Мобилизациядан качкан москвич Бишкектин жашоосун жактырды

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Орусия жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан бери 200 миңден ашык орус жараны өлкөдөн чыгып кетти. Алардын көбү Борбор Азияга агылууда. Анын ичинде Кыргызстанга да келген орустар көп.

Орусиянын 31 жаштагы жараны Владимир мобилизация жарыялангандан эки күндөн кийин үй-бүлөсүн таштап, бир сыйра кийими, рюкзагы менен Кыргызстанга келе берген. Ал реклама жаатында онлайн иштеп, тик-ток, инстаграм үчүн видеолорду тартат. Орусияда март айынан бери аталган соцтармактар иштебей калганын эске алганда, Владимирге Бишкекте жашоо ыңгайлуу. Би-Би-Си аны кепке тартты.

Би-Би-Си: Владимир, өзүңүз жөнүндө кыскача айтсаңыз.

Владимир: Атым Владимир, отуз бирдемин. Азыр үстүмдө эмне кийип турсам, ошол бойдон тиш жууган щеткамды, ноутбук, телефонумду рюкзагыма салып эле келе бердим. Москвадан жалгыз келдим. Үй-бүлөм, жакшы көргөн итим, аялым калды.

Би-Би-Си: Эмне менен алектенесиз, ким болуп иштейсиз?

Владимир: Блогерлер менен реклама кылып иштейм. Жумуш дистанттык түрдө болгондуктан, бул жактан иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле блог алып барам жана жеке долбоорлорумду ишке ашырам.

Би-Би-Си: Мобилизация тууралуу жаңылыкты кандай кабыл алдыңыз?

Владимир: Жаңылыкты ар бир орусиялык эркектей эле коркуу менен кабыл алдым. Анткени согушка кетүү тобокелчилиги реалдуу болуп калды. Анан көбү кете баштады. Кээ бирлери ошол күнү эле кетип калышты, кээ бирлери бир-эки күн күтө турушту. Мен эки күндөн кийин кеттим.

Орусиядан Кыргызстанга учак билети арзан

Би-Би-Си: Эмне үчүн Кыргызстанды тандадыңыз?

Владимир: Чынын айтсам, баарыбыз эле бааларга карап барчу жерибизди тандап жаттык. Анткени, негизги багыттар боюнча билеттердин баары сатылып, жок болду. Билеттин баасы 500 млн рублга же 800 миң сомго чейин көтөрүлүп кетти. Бул ошол биринчи күндөрү. Эгер эки-үч күн күтө турсаң, анда билет бир аз арзандайт экен. Ошондуктан мен эки күндөн кийин 70 миң рублга же 100 миң сомго Кыргызстанга билет алып келдим. Бул жерде дагы бир тобокелчилик бар эле. Мисалы, билет алып коюп отурсаң, жаңылыктардан чек ара жабылды деп бериши мүмкүн эле, тагыраагы качан чек ара жабылып калат, белгисиз. Эртерээк чыгып кетиш керек болду. Аскерге чакыруу келгендерди чыгарбай жатышыптыр. А чакырууну бардыгына жөнөтүп жатышкан, ал убакка мага чакыруу келе элек болчу. Мага кайда кеткенге болот деп карасам, Ошко түз билет бар экен, ошону алып, учуп келдим.

Би-Би-Си: Сиз биринчи Ошко барып, кийин Бишкекке келдиңизби?

Владимир: Ооба. Оштон Booking.com сайтынан жатакана брондоп койдум эле. Ал мен баргыча толуп, бош орун жок калыптыр. Орусиядан келгендер көп болуп, бир орундуу бөлмөлөргө дагы эки кишиден жаткырып жатышыптыр. Дароо Бишкекке такси таап, түнү менен чыгып кеттим. Он эки саат тоо аралай жол жүрүп, Бишкекке жеттим. Ал жол аябай кооз деп айтышты, мен түн болуп көрбөй калдым. Бирок сөзсүз кайра барып келсемби деп жатам, андай кооздукту көрүш керек.

Би-Би-Си: Бизде да жатаканаларда орун жок деп жатышат. Орусиялыктар чын эле көп келип жатышабы?

Владимир: Ооба, чын эле көп. Телеграм-каналдарда өлкөдөн чыгып кетип жаткандарга көмөк көрсөтүшүп, кайда эмне бар, жатаканалар, батирлер тууралуу маалыматтар берилип жатат. Мен Кыргызстан тууралуу чатка алгач киргенде, 3000 катталуучу бар эле, бул жакка келип карасам, он миңден ашыптыр, азыр жыйырма миңден ашты. Демек, эл дагы эле келип жатат. Анткени чек ара жабыла элек. Бирок чыгарда сага чакыруу келбегени тууралуу военкоматтан маалым кат алышың керек.

