"Чоң тобокелдикти түшүнөбүз" чет элдик журналисттер Газага баруу үчүн Израилге кайрылды

Ачык катта 55 эл аралык медиа кызматкери, анын ичинде Би-Би-Си Израилди бардык чет элдик журналисттердин Газа тилкесине эркин жана тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоого чакырды.
Катка Би-Би-Синин журналисттеринен тышкары Sky News, ITV, Channel 4, ABC, CBS, NBC жана CNN сыяктуу британиялык жана америкалык телекомпаниялардын кабарчылары жана алып баруучулары кол коюшкан.
"Газада согуш башталгандан беш айга жакын убакыт өткөндөн кийин, ал жакка Израилдин аскер кызматкерлеринин коштоосунда сейрек кирген учурлардан тышкары, чет элдик кабарчыларга кирүүгө тыюу салынууда", - деп айтылат катта.
Израилдин аскерлери Газага журналисттерди алардын коопсуздугу үчүн чектеп жатканын айтышат, бирок мындай сапарлар катуу көзөмөлгө алынат жана көбүнчө ХАМАС согушкерлери колдонгон туннелдерди же курал кампаларын көрсөтүү үчүн жасалат.
“Учурда Израилдин армиясы ХАМАС террордук уюмуна каршы согушуп жатат. Журналисттердин коопсуздукта маалымат бериши үчүн, биз аларды согуш талаасына чейин коштоп барабыз”, - деди Израилдин коргонуу күчтөрүнүн өкүлү.
Ошондой эле, катта Египеттин бийликтеринен Египет менен Газа тилкесинин чек арасындагы “Рафах” өткөөлүнө кирүүгө уруксат берүү өтүнүчү айтылат.
Каттын тексти
“Газада согуш башталгандан бери беш айга жакын убакыт өтсө да, Израилдин аскер кызматкерлеринин коштоосунда, ал жака сейрек кирген учурларынан тышкары, чет элдик кабарчыларга дагы эле аймакка кирүүсүнө тыюу салынган.
Биз Израилдин жана Египеттин өкмөттөрүн бардык чет элдик маалымат каражаттары үчүн Газага эркин жана тоскоолдуксуз кирүүгө уруксат берүүгө чакырабыз. Биз Израил өкмөтүн эл аралык журналисттердин Газада иштөөсүнө, ал эми Египет бийлигин эл аралык журналисттердин “Рафах” өткөөлүнө кирүүсүнө уруксат берүү боюнча ачык болууга чакырабыз.
Газадагы окуялар дүйнө жүзүнүн көңүл борборунада турган маселе. Азырынча ал жерде жүргөн журналисттерден репортаждар гана келүүдө.
Жергиликтүү журналисттердин коопсуздугу сакталышы жана алардын аракеттери эл аралык ММК өкүлдөрү тарабынан колдоого алынышы абдан маанилүү.
Жер-жерлерде чыр-чатакты ар тараптуу чагылдыруунун зарылчылыгы өтө маанилүү.
Дүйнө жүзүндөгү согуш аймактарында жана Газадагы мурунку согуштар учурунда иштеген ондогон жылдык тажрыйбасы бар биздин уюмдар, чыр-чатакты чагылдыруу менен байланышкан тобокелдиктерди түшүнүшөт.
ХАМАСтын Израилге чабуулу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2023-жылдын 7-октябрында палестиналык ХАМАС согуш тобу, Израилге чабуул жасап, анын согушкерлери кибуцтарга жана Газа тилкесинин жанындагы шаарларга кирип, кеминде 1200 израилдикти өлтүрүп, 200дөн ашуун адамды барымтага алган.
ХАМАС Израил мамлекетин жок кылууну жана бүткүл аймакка тарыхый Палестина ислам мамлекетин түзүүнү көздөйт. Кыймылды Иран колдойт.
Бул топ 2007-жылы Газа тилкесинде бийликке шайлоо аркылуу келген, бирок андан кийин саясий оппоненттерин тилкеден күч менен кууп чыккан. Ошондон бери анын согушкерлери Израил менен бир нече жолу согушкан.
ХАМАС жана башка ага караштуу согуш топтору Израилге миңдеген ракеталарды аткылап, көптөгөн рейддерди өткөрүштү.
Буга жооп иретинде Израил Газа тилкесине катуу сокку уруп, эки жолу аскерлерин жиберген. Израил Египет менен бирге коопсуздук чараларын шылтоолоп, сектордун чек араларын 2007-жылдан бери жаап келет.
ХАМАСты Улуу Британия, Евробиримдик, АКШ, Израиль, Жапония жана Австралия сыяктуу көптөгөн мамлекеттер террордук уюм катары санайт.
Газа тилкесинде жай тургундар анын ичинде жаш балдар катуу жапа чегип жатканын айтып, Израилди айыптагандар да арбын. Эң болбоду дегенде гуманитардык жардам эч тоскоолдуксуз жеткирилгидей шарт түзүлбөсө жергиликтүү карапайым эл катуу жабыркайт, гуманитардык кризис болот деп эл аралык уюмдар дагы ок атышуунун токтотууну талап кылып келе жатат. Дүйнөнун булуң-бурчунда, анын ичинде Европа өлкөлөрүндө кан төгүү үчүн Израилди айыптаган ондогон жүрүштөр өттү.









