Украин аскери түштүк фронтто дагы жиреп баштады

    • Author, Пол Адамс
    • Role, Би-Би-Синин дипломатиялык кабарчысы

Украинанын армиясы түштүк тараптагы Херсон багытында дагы ыкчам контр чабуулга өтүп жатканы жөнүндө жайнаган кабарлар келүүдө.

Украина Түштүктөгү Херсон шаарынын багытында контр чабуулду июлда эле баштаган. Москва бул жакка аскер жана техника жиберип, позициясын бекемдеди.

Сентябрда Украина Харьковдо чабуул баштап, орус аскерин капыстан басты. Ошол чабуул токтобой уланууда. Логистикалык жактан абдан маанилүү болгон Лиман шаарын алгандан кийин украин күчтөрү Москва аннекциялап алган аймакты карай жиреп баратат.

Украина ошол эле убакта түштүк тарапта дагы алдыга жылып жатканы байкалууда. Үч айга созулган басаңдоодон кийин өткөн түнү украиндердин ыкчам чабуулу башталганы жөнүндө жайнаган кабарлар келүүдө.

Президент Зеленский түнкү кайрылуусунда Херсондун түндүгүндөгү эки кыштактын бошотулганын билдирди. Ал, балким, картинаны толук айткан жок. Херсонду кайтарып алуу Киев үчүн, албетте, зор сыйлык болмок. Бирок буга жетүүгө али көп бар - бул райондо Россиянын аскери көп.

Бирок Москва азыр аскердик мобилизация жарыялап, армияны толуктай албай жаткан чагында бир эле учурда эки фронтто тең олуттуу коркунучка дуушар болууда.

Россия аннекциялап алган аймактарда карапайым элдин жашоосу ого бетер оорлошту. Эркектер аларды орус армиясына чакыруу аракети болуп жатканын айтууда.

Ал эми оккупацияланган аймактардан Украина көзөмөлдөгөн аймакка качкандардын чоң агымы тартылып калды.

Запорожьедеги кабыл алуу пунктунда күн сайын миңдей адамды кабыл алып жатышкан. Бүгүн эртең менен алардын саны отуз чакты эле болду.

P.S. Лимандын алдындагы жеңилүү Россиянын президенти Путин үчүн Украинанын түштүгүндөгү басып алынган аймактар көбүрөөк мааниге ээ экенин көрсөтүп турат. Бул жөнүндө Американын Согушту изилдөө институтунун (ISW) күнүмдүк отчетунда айтылат. (КС)