Садыр Жапаров: Добуш сатылганын көрүп, төбө чачым тик турду

Сүрөттүн булагы, Official
Бүгүн, 17-декабрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын ант берүү аземинде сүйлөп жатып, шайлоодогу мыйзам бузууларга токтолду. Президент шайлоодон кийинки келип түшкөн видеоматериалдарды көргөнүн айтып, добуш сатып алуу фактылары дагы деле сакталып жатканына тынчсыздануусун билдирди.
"Мен эл аралык байкоочуларды шайлоонун эртеси эртең менен эле кабыл алган элем да. Ошондуктан, видео- материалдарды көрүүгө убактым жете элек эле. Кечинде үйгө келгенимде, мага келген маалыматтарды карап олтуруп, добушун сатып аткандар менен сатып алып жаткандарды көрүп, төбө чачым тик турду. Мына ушундан улам, бизге интернет аркылуу үйдөн добуш берүү ыкмасына өтүү эрте экенине ынандым. Качан гана талапкерлерибиз, саясатчыларыбыз, ошондой эле добушун саткан жарандарыбыздын көзү ачылып, оңолгондо гана андай ыкманы киргизсек болчудай. Ал эми азыркы Шайлоо кодексиндеги кемчиликтерге тиешелүү түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иш алып бара берели", - деди Садыр Жапаров.
Президент парламенттик шайлоонун эртеси, 1-декабрда эл аралык уюмдардын байкоочулары менен жолугушканда келерки парламенттик шайлоодо жарандар интернет аркылуу добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү ниети бар экенин билдирген.
Ошондой эле президент бүгүн парламенттеги сөзүндө өлкөдөгү шайлоо маданияты жана жарандардын активдүүлүгү боюнча маселени көтөрдү. Садыр Жапаровдун айтымында, бул жолку шайлоого мурункуга караганда 200 миң адамга көп катышканы менен, алардын катышуу 70%га жетет деген божомолу ишке ашкан эмес. Мамлекет башчысы депутаттарды шайлоого катышууну милдеттендирген мыйзам долбоорун демилгелөөгө чакырып, мындай мыйзамдар Түркия менен Малайзияда бар деген оюн айтты.
17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын шайланган депутаттары парламентте биринчи сессияга чогулду.
БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат берип, ал жаңы шайланган депутаттарга мандаттарын тапшырды. Депутаттык күбөлүгүн жана төш белгисин алган ар бир депутат дароо ант беришти.
Бул иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.
Шайлоодогу нааразылыктар
Жаңы системага негизделген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. Жалпысынан 29 округдан 87 депутат шайланды. Бирок добуш сатып алуу чырына байланыштуу 13-округдун жыйынтыгы жокко чыгарылды. БШК 12-декабрдагы жыйынында шайлоонун жыйынтыгын бекиткен.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров бул жолку шайлоо "Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу" митингдери жок өткөн айткан.
Бул арада мурда депутат болгон дагы эки айым -- Жылдызкан Жолдошева менен Ыргал Кадыралиева алгач жеңишке жетип, кийин айрым тилкелердеги шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкканына байланыштуу мандатка илинбей калышты. Алар президентке кайрылып, адилеттүүлүктү орнотууну талап кылып жатышат.
Мындан тышкары №26 шайлоо округунан талапкер Эльдар Абакировдин арызы да сотто каралууда. Абакиров шайлоо күнү Кемин районунда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айтып, акчанын чоо-жайын териштирүүнү талап кылган. Ал болжолдуу добуш сатып алуу аракети деп мүнөздөлгөн бул окуя боюнча күнөөлүү тарап так аныкталбаса, №26 округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырган.
Ички иштер миниистрлиги акча тараткан адам бул округдан шайлоого аттанган талапкер Медербек Саккараевдин өкүлү экенин ырастаган. БШК акча таратууга Саккараевдин тиешеси жок деген бүтүмгө келген жана ага мандат берүүнү чечкен. Бул чечимдерге каршы Абакировдун арызын Жогорку Сот 17-декабрда саат 16:00дө карайт деп күтүлүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар боюнча жалпы 274 арыз катталып, анын ичинен 76 учурга карата айып пул салуу чечими кабыл алынган.









