Украинадагы согуш: Бошотулган Лимандагы орусиялык жоокерлердин сөөктөрү

    • Author, Орла Герин
    • Role, Би-Би-Синин Жаңылыктар бөлүмү. Лиман шаары, Украина

Кээде жеңиш деле ээн чөлдөй сезилиши мүмкүн.

Украинанын чыгышындагы орусиялыктардан өткөн апта соңунда кайрадан бошотулуп алынган Лиман шаарынын ичин араласаңыз, ушундайча маанай жаралышы ыктымал. Таштандыларга толуп, ээн калган көчөлөрдүн өйүз-бүйүзүндө тактайланган же өрттөлгөн имараттар тизилип турат. Кыйраган үй чатырынан салбырап турган тунуке шамалга ары-бери чайпалууда. Анча-мынча карапайым тургун гана көчөдө көрүнөт. Мындагы калктын саны согушка чейин 20 миңге жакын киши болчу.

Биз учураткан бир ууч карапайым киши бир нече ай бою тынбай жүргөн бомбалоодон дендароо болуп калышкансыйт жана аларды дагы кандай тагдыр сыноосу күтүп жаткандыгы белгисиз.

Жашоонун бирден-бир шаанисин украин аскерлеринин тобу айгинелегендей болду. Ал жоокерлер чопкуттуу аскер унаасынын төбөсүнө отуруп алышып, кол булгалап, эмен дарактар менен жээктелген автоунаа жолу менен шаттанган бойдон шаардан чыга жөнөштү.

Алардын унаалары Орусиянын аскеринин мындагы жеңилүү ызасы киши өмүрү аркылуу тастыкталган далилдердин жанынан күркүрөгөн доош чыгарып узай берди.

Набыт кеткен беш орус жоокеринин сөөгү бири-бирине жакын жатыптыр. Бул сөөктөрдүн айрымдары көөп кетиптир, кыйшайып өлгөн боюнча калгандары да бар. Алар бир кездери кимдир-бирөөнүн күйөөсү же кимдир-бирөөнүн уулу болчу да.

Алар кандайдыр бир жол менен салгылашууга кайтып келе тургандай тейде, бут кийимчен, толук аскер кийимчен суналышат. Алар качып чыгууга далбас кылып жаткан чакта чогуусу менен окко учкандай көрүнөт.

Буларга жакын жерде биз таштап салынган орус аскер кийимдерин, төшөнчү салчу баштыктарды жана тамак-аш салчу идиштерди көрдүк. Мында кимдин-бирөөнүн аты жазылган аскер рюкзагы да бар экен. Анын ээси эмне тагдырга кабылганын ким билсин?

Украиналык кайрымдуулук тобунун эки жаш ыктыярчысы тынч гана кылдат иш алып барышууда. Алар сөөктөрдү номурлап, алардын кимдигин аныктоого көмөк кылчу ар кандай иликти издеп жатышты.

Алар жол жээгинде чачылган миналардан бир нече метрдей гана алыстыкта чөгөлөп иштеп жатышат. Бул миналар чөп менен жалбырактардын кочкул-жашыл түсүндө боёлуп, жашырылган экен. Бул жарылуучу куралдар артка чегинген же, Орусиянын Коргоо министрлиги айткандай, "алда канча пайдалуу турумдарга четтеп кетишкен" аскерлер делген душмандардын узак мөөнөттүк ажал бүрккүч аргалары эле.

Айтмакчы, алиги билдирүүгө маанилеш жубатма сөз Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков облусунда өткөн айда орун алган Орусиянын аскерлеринин талкаланып, чегинүүсүнө байланыштуу да айтылган.

Кийинчерээк украин ыктыярчылары биз көргөн сөөктөрдү кара баштыктарга салып, унааларын айдап кетишти. Ошентип, Орусиянын набыт болгон жоокерлеринин дал ушул өкүлдөрү акыры согуш талаасынан түбөлүккө чыгарылды.

Жол жээгинде токтоп турган жана орусиялыктардан тартып алынган Т72 танкынын үстүндө жаңы украин желеги желбиреп турду.

