“Офицерлер көп өлүүдө”. Орусиянын Украинадагы жоготуулары

Ольга Ившина, Би-би-си

жерге берүү

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR GERDO/TASS

Би-Би-Си Украинадагы согушта курман болгон орусиялык аскерлердин эсебин тактоону улантууда. Ачык булактарга таянуу менен дээрлик 5 миң орусиялык жоокердин өздүгү аныкталды. Акыркы эки аптада улук офицерлердин арасында жоготуулар көбөйдү.

Би-Би-Синин орус кызматы Медиазона (Орусияда “чет элдик агент” деп таанылган) жана ыктыярчылар тобу менен биргеликте Украинадагы согушта каза болгон орусиялык аскер кызматкерлерин тизмектейт.

22-июлга карата Би-Би-Си каза болгон 4940 жоокер жана офицер тууралуу маалыматты тастыктай алды.

Биз өлүмдөр тууралуу тастыкталган гана билдирүүлөргө таянабыз, андыктан чогултулган маалыматтар курмандыктардын чыныгы санын чагылдырбайт. Бирок Би-Би-Синин изилдөөсү курман болгондордун саны боюнча башка эсептөөлөрдөн айырмаланып миңдеген конкреттүү окуяларга таянат. Ошентип Украинадагы согуш учурунда орус армиясында так эмне болуп жатканын түшүнүүгө жана талдоого жардам берет.

Биздин тизмеге канчалаган маркумдар кирбей калгандыгын Орусиянын аймактык көрүстөндөрдөн алынган маалымат менен түшүнсө болот. Апта сайын биз орус аскерлеринин сөөктөрү жерге берилгенин аныктап жатабыз, бирок жергиликтүү бийлик бул жөнүндө маалымат бербейт.

Бул байкоолордун негизинде, Орусияда иш жүзүндө көмүлгөндөргө салыштырмалуу Би-Би-Синин жоготуулар тизмесинде маркум аскерлердин кеминде эки эсе азыраак катталганын болжолдоого болот.

Офицерлер көбүрөөк өлө баштады

Украинада каза болгон 4940 орус аскеринин 852си офицерлер. Белгилей кетчү жагдай: акыркы эки жумада 80ден ашуун офицер, анын ичинде 10 полковник каза болду.

Акыркы үч айдын ичинде каза болгон аскерлердин жалпы санында офицерлердин үлүшү акырындык менен 20%дан (март жана апрель айларында) июнь жана июль айларында 17%ке чейин акырындап төмөндөгөн. Бирок азыр орус армиясында офицерлердин арасындагы жоготуулардын көбөйүү тенденциясы байкала баштады.

Бул Украина жогорку тактыктагы артиллериялык системаларды, анын ичинде америкалык HIMARS ракеталык системаларын алганына байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай куралдар менен Киев командалык пункттарга, көзөмөл-өткөрүү пункттарына жана орус армиясынын алдыга жылган тобунун арткы позицияларына дагы так соккуларды жасай алат.

Каза болгон офицерлердин арасында аскердик учкучтар өзгөчөлөнүп турат. Алар кесипкөй адистер жана ар бир армиянын элитасы болуп эсептелет. Бир гана снайпер учкучту даярдоо 15-17 жылга созулуп, ага 12-14 миллион доллар талап кылынат.

орус учкуч

Сүрөттүн булагы, Орусиянын коргоо министрлиги

Июль айынын аягына карата Орусия кеминде 50 аскер учкучтарын жоготту - анын ичинде штурмандар жана борт механиктер бар. Алардын 80%ы согуштук учактардын экипаждары.

Каза болгон учкучтардын кеминде бешөө 50 жаштан улуу адамдар. Белгилүү болгондой, алардын айрымдары мындан бир нече жыл мурун пенсияга чыгышы керек болчу. Бул учкучтар согуштук тапшырмаларга катышканы кесипкөй жана мотивацияланган учкучтардын жаш муунунун жетишсиздигинин далили болушу мүмкүн.

Британ чалгын кызматынын маалыматы боюнча, көп жылдар бою Орусияда аскердик учкучтарды даярдоо программасы жогорку деңгээлдеги аткаминерлерге “таасир кылуу” үчүн гана алдын ала бекитилген сценарий боюнча жүрүп келген.

