Эл аралык коомчулук журналисттерди массалык кармоону айыптады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
БУУ баш болгон бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда журналисттерди массалык кармоону айыптап, аларга каршы кылмыш иштерин токтотууга чакырууда. Алардын арасында "Жарандык укуктарды коргоочулар”, Human Rights Watch, Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк, Норвегиялык Хельсинки комитети, "Кырсыктагы адам", Адам укуктарынын Хельсинки комитети, Адам укуктарынын эл аралык федерациясы жана Кыйноолорго каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк уюму жана башкалар бар.
16-январда ИИМ Бишкекте эки маалымат каражатынын редакциясында тинтүү жүргүзүп, он бир кызматкерди кармап кетип суракка алып, 48 саатка тергөө абагына камады. Андан бир күн мурда 24.kg агенттигинин кеңсеси Улуттук коопсуздук комитети тарабынан тинтүүгө алынып, жетекчилери сурак берип чыгышты.
Кырк сегиз саатка кармалгандар: Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева, Акыл Орозбеков. Булардын баары “Темиров LIVE” долбоорунда жана “Айт, айт десе" ютуб каналында иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен журналисттер жана кызматкерлер.
“Булардын баары көз карандысыз эле журналисттер, ууруларга каршы иликтөөлөрдү, репортаждарды жасап келишкен. Эмнеге иликтөөнүн каармандары кармалбай аны жасагандар жаза тартышы керек? Журналисттерге карата мындай жапырт кармоо, таңкы үрүл-бүрүлдө бастырып кирүү эзели болгон эмес. Мунун өзү мыйзамсыздыктын, карамүртөздүктүн жеткен чеги”,-деп жазды иликтөөчү журналист Али Токтакунов.
Алар баары Кылмыш-Жаза кодексинин "массалык тополоңго чакырык, бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбегендик" беренеси боюнча кылмышка шектүү катары каралууда.
ИИМ 30-декабрда социалдык тармакта жүргөн мониторингде «Айт Айт Десе» и «Темиров Live» медиа уюмдарынын баракчасында массалык тополоңго чакырган маалыматтар табылганын билдирүүдө.
Журналист Тыныстан Асыпбектин жактоочусу Замир Жоошев кармалган журналисттер ИИМдин башкы тергөө кызматында он эки сааттан ашык болгонун, өзү жактап жаткан журналисттин сурагы эки саатка жакын болгонун Би-Би-Сиге билдирди:
"Мен Тынстан Асыпбек боюнча катыштым. Башка журналисттерге башка жактоочулар катышты. Тергөөчүлөрдүн жумушу негизи уюштуруу жагынан абдан начар экен. Кечээ кимиси сурайт, качан сурайт, белгисиз.. Өздөрү чече албайт. Ошентип эле көп убакыт өтүп кетти. "Массалык тополоңго чакырык жасоого" шектелип кармалды. Кармалгандан кийин 48 сааттын ичинде тергөөчүүлөр айып угузушат же сиздин эч кандай тиешеңиз жок деп коё бериши керек. Эми ошону күтөбүз. Жалпысынан алып караганда Тыныстан Асыпбеков өзүн шектүү болушум керек эле деп эсептебейт. Анткени кандайдыр бир массалык башаламандыкка чакырык жасаганмын деп өзүн эсептебейт экен. Негизи бул шектүүнү табууда дагы тергөө эмнеге, конкреттүү кайсы материалга байланыштуу шектеп жатат, кандай негиздери бар деген боюнча бизге айта элек."

Сүрөттүн булагы, ИИМ
Конституциянын талаптары
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева укук коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого чакырды.
Акыйкатчы институтунун 16-январда жарыялаган билдирүүсүндө, айрым басылмаларда болгон тинтүү жана журналисттердин суракка алынгандыгына токтолгон. Омбудсмен укук коргоо органдарына кайрылып, Конституцияга ылайык сөз эркиндиги боюнча жарандардын укуктарын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн эскертти.
