жоолук жана хижаб кийүүгө тыюу салуу тууралу буйругунун мыйзамдуулугуна шек саналат.

Алардын адвокаты өкмөттүн хижабга тыюу салган буйругу Баш мыйзамга каршы келерин айтып, соттон окуучуларга экзамен алдындагы сабактарга кирүүгө убактылуу токтом чыгарып берүүнү өтүндү.

Live Law жазып чыккандай судья Диксит арыз берүүчүлөр Жогорку сот кенен курамда коллегия түзгөндөн кийин деле утурумдук жардам ала аларын айткан. (Eka)