"Орусияда жарандардын көбү укуктарын билбейт"

Би-Би-Си: Сизге аскерге чакыруу келе элек дедиңиз. Бирок менин укканыма караганда, чакыруу кагазын чакырылып жаткан адамдын жакындарына берип, алар кол коюп коюшса, анда да аскерге даярдыкка барууга милдеттүү болуп калат экен...

Владимир: Орусияда көп жарандар өздөрүнүн укугун билишпейт. Арыкча, согуш маселесинде адамдар адашып жатышат. Анткени, мобилизация Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери болгон эмес да бизде. Биздин азыркы мыйзам боюнча, аскерге чакыруу чакырылып жаткан адамдын колуна тапшырылыш керек. Мисалы, мага чакыруу келе турган болсо, менин өзүмө берип, кол коюп беришим керек. А менин туугандарым бергенге эч кимдин акысы жок. Бирок азыр чакырууну бериш үчүн полиция кызматкерлери менен келип жаткандыктан, эл коркуп, паника болуп эле алып жатышат. Азыр эми биринчи кимди алып кеткенге оңой болсо, ошону алып кетип жатышат да, бирок убагы менен, чакыруу баарына келет жана согушка баарын алып кетет. Бул түшүнүктүү эле нерсе.

Би-Би-Си: Борбор шаарларда мобилизацияга жөнөтүлгөндөр аз, абал тынч эле деп жатышат. Ошондойбу?

Владимир: Ооба. Москвадан мобилизацияга деле, согушка деле кеткендер аз. Себеби, МОсква чоң шаар. ЖМКлар көп, ар бир экинчи киши блогер, бир нерсе болсо интернетке жазып, тартып, айтып чыгышат. Ошондуктан, Москвада абайлап жасашат баарын. Ал эми бир аз алысыраак райондордо, Бурятия, Тыва сыяктуу жерлерден маасалык түрдө алып кетип жатышат. Ошентсе да, Москвада деле кыдырып, чакыруу таратып жүргөндөр бар.

"Кыргызстанда адамдар меймандос, шарттары ыңгайлуу"

Би-Би-Си: Кыргызстанга кайтып келсек, сизди кандай тосуп алышты бул жакта? Эмне таң калтырды, эмне тескерисинче өкүндүрдү?

Владимир: Биринчи таң калганым, баалар аябай арзан экен, бул мага жашоо үчүн ыңгайлуулук жаратты. Албетте, бир рюкзагың менен башка бир өлкөгө көчүп келүүнүн өзү стресс жаратат. Ал эми баалардын арзан болушу кубандырат, абал анчалык оор эместей сезим берет. Анткени, эч коркпой тамак жеп, батириңе барып уктоого акчаң жетет.

Бизде Орусияда Тик-Ток марттан бери иштебейт да. Иштейт, бирок марттан кийинки жүктөлгөн видеолор көрүнбөйт. Твиттер, фейсбук, инстаграм дагы иштебейт. Телеграмм менен вотсап гана калган. Анан мен видео тартып баштадым, бирок аудиториям орусиялыктар болгондуктан, видеомду эч ким көрбөйт го дегем. Бирок мен бул жакта абдан даамдуу плов бар экенин жана арзан экенин айтып видео жүктөсөм, бир канча млн жолу көрүлдү, комментарийге кыргыздар кош келиптирсиң, жакшы тамактан, бул жакка бар, кел мен сени тоого алып барып келейин, эмне жардам керек деп жазып жатышты. Бул мени абдан таң калтырды. Анткени, бизде-Москвада, мындай эмес. Эмнеге билбейм, бирок ар ким өзүнүн жашоосу менен алек, өзү үчүн гана жашайт. А бул жакта баары жардам бергиси келип турат экен. Мага бул абдан жагымдуу болууда.

Би-Би-Си: Балким сизди өкүндүргөн да бир нерсе бардыр..?

Владимир: Баары жакшы эле го дейм. Болгону биздин батирде интернет жок экен. Биз жергиликтүү симкарталар менен гана иштеп жатабыз, үйдө вай-фай жок. Батирдин ээсине вай-фай коюп бергиле деп жатабыз, анткени биз аны абдан кымбат баада ижарага алып жатабыз. Үч киши үч бөлмөлүү эски үйдөгү батирге жумасына 35 000 сом төлөйбүз.

"...согуш качан бүтөт, белгисиз"

Би-Би-Си: Силерге азыр келечекти пландоо кыйын болуп турганын түшүнүп турам, ошентсе да, бул жакта дагы канча болоюн деп жатасыз?

