Ар кимдин өз чындыгы бар. Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн күрөш
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда массалык тополоңго чакырган деген шек менен эркин журналисттер кармалып соттолуп жатканда, өлкө бийлиги сөз эркиндигин кысымга алып жатат деп эл аралык уюмдардын олуттуу сынына кабылды.
“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө“ жаңы мыйзам долбооруна катуу сын айтылгандан кийин, президенттин көрсөтмөсү менен ал Жогорку Кеңешке келип түшкөн жеринен кайра чакыртылып алынды. Азыркы убакта Маданият, маалымат министрлигинде жумушчу топ мыйзам долбоорун электен өткөрүүдө. Ошол эле убакта бийликте сөз эркиндигин ооздуктоонун башка дагы амалдары каралууда деген кабарлар ЖМК өкүлдөрүн бушайман кылууда.
"Оор берене"

15-январда УКМК “24.kg” маалымат агенттигинде тинтүү жүргүзүп, анын башкы директору А. Оторбаева менен башкы редактору М. Ниязованы алып кетип, суракка алды. Кийинки күнү таң эрте он бир журналист кармалып, камакка алынган.
Алар: Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева, Акыл Орозбеков. Булардын баары “Темиров LIVE” долбоорунда жана “Айт, айт десе" ютуб каналында иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен журналисттер. Аларга массалык тополоңго чакырык деген оор берене менен айып коюлууда.
“Эмне үчүн оор берене коюшту? Биринчиден коркутуу керек болду. Экинчиден, дароо камаш керек. Бир репост үчүн эле камап атат. Каяктагы массалык тополоң. Кылмыш-жаза кодексинде массалык тополоң болгондо, ага катышкан адамдар жөнүндө жазылып турат. Ал эми бул жерде массалык тополоң болбосо деле, ошого чакырык кылып атасыңар деп камап айтпайбы. Мыйзамды бурмалап колдонуп атышат”,-дейт медиа платформанын мүчөсү Семетей Аманбеков.
Азыркы учурда он бир журналисттин көбү үй камагына чыкты, камакта төртөө калды. Эми алар баары тергөө бүтүп, сот болушун күтүп жаткан чагы.
Бийлик тарап өз кезегинде сөз эркиндигине жамынып, революция жасайм деп оолугуп, эл топтоп, бийликти кулатууну көздөгөн күчтөр жөнүндө сөз кылууда.
“Кимде ким баш аламандык уюштурам деген максатта эл топтой турган болсо, жообу катуу болот. Көп эл топтоп алып, анан жанагыдай артынан атып же жардыруу кылып карапайым элдин арасынан бирөө жарымды жабыр тарттырбай алдын алып, андай арам ойлуу лидерлердин сазайын колуна беребиз. Биз мурдакылардай аларды “эркелетип” олтурбайбыз”,-деген Садыр Жапаров журналисттер камалган окуядан кийин.
Андан мурда бийлик адамдары катышкан коррупциялык иштерди казып жүргөн иликтөөчү журналистти сот кыргыз паспортун мыйзамсыз алган деп өлкөдөн чыгарып жибергени белгилүү.
Журналисттер кармалып, өлкөдөн куулуп же соттолуп жатканда, Кыргызстандын бийлиги эл аралык уюмдардын олуттуу сынына кабылды.
“Кыргызстанда жарандык коомду жана маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куугунтуктоо күчөдү жана репрессиялык мыйзам долбоорлору кабыл алынууда”,- деп айтылат CIVICUS Monitor платформасынын отчётунда.
“Чет элдик өкүл”

