Британиядагы король үй-бүлөсү: Алар кимдер жана королеванын жумушу кандай?

Сүрөттүн булагы, PA Media
Королева Елизаветанын платина юбилейин майрамдоо үчүн британиялыктар июнь айынын башында төрт күн эс алат.
Февраль айында королева Британия монархиясында 70 жыл кызмат өтөп, тактыда эң узак турган киши болуп калды.
Королева Елизавета II 1952-жылы атасы Король Жорж VI каза болгондон бери Британияны башкарып келатат. Ошондой эле ал 15 шериктеш өлкөнүн дагы башчысы. Ал шериктештиктин арасында Канада, Австралия жана Ямайка сыяктуу мамлекеттер бар.
Королеванын юбилейи деген эмне?
Королева 1926-жылы 21-апрелде төрөлгөн. Бирок ал жыл сайын эки туулган күнүн өткөрөт. Экинчи туулган күнү расмий түрдө майрамдалып, көбүнчө июнь айынын экинчи ишембисинде болуп өтөт. Мындай салт анын бабасы Эдуард VIIнин тушунда башталган. Эдуард VIIнин туулган күнү ноябрда болгондуктан ал элдик майрамдоо үчүн жакшы аба ырайы болуусун каалаган.
Бул юбилей монархиянын башкаруусундагы бөтөнчө жыл. Быйыл Королеванын төртүнчү юбилейи өтүп жатат. Анын Күмүш юбилейи 1977-жылы, Алтын юбилейи 2002, ал эми Бриллиант юбилейи 2012-жылы белгиленген.
Жыл ичи көптөгөн расмий майрамдарды өткөрүү пландалган, бирок эң негизги салтанат июнь айындагы төрт күндүк майрам учурунда болмокчу. Анда 260 жылдан бери өтүп келаткан аскердик парад, Букингем хансарайынын сыртында концерт жана театралдаштырылган көрсөтүүлөр болот. Өлкө боюнча көчөлөрдө миңдеген кечелер өткөрүлөт. Пабдар, барлар жана түнкү клубдар дагы түнкү саат бирге чейин иштешет.
Юбилейди майрамдоонун башында королева үй-бүлө мүчөлөрү менен 2-июнда Букингем хансарайынын балконуна чыгышат.
Хансарайдын башкармалыгынан ырасташкандай, ал “расмий мамлекеттик кызматты аркалаган королдук үй-бүлө мүчөлөрү” үчүн эле болгондуктан канзаада Гарри менен канзаада Эндрю балкондогу салтанатка катышпайт.
2012-жылы королеванын Бриллиант юбилейин майрамдоо үчүн көчөлөрдө көптөгөн кечелер өткөрүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Королева качан тактыга отурган жана таажы кийүү учурунда эмне болот?

Сүрөттүн булагы, PA Media
Монархтар каза болгондо алардын мураскери дароо король же королева болуп калат. Такка отургузуу салтанатында монархка расмий түрдө таажы кийгизилет. Бул мурдагы башкаруучуга аза күтүү мөөнөтү аяктагандан кийин өткөрүлөт.
Елизавета IIге 1953-жылдын 2-июнунда таажы кийгизилген. Аны такка отургузуу салтанаты биринчи жолу теледен түз ободо көрсөтүлгөн. 20 миллиондон ашуун киши аталган салтанатты көргөн.
Таажы кийгизүү салтанатынын негизги элементтери жүздөгөн жылдардан бери дээрлик өзгөрүүгө учураган эмес. Аны Кентербери архиепискобу ишке ашырат. Монархка “ыйык май” сүртүлүп, король бийлигинин символу болгон шар менен скипетр берилет жана Ыйык Эдуарддын таажысы кийгизилет.
1953-жылы 2-июнда королевага таажы кийгизүү салтанатын 20 миллиондон ашуун киши көргөн.
Королеванын канча баласы жана небереси бар? Мураскер кантип аныкталат?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Королева маркум жолдошу канзаада Филип менен 73 жылдан ашуун убакыт чогуу жашады. Канзаада Филип 2021-жылдын апрель айында көз жумган. Алардын төрт баласы, сегиз небереси жана 12 чөбөрөсү болгон. Канзаада Чарлз — анын тун уулу. Андан кийин канбийке Анна жана канзаада Эндрю менен канзаада Эдуард бар.
Король үй-бүлөсүндө монарх каза болсо же тактыдан баш тартса, анын ордуна ким келери мураскерлик тартиби боюнча аныкталат. Тактыга талапкер катары алдыңкы сапта монархтын тун кызы же уулу орун алат.
Мындай тартип жүздөгөн жылдардан бери сакталып келаткан эрежелер менен жөнгө салынат. Эрежелер 2013-жылы өзгөртүлүп, уул балдар эжелеринен такты талашпоосу кепилдикке алынган.
Королеванын мураскери канзаада Чарлз. Канзаада Чарлздын тун уулу канзаада Уилям тизмеде экинчи сапта, ал эми Уилямдын тун баласы канзаада Жорж үчүнчү сапта жайгашкан.
Апасы саламаттыгынан улам кызматын аткара албай калса, тактынын мураскери катары принц Чарлз “регент” катары ишти улантат. Демек, ал монархтык кызматка расмий түрдө киришпей туруп эле милдетин аткара берет.