Владимир: Орусиялыктардын азыр пландоо тартиби такыр бузулду. Биз эң алыс дегенде бир жума алдыга пландай алабыз. Келечекти элестетүү абдан кыйын. Мобилизация менен кырдаал канчага чейин созулат, согуш качан бүтөт, эч кимге түшүнүксүз. Балким жылдар бою ушундай болот жана мобилизация жүрүп жатканда, Орусияга кайтуу кооптуу. Сен учуп келериң менен фронтко жөнөтүшү мүмкүн. Андыктан, азырынча бир нерсе деп айтуу кыйын. Мен азыр каттоого тура элекмин бул жакта. Билишиимче, мен 30 күн каттоосуз жүрө алам, андан кийин Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөргө чыгып келем. Абал турукташкыча ошентип көчүп-конуп жашай турам го деп ойлоп жатам.

Силерде ыңгайлуу шарттар көп. Мисалы, банк картасын да оңой эле ачса болот экен. Мен ага буйрутма берип койдум. Россиянын картасы азыр дүйнөнүн эч жеринде иштебейт. Мисалы, мен Грузияга бара турган болсом, накталай акча менен барышым керек болмок. Анда да доллар менен, а Россияда доллар канчадан бери жок. Ошондуктан, азыр чет өлкөлүк картасы барлар же накталай акчасы көптөр гана чыгып жатышат. Бишкекте “Мир” картасы иштейт экен, бардык жерде эмес, бирок иштеген жерлер бар. Бирок мен жергиликтүү банктан карта алууну чечтим, жакында даяр болот.

"Орусияга эч ким кол салган жок, мекенибиз коргоого муктаж эмес"

Би-Би-Си: Сиз өлкөңүздөн чыгып кетүүңуздөн улам, позицияңызды түшүнүктүү десек болот. Бирок адамдар ар кандай да, кээ бирлери эмне үчүн орустар өз мекенин коргобой качып кетип жатышат деп суроо салууда. Буга кандай деп жооп берет элеңиз?

Владимир: Биздин өлкөгө эч ким кол салган эмес. Жарым жыл мурун да, азыр да эч ким кол салган жок. Өлкөдө согуштук абал же согуштун өзү болбой эле. Расмий түрдө согуш эмес, башка өлкөнүн аймагындагы түшүнүксүз операция болуп жатат. Анын максаты, идеясы – эч нерсеси белгисиз. Эгерде тескерисинче, биздин өлкөгө бирөө кол салып, согуш болуп жатса, албетте мен калып, коргомокмун. Анткени, менин ал жакта коргой турчу көп нерсем бар, ата-энем, жакындарым, өзүм салган үйүм... Азыр болсо, адамдарды согушка жөнөтүп жатышат, бирок алар эмне үчүн күрөшүп жатканы белгисиз. “Атайын операциянын” максаты ачык айтылбай эле. Башкача айтканда, биз ал жактан эмнеге жеткибиз келип жатканын эч ким билбейт. “Биз муну алабыз, болбой калды, кайра кайтарабыз, болбой калды, артка кетебиз...” Такыр түшүнүксүз эмне болуп жатканы. Согуш керексиз, акылсыз болуп жатат. Эмне үчүн жан беришибиз керек? Бул жакта эч кандай идея дагы жок. Ким үчүн, эмне үчүн, эмнеге адамдар курман болушу керек бул түшүнүксүз согушта? Ошондуктан баары кетип жатат. Кайталайм, биздин мекен коркунучта эмес, ал коргоого муктаж эмес. Эч кандай “бизге кол салып, согуш аракеттерин жүргүзгөн Нато” деген жок. Бизге пропаганда аркылуу ушундай кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатышат, бирок андай эмес экенин баары эле билет.

Эреже боюнча Кыргызстанга келген чет мамлекеттин жарандары 30 жумушчу күн каттоосуз жүрө алышат. Андан соң, алты айга каттоодон өтүшү керек. Алты айдан кийин же каттоону узартып, же чет өлкөгө чыгып келиши керек болот. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин билдиришинче, 21-сентябрдан 3-октябрга чейин калкты каттоо департаментине Орусия Федерациясынын 10430 жараны каттоодон өттү. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилин карасак, 6043 жаранды түзөт.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 4-октябрда орус армиясына 200 миңден ашуун киши мобилизацияланганын билдирди. Ал 21-сентябрда жалпысынан 300 миң адам мобилизациялана турганын айткан. Анткени менен, бир катар ЖМКлар орус армиясына бир миллионго чейин адам чакырылышы мүмкүн экенин айтышкан. Шойгу жаңы мобилизациялангандар “атайын операция жүргүзүлгөн аймакка” жөнөтүлөөрүн белгиледи.

Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин орус жарандары менен кошо мигранттар да өлкөдөн чыгып кетүүдө.

Россиянын жаңы Кылмыш Кодексинде согушка катышуудан баш тарткан жарандарды үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралат. Ал эми согуш талаасынан качкандарды он жылга дейре түрмөгө кессе болот. Ошондуктан, аскерден качкандар учак, поезд менен, болбосо, кадимки эле такси унаалары менен чыгып кетүүдө.