Сүрөттүн булагы, АРТЕМ ВАЖЕНКОВ
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Журналисттер өзүнүн кесиптик ишмердигине “Чет элдик өкүл” мыйзамынын дагы кесепети тийбейби деп чочулап турат. Жогорку Кеңеште көптөн бери курч талаш-талкуу менен кабыл алынган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөр боюнча сырттан каржылык колдоо алган журналисттик жамааттардын баары өзүнчө “чет элдик өкүл” рээстрине илинүүгө тийиш.
Көбүнчө донор уюмдардан грант алып оокат кылып келаткан медиа уюмдар азыр кара тизмеге илинсе, кандай иш кыларын билбей бүдөмүк абалда турат.
"Донорлорго түздөн түз таасир тийгизип атат. Биздин эң негизги донор Сорос-Кыргызстан" фонду жабылды. Эми "Интернюс" жабылса, анда ого бетер жаман болот. Аны ЮСАИД каржылайт эмеспи. Бул мыйзам кандай иштейт, билбейбиз",-дейт "Политклиника" сайтынын жетекчиси Дилбар Алимова.
"Политклиниканын" уюштуруучусу коммерциялык уюм. Бирок бул жамаат өзүнчө коомдук фонд ачып, грант каражаттарды тартып иштеп келаткан. Анткени, донорлор коммерциялык уюмдарга грант бербейт.
Эми гранттык булактар жабылса же грант алууга олуттуу тоскоолдуктар пайда болсо, "Политклиника" сыяктуу эркин онлайн басылмалар каржылык кыйынчылыкка кептелери шексиз.
Сөз эркиндигин чектөө аракеттери муну менен эле бүтүп калган жок. Башка дагы мыйзамдарга кабелтең толуктоолор каралып даярдалууда. Мисалы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымат каражаттарында жана интернетте жалаа жана мазактоо үчүн акчалай айып салууну сунуш кылууда. Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү караган тийиштүү долбоор коомдук талкууга чыкты.
Мындан сырткары, блоггерлердин ишмердиги жана жоопкерчилиги жөнүндө өзүнчө мыйзам долбоору бар экени айтылууда.
Үч жыл мурда “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынган. Бирок андан фейктер азайып, жалган маалымат тараткандар тизгинин тартып калган жок.
“Фейктерди колдогон мыйзамды жазып чыгышты. Ошол мыйзам аларга эч кандай чара көрбөйт. Жанагындай катталып, пресса деген күбөлүгү бар, стандарттар менен иштеген, эки тарапты тең караган журналисттерге бөгөт коюп, басмырлап, жок кылганга аракет кылып атат”,-дейт Семетей.
Бир тараптуу коммуникация

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президент жыл соңунда салт болуп калгандай басма сөз жыйынын өткөрбөй калды. Анын ордуна баш калаадагы негизги маалымат каражаттарынын башчыларын чакырып жабык жыйын өткөрүп, эркиндик сакталарын убада кылып, журналисттерди жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
Мамлекеттик маалымат агенттигине маал-маалы менен маек куруп, коомчулукту түпөйүл кылган суроолорго өзүнүн жообун берип жатат. Бирок ошол эле убакта журналисттик иликтөөдө коюлган көп маселелердин да жообу жок болуп калууда.
Мисалы, жаңы жылда кыргыз миллиондогон акчага бийлиги сатып алган жапжаңы учак Дубайга, Миланга, андан бери Малдивке учканын блоггерлер изилдешип, кайра-кайра социалдык тармакта жазып жатышты. Жаңы жылдык эс алуу күндөрү кымбат учакты минип алып ким саякаттап жүрөт, же балким маанилүү иш менен бардыбы, эмне иш бүтүрүп жүрөт деген толтура суроолордун жообу жок калды.
Бул окуялар бийликтин ЖМК менен коммуникациясы бир тараптуу болуп калганын билдирет. Жогору жактан өздөрү кааласа маалымат берет, каалабаса унчукпай кол шилтеп койгон адат болуп баратат деген сын айтылууда.
“Демократия эмес иллюзия”