Жаманбаева жарандардын өз пикирин эркин билдирүүсү жана басма сөз эркиндиги Конституциянын 10 жана 32-беренелери, Адам укуктарынын жалпы декларациясы 19-беренеси, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт 19-беренеси, "Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө" КР мыйзамынын 4 жана 8-беренеси менен кепилдендирилгенин эске салды.
"Адилет" укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге ачык кайрылуу жасап, ЖМК редакцияларына жасалган тинтүүнү адам укуктары жөнүндө эл аралык документтер менен улуттук мыйзамдын нормаларын одоно бузуу деп атады.
"Жообу катуу болот"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул аптанын башында Садыр Жапаров өлкөдө үчүнчү күчтөрдүн тукуругу менен бийликти кулатууга аракеттер болуп жатканын айтып, андай аракеттер ишке ашпайт деп билдирген:
“Кимде ким баш аламандык уюштурам деген максатта эл топтой турган болсо, жообу катуу болот. Көп эл топтоп алып анан жанагыдай артынан атып же жардыруу кылып карапайым элдин арасынан бирөө жарымдын жабыр тарттырбай алдын алып, андай арам ойлуу лидерлердин сазайын колуна беребиз. Биз мурдакылардай аларды “эркелетип” олтурбайбыз”.
Жыл жаңырганда жарым ай бою кыргыз бийлиги ЖМК менен коомдук сайттарда жайнап чыккан кыжаалат сын пикирлерге кол шилтеп койгон сыяктуу көрүндү. 1-январда Бишкекте борбордук аянтка парламент бекитпеген тууну илип алып, бүт элге уят болушту. Оркойгон каталык кеткенин көрсөтүп жаткан журналисттерди, блоггерлерди кайра жоопко тартууну талап кылышты. Мамлекеттик катчы 8-январда желек көтөрүүдө каталык кеткенин моюнга алып, тийиштүү адамдардын жоопкерчилиги тийиштүү органдар тарабынан каралат деп айтты. Андан бери президент же баш прокурор ким бирөөнүн жоопкерчилигин карайт деп ойлогондор катуу жаңылыптыр. Садыр Жапаров 15-январда “Кабарга” берген салттуу маегинде 1-январда борбордук аянтка демөөрчүлөр жакшы ой менен жасаткан туу илингенин айтып, андан трагедия кылуунун кереги жок деген сөзү менен бул теманы жабууга чакырды.
Жаңы жылда кыргыз бийлиги миллиондогон акчага сатып алган жапжаңы учак Дубайга, Миланга, андан бери Малдивке учканын блоггерлер изилдешип, кайра-кайра социалдык тармакта жазып жатышат. Жаңы жылдык эс алуу күндөрү кымбат учакты минип алып ким саякаттап жүрөт, же балким маанилүү иш менен бардыбы, эмне иш бүтүрүп жүрөт деген толтура суроолордун жообу жок.
Президент жыл соңунда салт болуп калгандай басма сөз жыйынын өткөргөн жок. Анын ордуна мурдагыдай эле мамлекеттик маалымат агенттигине маал-маалы менен маек куруп, негизги түйүндүү суроолорго өзүнүн жообун берип жатат. Бирок ЖМК менен мурдагыдай коммуникация жок, бийлик өз билгенин жасап, ЖМК өзү билгенин жазып калды.
Жаңы долбоордун талкуусу
Мына ушундай учурда ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түшкөнү кабарланды. Бул долбоор сөз эркиндигин олуттуу чектейт деп журналисттик уюмдар тарабынан жыл бою сынга алынып келди. ЖМК өкүлдөрү менен кеңешип, алардын сунуштары да каралат деген билдирүүлөр болду, бирок жыйынтыгында журналисттик коомчулуктун бир да сунушу долбоорго кирбей калды.
“ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам долбоору жалаң эле бөгөт коюу, басмырлоо, тыюу салуу, кысымга алуу болуп калды. Мисалы, Кыргызстанда 29 миңден ашык сайт милдеттүү катары каттоодон өтүш керек экен. Татаал шарттарды түзүп, каттоодон өткөрбөй койгон атышат. Эгерде катталбай калса, эркин журналистсиңби, редакциясыңбы, аккредитациядан өтө албайсың, маалымат ала албайсың, эчтекени чагылдыра албайсың деген нормаларды киргизип коюптур. Ошого биз каршы чыгып, келгиле биздин тажрыйбаны колдонуп, жакшы бир мыйзам түзөлү десек, жалаң эле ушундай каттоо болуш керек, камерага тарта албайсыңар, уруксат алышыңар керек деген нормаларды киргизип, сөз эркиндигин, көз карандысыз медиаларды түп тамыры менен жок кылган мыйзамды алып чыгып койду. Эл аралык уюмдар: Венеция комиссиясы, БУУ, ЕККУ дагы мындай кебетеси менен мыйзамды кабыл алса болбойт деп билдирүүлөрдү жасады. Анда эл аралык стандарттарга, Кыргызстан өзүнө кабыл алган милдеттенмелерге каршы болуп калат ”,-деди Би-Би-Сиге медиа платформанын мүчөсү Семетей Аманбеков.
Жаңы долбоорду иштеп чыгуунун башында турган президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башчысы жакында эле "Аки-пресске" жарыялаган макаладан бийликтин маалымат саясаты кайсы багытта баратканын баамдаса болот.
Мурат Укушов көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттары (басылмалар, интернет сайттар) иш жүзүндө күнүгө сенсациялык-терс, жаңжал мүнөздөгү, саясий жана коомдук ишмерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, катардагы жарандар тууралуу ачыктан ачык жалаа жана маскаралаган маалымат таратып жатканын белгилейт.
“Интернет-сайттар, социалдык тармактар, блогдор жаргондорго, блат лекискага, наадан сөздөр менен сүйлөмдөргө, адамга жалаа жапкан, кордогон сөздөргө шыкалып чыгууда, ачык эле тилдеп, сөгүп-саккандан да кайра тартпай калышты. Жапайы тилге өтүп алышты. Кээде 21-кылымдын башында биз адамча сүйлөп жаза албай калгандай таасир калууда”,-деп жазды Мурат Укушев.
Автор Кыргызстандагы сөз эркиндиги демократия эмес иллюзия деп атап, ал иш жүзүндө мамлекет менен коомдун социалдык жана саясий өзөгүн талкалап жатканын, ал эртеби-кечпи жарыла турганын айтууда.
«Көзөмөлү жок сөз эркиндиги өлкөдөгү туруктуулукту бузушу мүмкүн, анткени ЖМК коомдук пикирди манипуляция кыла турган мүмкүнчүлүккө ээ. Газета менен журналдардын орду түшүнүктүү, соңку убакта аларды деле көп окубай калышты...Жаштардын басысмдуу бөлүгү жана орто курактагы адамдар реалдуу жашоого караганда, кибер-мейкиндикте көп убакыт өткөрүүдө. Алар блогдорду, жаңылыктар порталдарын окушууда, социалдык тармакта отуруп, роликтерди көрүүдө”.
Ал эми журналисттик коомчулуктун өкүлдөрү тыюу, басуу менен жалган маалыматтарга каршы күрөшүүдөн ылаажы болбойт, кайра фейктердин күнү тууйт деп жатат.
“Ал үчүн башка жоопкерчилик бар. Кылмыш-жаза кодексиндеги жоопкерчилик бар. Жеке турмушка кийлигишүү деген. Тилекке каршы, укук коргоо органдары, мамлекеттик көзөмөл органдары ошолордун баарына көздү жаап атат. Мисалы, бир журналист туура эмес маалымат чыгарса, аны ошол замат эле баса калат. Жалган маалыматка, фейкке каршы деген мыйзамды кабыл алды ошо менен маалыматты алдырып салып атат, чын болобу, калп болобу, ага карабайт. Жаңы долбоор кайра фейктерди колдогон мыйзам болуп калат. Ошол мыйзам аларга эч кандай чара көрбөйт. Жанагындай катталып, пресса деген күбөлүгү бар, стандарттар менен иштеген, эки тарапты тең караган журналисттерге бөгөт коюп, басмырлап, жок кылганга аракет кылып атат”,-дейт Семетей Аманбеков. (КС)