Жылмайган жаш украин жоокери танктын ок аткыч жабдуусуна чыгып бара жатып: "Биз жеңгени турабыз, - деди. - Мен өзүмдү абдан жакшы, абдан сонун сезип жатам".

Бул шаарда болгон окуя президент Владимир Путиндин жеңилүүсү гана эмес. Бул - аны толугу менен ызага муунтуу.

Өткөн аптанын жума күнү эле ал бүт дүйнөгө Украинанын төрт аймагын, анын ичинде Лиман жайгашкан Донецкти аннексиялап жатканын жарыялаган. Путин бул дубандар (облустар) эми «түбөлүккө орусиялык» аймактар болушат деп шардана кылган болчу.

Ошол жар салуудан бир күндөн кийин эле украин аскерлери Лиман шаарынын ичине кирип келишти да, Путиндин жоокерлери өз жандарын сактап калуу үчүн далбастап качып жөнөштү.

Украинанын бийликтеринин айтымында, Лиман шаары кайра бошотулганга чейин 5000дей орус жоокери бул шаарда камалоодо калган.

Курчоодогулардын канчасы өлтүрүлгөнүн же колго түшкөнүн билбейбиз. Украинанын Коргоо министрлиги "Твиттердеги» баракчасында Лиманга жайгаштырылган орус жоокерлеринин дээрлик бардыгы "же сөөктөр салынган кара баштыкка салынышты, же болбосо туткунга алынышты" деп билдирди.

Бул стратегиялык жактан маанилүү шаар дээрлик толугу менен Орусиянын колунда тутулуп турган коңшу Луганск облусуна кирчү дарбаза болуп саналат. Украина бул шаардагы өз жеңишин мындан аркы илгерилөө үчүн жаңы секирик катары пайдаланууга үмүттөнүүдө.

Лена деген аял жана анын 10 жашар уулу Родион эми мындан ары тынчтык эле болсун, ичээр суу жеткиликтүү болсо экен деп тилешет.

Биз эне-балага алар беш литрлик идиш көтөрүп кудукка бара жаткан жеринен жолуктук.

"Менин оюмча, мындан ары тынч болот, - деди кара түстөгү калпак жана кабаттап жүн жемпир кийген Лена. - Тынчтык эле болсун. Ар ким жетиштүү азап тартты да. Эң эле оор нерсе - бул үстөккө-босток ракеталык аткылоодон аман калуу болду. Биз жертөлөдө жашырынып, кудайдан тиленип жаттык. Азыркы тапта кырдаал дагы эле курч бойдон, бирок, жалпысынан, мен - бактылуумун».

Согуш зардабынан улам мектептеги окуусунан айрылган Родион бул согуштун сабактарын үйрөндү. Кара-көк шапкесин баса кийген бул жеткинчектин жүзү сумсайып турду.

"Лиманда бир аз коркунучтуу болду, анткени жардыруулар тынбай жатты. Согуш - абдан жаман, анткени кишилер анда көп өлөт тура. Азыр жүрөгүм саал ордуна келип калды", - деди Родион.

Лиман шаарындагы көчөлөрдү араласак, дубалдарда, дүкөнчөлөрдө жана автобус аялдамаларында орусиячыл ураандар чапталып турат. Бир дүкөндүн жабык витринасында «CCCP» (б.а. Советтик Социалисттик Республикалар Союзу) деген төрт баш тамга жазылып коюлуптур.

Орусиянын президенти Путин өзүнүн жаш кезиндеги Советтер Биримдигин кайра тирилтүүнү канчалык кааласа, Лиман шаарынын урандылары анын тилеги таш капкандыгын ошончолук тастыктап турат.

Украина азыркы тапта жаңы дем-күчкө ээ болуп турат. Өлкө эми Батыштын курал-жарактарына таянуу менен ушунчалык ыкчам аракет кылуу зарылдыгын да туюп жатат. Кыш ызгаары башталган чакта, майдан тилкесинде да мүшкүл көп болот эмеспи. (TT)