Сүрөттүн булагы, Getty Images
ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам долбоорунун айланасында талаш-талкуу эки-үч жылдан бери жүрүп келатат. ЖМК өкүлдөрү жабык жыйында журналисттер менен жолуккандан кийин талаштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен чакыртылып алып, азыр Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде жумушчу топ аны кайрадан карап чыгууда.
Бул долбоорду сөз эркиндигин олуттуу чектейт деп журналисттик уюмдар жыл бою сынга алып келди. ЖМК өкүлдөрү менен кеңешип, алардын сунуштары да каралат деген билдирүүлөр болду, бирок жыйынтыгында журналисттик коомчулуктун бир да сунушу долбоорго кирген эмес.
“ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам жалаң эле бөгөттө, басмырлоо, тыюу салуу, муунтуу болуп калды. Мисалы, Кыргызстанда 29 миңден ашык сайт милдеттүү катары каттоодон өтүш керек экен. Татаал шарттарды түзүп, каттоодон өткөрбөй койгон атышат. Эгерде катталбай калса, эркин журналистсиңби, редакциясыңбы, аккредитациядан өтө албайсың, маалымат ала албайсың, эчтекени чагылдыра албайсың деген нормаларды киргизип коюптур. Ошого биз каршы чыгып, келгиле биздин тажрыйбаны колдонуп, жакшы бир мыйзам түзөлү десек, жалаң эле ушундай каттоо болуш керек, камерага тарта албайсыңар, уруксат алышыңар керек деген нормаларды киргизип, сөз эркиндигин, көз карандысыз медиаларды түп тамыры менен жок кылган мыйзамды алып чыгып койду. Эл аралык уюмдар, Венеция комиссиясы, БУУ, ЕККУ дагы мындай кебетеси менен мыйзамды кабыл алса болбойт деп билдирүүлөрдү жасады. Анда эл аралык стандарттарга, Кыргызстан өзүнө кабыл алган милдеттенмелерге каршы болуп калат ”,-деди медиа платформанын мүчөсү Семетей Аманбеков.
Жаңы долбоорду иштеп чыгууда ким кандай саясат жүргүзүп жатканы да коомчулукка бештен белгилүү. Президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башчысы Аки-пресске жарыялаган макаласынан маалымат саясаты кайсы багытта баратканы кашкайып көрүнөт.
Мурат Укушов көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттары (басылмалар, интернет сайттар) иш жүзүндө күнүгө сенсациялык-терс, жаңжал мүнөздөгү маалыматтарды таратып жатканын, саясий жана коомдук ишмерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, катардагы жарандар тууралуу ачыктан ачык жалаа жана маскаралаган маалымат тарап жатканын ын толтура мисалдары бар экенин белгилейт.
“Интернет-сайттар, социалдык тармактар, блогдор жаргондорго, блат лексикага, наадан сөздөр менен сүйлөмдөргө, адамга жалаа жабуу, кордоолорго жайнап чыгууда, ачык эле тилдеп, сөгүп-саккандан да кайра тартпай калышты. Жапайы тилге өтүп алышты. Кээде 21-кылымдын башында биз адамча сүйлөп жаза албай калгандай таасир калууда”,-деп жазды.
Автор Кыргызстандагы сөз эркиндигин демократия эмес иллюзия деп атап, ал иш жүзүндө мамлекет менен коомдун социалдык жана саясий өзөгүн талкалап жатканын, ал эртеби-кечпи жарыла турганын айтууда.
«Көзөмөлү жок сөз эркиндиги өлкөдөгү туруктуулукту бузушу мүмкүн, анткени ЖМК коомдук пикирди манипуляция кыла турган мүмкүнчүлүккө ээ”.
ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамды жазган автордун маалымат мейкиндигин көзөмөлгө алууга чакырып жатканы түшүнүктүү. Бирок медиа платформанын өкүлдөрү ээнооздук менен ээнбаштык үчүн жоопкерчилик башка мыйзамдарда каралганын жүйө тартууда.
“Ал үчүн башка жоопкерчилик бар. Кылмыш-жаза кодексиндеги жоопкерчилик бар. Жеке турмушка кийлигишүү деген. Тилекке каршы, укук коргоо органдары, мамлекеттик көзөмөл органдары ошолордун баарына көздү жаап атат. Мисалы, бир журналист туура эмес маалымат чыгарса, аны ошол замат эле баса калат. Жалган маалыматка, фейкке каршы деген мыйзамды кабыл алды ошо менен маалыматты алдырып салып атат, чын болобу, калп болобу, ага карабайт”,-дейт Семетей Аманбеков. (КС)

Сүрөттүн булагы, Getty Images