Королева эмне жумуш жасайт?
Королева — конституцияда бекитилген монарх. Демек, ал мамлекет башчысы болгону менен анын ыйгарым укуктары символикалык жана салттуу мааниге ээ жана ал саясий жактан бейтарап бойдон калат.
Ал өкмөттөн кызыл булгары кутуга салынган билдирүүлөрдү күндө алып турат. Мисалы, алдыда өтүүчү маанилүү жолугушуулар туурасында маалыматтар же болбосо анын расмий кол коюусу керек болгон документтер келип турат.
Королева Елизаветанын тушунда Британияда 14 премьер-министр иштеп кеткен. Премьер-министр королева менен көбүнчөсү шаршемби күндөрү Букингем хансарайында жолугуп, өкмөттүн иштери боюнча маалымат берип турат.
Ага эч кандай атайын кеңешчилер катышпайт жана анда эмне айтылганы туурасында эч кандай расмий маалымат берилбейт. Ал толугу менен купуя. Ошондой эле ал парламентте бир нече функцияларды аткарат:
● Өкмөттү дайындайт: жалпы элдик шайлоодо жеңишке жеткен партиянын лидери жаңы өкмөттү куроо үчүн Букингем хансарайына чакырылат. Королева шайлоонун алдында өкмөттү расмий түрдө таратат
● Парламент ишин баштайт жана Королева сөз сүйлөйт: Королева парламенттин жаңы иш жылын ачып берип, Лорддор палатасындагы тактыдан сүйлөгөн сөзүндө өкмөттүн саясий пландарын билдирет. Принц Чарлз 2022-жылы Королеванын ордуна сөз сүйлөгөн
● Королдун макулдугу: парламентте бир мыйзам кабыл алынгандан кийин ал күчүнө кирүүсү үчүн королева тарабынан расмий түрдө жактырылуусу кажет. Бирок акыркы жолу королдун макулдугу четке кагылган учур 1708-жылы болгон
Королева менен канзаада Чарлз 2019-жылы парламентте жаңы иш жылынын ачылышында Андан тышкары королева премьер-министр жана Жашырын кеңештин мүчөлөрү менен тынбай жолугушуу өткөрүп турат. Ошондой эле Британиядагы чет мамлекеттердин элчилери жана жогорку комиссарлар менен жолугушат. Ал жыл сайын Лондондогу Кенотафта эскерүү кечесин өткөрөт.
Королева 600дөн ашуун кайрымдуулук уюмунун, аскердик бирикмелердин, профессионалдык жана коомдук уюмдардын король коргоочусу же президенти.

Королдук үй-бүлөгө дагы кимдер кирет?
Король үй-бүлөсү королеванын расмий туулган күнүн 2019-жылы Букингем хансарайында майрамдашкан.
● Уэлс канзаадасы (канзаада Чарлз) — королеванын туну. Апасы көз жумса король боло турган киши. Ал Корнуолл герцогинясына (Камилла) үйлөнгөн
● Кэмбриж герцогу (канзаада Уилямс) — канзаада Чарлз менен биринчи аялы, Уэлс канбийкеси Диананын тун уулу. Канзаада Уилямс Кэмбриж герцогинясына (Кэтрин) үйлөнгөн. Алардын үч баласы бар: канзаада Жорж, канбийке Шарлотта жана канзаада Луи
● Король канбийке (канбийке Анна) — королеванын экинчиси жана жалгыз кызы. Ал вице-адмирал Тимоти Лоренске турмушка чыккан. Анын биринчи күйөөсү капитан Марк Филлипстен эки баласы бар: Питер Филлипс жана Зара Тиндалл
● Уэссекс графы (канзаада Эдуард) — королеванын эң кенжеси. Ал Уэссекс графинясына (Софи Рис-Жонс) үйлөнгөн. Алардын эки баласы бар: Луиза менен Жеймс Маунтбеттен-Виндзор
● Сассекс герцогу (канзаада Гарри) — Уилямдын иниси. Ал Сассекс герцогинясына (Меган Маркл) үйлөнгөн жана эки баласы бар: Арчи менен Лилибет. 2020-жылы алар король үй-бүлөсүндөгү кызматынан баш тартарын жарыялап, АКШга көчүп кетишкен
● Йорк герцогу (канзаада Эндрю) — королеванын экинчи уулу. Мурдагы аялы Йорк герцогинясынан (Сара Фергусон) эки кызы бар: канбийке Беатрис менен канбийке Евгения. Канзаада Эндрю 2019-жылы Виржиния Жуффрга сексуалдык зомбулук кылды деп айыптаган талаштуу интервьюдан кийин “королдук кызматынан” кеткен. Февраль айында ал АКШда Жуффр айым тарабынан ага каршы ачылган ишти жөнгө салуу үчүн белгилүү бир суммада акча төлөп берген, бирок анын суммасы ачык айтылган эмес.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Король үй-бүлөсү кайда жашайт?
Королеванын Лондондо расмий жашаган жери Букингем хансарайы. Бирок 2022-жылдын мартында Беркширдеги Виндзор хансарайы анын туруктуу жашаган жери болору айтылган.
Королеванын Норфолкто Сандрингем турак-жайы жана Абердинширде Балморал хансарайы да бар.
Канзаада Чарлз менен Корнуолл герцогинясы Лондондогу Кларенс турак-жайында жана Глостерширдеги Хайгрувда жашашат.
Канзаада Уилям менен Кэмбриж герцогинясы Кэтрин Лондондогу Кенсингтон хансарайында турушат. Канзаада Гарри менен Меган Маркл Калифорнияда жашашат. (EA)