Мындай система демилгени басып, өз алдынча чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген жок деп белгилешет чалгынчылар. Натыйжада, бул орус аскер авиациясынын жаш экипаждарынын күжүрмөн көндүмдөрүн өнүктүрүүгө тоскоол болушу мүмкүн.

Аймактагы көрүстөндөр аркылуу

Орусиянын облустарында курман болгондордун саны боюнча Дагестан (245 адам), Бурятия (224 адам) жана Краснодар (170 адам) дагы эле алдыда. Салыштырмалуу көрсөткүч: Москвадан өлгөндөрдүн 11и гана белгилүү, ошол эле учурда борбордун тургундары Орусиянын калкынын дээрлик 9%ын түзөт.

Социалдык лифт жок болгон Орусиянын көптөгөн аймактарында контракттын негизинде аскер кызматын өтөө акча табуунун дээрлик жалгыз жолу.

Украинада каза болгон орус аскерлери тууралуу ачык айтылбайт, ошондуктан Би-Би-Си ар кайсы аймактардагы көрүстөндөрдөгү окуяларды изилдөөнү улантууда. 

көрүстөн

Мүрзөгө коюлган белгилердеги сөөк коюу даталарына караганда, аскерлер каза болгондон 14-20 күндөн кийин Орусияга алынып келип, жерге берилет. Бирок кээ бир учурларда бул процесс кечигип жатат. Мисалы, 20 жаштагы танкист Ховалыг Алдын-Херел 71 күндөн кийин жерге берилген.

Каза болгон жоокерлердин кээ бир туугандары үчүн анын сөөгүн күтүү оор сыноого айланат. Мисалы, Туванын 65 жаштагы тургуну Зинаида Александровна уулу, милициянын майору Владимир Шабалиндин өлгөнүн укканда эле мүрт кеткен. Алар ошол эле күнү чогуу жерге берилди.

Ошондо каза болгондордун саны канча?

Ушул аптада америкалык Борбордук чалгындоо кызматынын (ЦРУ) башчысы Уильям Бернс Орусиянын Украинадагы жоготуулары боюнча болжолун жарыялаган: "АКШнын чалгындоо кызматынын акыркы эсептөөлөрү боюнча, 15 миңдей киши өлүп, андан үч эсе көп жарадар".

Советтер Союзу ушунча аскерди Ооганстандагы дээрлик 10 жылдык согушта жоготкон.

жерге берүү зыйнаты

Сүрөттүн булагы, SERGEI MALGAVKO/TASS

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орус көрүстөндөрүнөн алынган маалыматка таянсак, Би-Би-Си ырастаган курмандыктарынын тизмесинде Украинада чынында каза болгон орус аскерлерин жарымы кирген болушу ыктымал. Бул түзөтүү менен биздин орустардын жоготуулары боюнча маалыматтар ЦРУнун башчысы берген сандарга дал келет.

Бирок бардык айтылган божомолдордун ичинде ЦРУ эң төмөнкү көрсөткүчтөрдү келтирүүдө. Британиянын чалгын кызматы июнь айында 15-20 миң киши өлгөнүн айткан. Ал эми Украинанын Башкы штабынын маалыматы боюнча, каза болгон орусиялык аскерлердин саны 38 миңден ашты.

Сандардагы айырманы терминология жана эсептөөнүн ар башка ыкмалары менен түшүндүрсө болот. Кээ бир эксперттер Орусиянын жоготууларына өз алдынча эле жарыяланып алган Донецк жана Луганск элдик республикаларынын жоокерлерин жана менчик аскердик компаниянын курамында согушуп каза болгондорду дагы кошуп жатышат. Бул эки категориядагы жоготуулардын жалпы эсеби миңдеп саналат. ДЭРдин бийлиги 2400 жоокердин өлүмүн моюндады.

Ал эми жоготуулардын катарына дайынсыз жоголгон орус аскерлерин, ошондой эле Донецк менен Лугансктын “элдик милициясынын” жоокерлерин кошсо, анда жыйынтыктоочу көрсөткүч кескин өсөт. Дайынсыз жоголгон орусиялыктардын санын божомолдоого да мүмкүн болбой жатат. Би-Би-Си ДЭР менен ЛЭРдин тарапташтарынын социалдык тайпаларында “элдик милициянын” катарына кошулуп, көптөн бери байланышка чыкпаган 3000 миңден ашуун эркек кишилерди издөө жөнүндө жарыяларды тапты.

