"Ак экенибизди далилдеп жатабыз". Он бир журналистке сот өкүмү чыгат
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Amnesty International
Кыргызстанда массалык тополоңго чакырган деген шек менен айыпталып жаткан журналисттерге карата сот өкүмүн чыгаруу кийинкиге жылды. Судья айрым айыпталуучулар акыркы сөзүн айтууга жетишпей калганын билдирди.
Отурум жабык эшик артында өтүп, башка журналисттер жана айыпталуучулардын жакындары кирген жок.
Бул жолку отурумга айыпталуучулардын бири Сайпидин Султаналиевдин айылдаштары дагы келген. Алар сыртта калып калганына нааразы болууда.

“Сайпидин Султаналиев ар бир ишке кесипкөйлүк менен карап, мыйзам чегинде иш алып барган журналист,-дейт Асел Токсонбаева. - Ал биздин айылдагы негизги көйгөйлөрдү чечүүдө абдан чоң жардам берди. Мыйзамды жакшы билген, маданияттуу киши. Ушунча болуп массалык тополоңго чакырган бир дагы сөз айтканын уккан эмесмин. Сөз эркиндиги деген болушу керек да. Ансыз биз алдыга жылбайбыз. Өлкөдө болуп жаткан көйгөйдү айткан адамдарды ушинтип темир тор артына киргизип жатышса, анда ким сүйлөйт?”.
Ал аңгыча бат эле сот отуруму аяктап, айыпталуучулар чыгып калды. Алардын бири чогулган журналисттерге кайрылып, "Кыргызстан мыйзам жана демократия үстөмдүк кылган өлкө экени чын болсо, кийинки отурумда биз боштондукка чыгабыз" деп айтты.

Конвойлордун коштоосунда кетип бара жатып Махабат Тажыбек кызы сот отурумдары атайылап улам жылдырылып жатат деди:
“Түбөлүк эч ким башчы эмес, аны түшүнбөй коюунун өзү жакшы эмес. Эртеңки күнү менин абалым анын башына түшүп калышы мүмкүн”.

Азыркы учурда он бир журналисттин көбү үй камагына чыкты, камакта төртөө калды. Учурда Махабат Тажыбай кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеева убактылуу кармоочу жайда отурат.
Үй камагына чыккандардын бири Жоодар Бузумов алардын эч кандай күнөөсү жок экенин дагы бир ирет айтып өттү.
“Мыйзам чегинде күрөшүүнүн аянтчасы бар. Биз ошонун алкагында өзүбүздүн ак экенибизди далилдеп жатабыз”,- деди ал.

Эл аралык мунапыс уюму журналисттерди актоого чакырды
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Күн мурун Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) “Темиров LIVE” долбоорунун жана “Айт, айт десе" ютуб каналынын айыпталып жаткан азыркы жана мурунку журналисттерин актоого чакырды.
“Бул айыптоолор сөз эркиндигин басуу жана журналисттерди аткарган иши үчүн жазалоого багытталган саясий маселе. Биз Кыргыз бийлигин камактагылардын баарын бошотууга жана аларга коюлуп жаткан негизсиз айыптарды алып салууга дагы бир жолу чакырабыз. Темиров LIVE, “Айт Айт Десе” жана башка бардык көз карандысыз маалымат каражаттары эркин жана коопсуз иштей алышы керек”,- деген Эл аралык мунапыс уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун милдетин аткаруучу Денис Кривошеев.
БУУнун адам укуктары боюнча комитети баш болгон ондогон эл аралык уюмдар журналисттердин камакка алынышын айыптап, бул кыянат ишти токтотууга чакырууда.
Андан тышкары, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, 11 элчиликтин биргелешкен билдирүүсүндө дагы ушундай пикирлер айтылган.
Алар кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого, ошондой эле адвокаттардын катышуусу менен тергөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырган.
“Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана мындан ары да боло берет”

Сүрөттүн булагы, kabar.kg
Сентябрдын соңунда өткөн сот отурумда мамлекеттик айыптоочу он бир журналисттин ар бирин алты жылга эркинен ажыратууну суранган эле.
Бул дагы эл аралык уюмдардын, эксперттердин сынына кабылып, Кыргызстан адам укугун жана сөз эркиндигин чектеп жатат деген нааразы билдирүүлөр тараган.
Андан көп өтпөй “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, болуп келгенин жана мындан ары да боло бере турганын айткан.
“Мен жогоруда айткандай социалдык түйүндөргө жалган маалымат таратпа, бирөө жарымды далили жок каралаба, абийирине шек келтирбе. Өлкө боюнча каалаган жерде суроо-талабың болобу, сын-пикириң болобу, бийликтин кемчиликтери болобу далил менен сайрай бер. Кемчиликтерибизди оңдойбуз, суроо-талаптарыңарды колдон келишинче чечебиз. Эл менен да, ММКлар менен да эриш-аркак иштешкенге даярбыз жана ачыкпыз. Ал эми он бир журналист дегениң боюнча. Алардын экөөсү гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө олтургузуп алышып, жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат. Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт”,- деген эле президент.
Бул эл аралык коомчулуктун кабатыр кайрылууларына президент Садыр Жапаровдун биринчи жолку жообу эмес. Ал буга чейин дагы аталган агенттикке курган маегинде кармалган журналисттерди " кесипкөй журналисттер эмес" деп атаган.
16-январда ИИМ Бишкекте эки маалымат каражатынын редакциясында тинтүү жүргүзүп, он бир кызматкерди кармап кеткен.
Алардын баары Кылмыш-Жаза кодексинин "Массалык тополоңго чакырык, бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбегендик" беренеси боюнча кылмышка шектүү катары айыпталууда.












