"Бири-бирине тиш салып башташты". Лиманды Украинага алдырган үчүн кимди күнөөлөп жатышат?

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк областындагы Лиман шаары орус аскеринен толук тазаланганын билдирди. Андан мурда Россиянын Коргоо министрлиги өзүнүн аскери курчоодо калбаш үчүн Лимандан чыгып кеткенин билдирген. Ошондон кийин дароо эле орус пропагандисттери бул шаардын алынганы үчүн айыптууларды издеп баштады.

Лиманды украиндер алганы 1-октябрда кабарланды, бирок кийинки күнү да ал жерде салгылашуулар болду. Россиянын Коргоо министрлигинин сводкасында курчоодо калуу коркунучунан улам союздук аскерлер Лимандан чыгарылып, ыңгайлуу позицияга кеткени айтылат. Бул президент Путин Украинанын төрт регионун Россиянын курамына кабыл алуу жөнүндө келишимге кол койгондон кийинки күнү болду.

Орус аскеринин Лимандан кеткени патриоттук маанайдагы телеграм-каналда катуу талаш-талкууну пайда кылып, Россиянын армия жетекчилерине сын жаап баштады.

Лапин, Герасимов, Шойгу. Патриотторайыптууну издеп жатат

Биринчи болуп Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен "Вагнер" аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин баштады.

"Коргонуунун бул участкасын Борбордук аскер округунун командачысы генерал-полковник Александр Лапин жетектеп жаткан, - пдеп жазды Кадыров телеграм-каналында. - Дал ошол Лапин, Лисичански алынганда Россиянын Баатыры жылдызын алган, а чынында ал жакта болгон эмес эле. Лапиндин кол астына Батыш аскер округунун аскерлери да өткөн эле".

"Кеп Лапиндин колунан кокон тыйын келбегендигинде эле эмес. Аны жогору жакта генштабда калкалап жатышпайбы. Менин эркиме койсо, Лапиндин наамын бүт шыпырып, сыйлыктарын бүт алып, колуна автомат берип, шермендеңди каның менен тазала деп согушка салмакмын", - деди Кадыров.

Евгений Пригожин өз кезегинде "Кепка Пригожина" деген каналы аркылуу Кадыровду колдоого алды.

"Кадыровдун экспрессивдүү билдирүүсү, албетте, менин стилимде эмес. Бирок айтып коеюн: "Рамзан, красавчик, жги". Бардык ушул төрөлөрдү - колуна автомат берип, жылаңайлак фронтко айдаш керек", - деп айтылат Пригожиндин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Орустардын патриот жана пропагандист блогерлеринин Лимандын алынышы үчүн тытышып жатканын украин бийликтери дагы байкап турат.

"Алар ал жакта бири-бирине тиш салып баштады: күнөөлүүлөрдү издеп, кайсы бир генералдарды күнөөлөп жатышат… Бул Россия бийлигинин бардык деңгээлинде кулак сала турган биринчи коңгуроо. Россиянын Украинага болгон бул акылсыз согушун баштаган бир адам менен проблемаңарды чечпесеңер, бул согуштун Россия үчүн тарыхый каталык болгонун моюнга албаш үчүн баарыңарды бирден чилдей терет",-деп комментарийледи Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Лиман эмнеге маанилүү?

Британ чалгындоосу жазгандай, Лиман Түндүк Дондун жээгинде маанилүү кайчылашта жайгашкан үчүн олуттуу оперативдик мааниге ээ, аны менен Россия фронттун жаңы линиясын түзүүгө аракет кылып жаткан.

Лиманды таштап кетүү ошондой эле олуттуу саясий жеңилүү, анткени Донецк областы - Россия "куткарып", аннексиялап жаткан регион.

"Мыйзамсыз оккупацияланган аймактарды мындан ары жоготуулар коомдук сындын күчөшүнө жана жогорку командачылыкка кысымдын күчөшүнө алып келет" деп эсептешет чалгын кызматында.

Ошондой эле Улуу Британиянын аскердик чалгындоосу Россия Лимандан кетип атканда оор жоготууларга кабылды деп жатат.

"Лиманды Россиянын Батыш жана Борбордук аскер округдарынын чала комплектелген аскер бөлүктөрү коргоду окшойт, ошондой эле ыктыярдуу чогулган резервисттер. Алардын күчтөрү Россиянын колунда калган жалгыз жол менен чегинип баратканда оор жоготууларга учураган сыяктуу", - деп айтылат сводкада.

Лимандын алдындагы жеңилүү Россиянын президенти Путин үчүн Украинанын түштүгүндөгү басып алынган аймактар көбүрөөк мааниге ээ экенин көрсөтүп турат. Бул жөнүндө Американын Согушту изилдөө институтунун (ISW) күнүмдүк отчетунда айтылат.

Украина менен Россиянын булактары орус аскери Херсон, Запорожье областтарында өзүнүн позициясын бекемдөөнү улантып жатканын көрсөтүүдө.

Купянск менен Лиман багытында фронттун чектерин бекемдебей калтырып коюу аскер командачылыгынын эмес, Путиндин өзүнүн жеке чечими болгон сыяктуу, дейт ISW эксперттери. (КС)