Орусия тараптын жоготуулары боюнча жаңыланган расмий маалымат жок. Орусиянын Корго министрлиги акыркы жолу 25-мартта 1351 адамдын каза болгонун билдирген.

Украинадагы жоготуулардын диаграммасы

Аскерлердин категориялары боюнча

Абсолюттук жоготуулардын саны боюнча мотоаткычтар (башкача айтканда, жөнөкөй жөө аскерлер) жана десанттар баарынан көп. 22-июнга карата каза болгондордун 20%ы Аба-десанттык күчтөрдө (ВДВ), дагы 20%ы мотоаткычтар бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн. 

Британиянын чалгындоо кызматынын айтымында, орусиялык десанттардын мындай чоң жоготуулары алардын “оор куралданган жөө аскерлерге ылайыктуу тапшырмаларга колдонулгандыгына” байланыштуу болушу мүмкүн.

Би-Би-Си менен маектешкен эксперттер логистикалык көйгөйлөр жана Орусиянын абадагы үстөмдүгүнүн жоктугунан алдыңкы катардагы Аба-десанттык күчтөрдүн бөлүгү көп учурда үзгүлтүксүз аскер жана авиациянын колдоосу жок калганын белгилешти.

Жоготуулардын кескин өсүп жаткан категориясы болуп орусиялык ЖМКлар жана расмий өкүлдөр “ыктыярчылар” деп атагандар болууда. Көбүнчө согушка мындай статус менен орточо айлык акысы төмөн аймактардан келген, 40 жаштан ашкан эркектер жөнөтүлөт. 

орус аскерлер

Сүрөттүн булагы, SERGEI BOBYLEV/TASS

Фронтко жөнөтүлгөндүн алдында ыктыярчылар 3-7 күндүк гана даярдоодон өтүшөт. Ошол эле учурда дал ушул ыктыярчылар тобу азыр фронтто Орусиянын негизги чабуул күчтөрүнүн бири болууда.

Каза болгон ыктыярчылардын 40%дан ашууну - 45 жаштан жогорку адамдар (алардын жарымы - 50 жаштан жогору). Бул орус аскерлеринин башка категорияларынын арасындагы жоготуулардын динамикасынан кескин айырмаланат, ал жерде белгиленген жоготуулардын жарымы - 18 жаштан 26 жашка чейинки курактагы адамдар.

Биз тактай алган жоготуулардын тизмесинде Улуттук гвардиянын 171 кызматкери бар, анын ичинде “Витязь”, “Росич” жана “Пересвет” элиталык отряддарынын жоокерлери бар. Каза болгондордун арасында Башкы чалгындоо башкармалыгынын кеминде 117 жоокери жана Федералдык коопсуздук кызматына караштуу “Альфа” спецназынын үч кызматкери бар. Булардын баары Орусиядагы эң күчтүү бөлүктөр болуп эсептелет. 

Биз каза болгон аскер кызматкерлери жөнүндө маалыматтарды чогултууну улантып жатабыз. Эгер сиз бул тема боюнча маалымат бөлүшкүңүз келсе, сураныч биз менен байланышыңыз.

Биз кандай эсептейбиз 

Орусияда күн сайын жаңы каза болгондордун ысымдары жана сөөк коюу зыйнатындагы сүрөттөр жарыяланып жатат. Көбүнчө фамилияларды Орусиянын аймактарынын башчылары же райондук башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү медиалар, маркумдар мурда окуган билим берүү мекемелер, ошондой эле алардын туугандары атап жатышат. 

Би-Би-Си жана ыктыярчылардын командасы бул маалыматтарды изилдеп, Орусиянын Украинага басып киргенден бери түзүп жаткан тизмеге киргизишүүдө.

Эгерде ысымдар жана фамилиялар тууралуу так маалымат болбосо, ЖМКларда жарыяланган ондогон, кээде жүздөгөн маркумдар жөнүндөгү маалыматтарын эске албайбыз. Ошондой эле, 24-февралга чейин өзүн-өзү жарыялаган Донбасс республикаларынын армиясынын курамында кызмат өтөгөн орусиялыктардын жана “Вагнер” менчик аскердик компаниясы деп аталган уюмдун жоготуулары туурасындагы маалыматтарды эске алып жатабыз. (ЕВ)