“Батыштын символу”. Иран үй жаныбарларына тыюу салууну көздөп жатат

Али Хамедани, BBC World Service

Ит ээси

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы мыйзамдын кесепети Ирандагы үй жаныбарларынын ээлерине таасирин тийгизиши мүмкүн

“Ал мени кооз, күнөөсүз көздөрү менен карап, сейилдөөгө алып чыгуумду өтүнөт. Бирок мен муну кыла албайм, анткени бизди камап коюшу мүмкүн”, - деп айтат кичинекей иттин ээси Масха. Ирандын борбор калаасы Тегеранда жакында кармоолордун толкуну башталды: жергиликтүү полиция итти паркта сейилдетүүнү “кылмыш” деп атап, ээлери кармалып, ал эми жаныбарларды алып кетип жатышат. 

Бийлик иттерди сейилдетүүгө тыюу салууну “коомдук коопсуздукту сактоо” зарылдыгы менен түшүндүрүп жатышат. Ал арада Ирандын парламенти үй жаныбарларына атайын уруксаттын негизинде гана ээлик кылууга жол берген мыйзам долбоорун карап жатат.

"Батыштын символу"

Мыйзам долбооруна ылайык, ирандыктар ит же мышык багуу үчүн атайын өкмөттүк комитетке кайрылышы керек. Аны менен бирге, коёндон тартып таш бакага чейин ар кандай үй жаныбарларын “четтен алып келүү, сатуу жана сатып алуу, ташуу жана багуу” үчүн 800 доллардын тегерегинде айып пул каралууда.

Мыйзам долбооруна каршы чыккан Ирандын Ветеринарлар ассоциациясынын президенти, доктор Пайама Мохебинин айтымында, бул маселе боюнча талаш-тартыштар мындан 10 жылдан ашуун убакыт мурун эле чыккан. Анда ирандык депутаттардын тобу иттерди ээлеринен конфискациялап, аларды зоопаркка жиберүүнү же чөлгө таштап салууну сунушташкан. 

“Ушул убакыттын ичинде алар мыйзам долбоорун бир нече жолу өзгөртүштү, жадагалса ит ээлерин сабап жазалоону дагы талкуулашкан. Бирок жыйынтыкта долбоор жылган жок”, - деди Мохеби.

Пайама Мохеби

Сүрөттүн булагы, COURTESY OF DR PAYAM MOHEBI

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын Ветеринарлар ассоциациясынын президенти, доктор Пайама Мохеби жаңы мыйзам долбооруна ачык эле каршы чыгууда

Ирандын айыл аймактарынын тургундары дайыма итти багып келишкен, бирок 20 кылымда үй жаныбарлары урбанизациянын символу дагы болуп калган. 

Иран жаныбарларды коргоо жөнүндөгү мыйзамдарды кабыл алган Жакынкы Чыгыштагы биринчи өлкөлөрдөн болгон. 1948-жылы өлкөдө алардын коопсуздугун көзөмөлдөгөн алгачкы мамлекеттик уюм пайда болгон. Иттер жадагалса падышалык үй-бүлө мүчөлөрүндө дагы болгон. 

Бардыгын 1979-жылы шах Мохаммед Реза Пехлевини кулаткан исламдык революция өзгөрттү. Ал Ирандын жашоосунун көптөгөн тармактактарына, анын ичинде үй жаныбарларына тиешелүү чөйрөгө да таасирин тийгизди.

падышалык үй-бүлө

Сүрөттүн булагы, IRANIAN ROYAL FAMILY COLLECTION

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өткөн кылымда үй жаныбарлары урбанизациянын символу болгон, жадагалса падышалык үй-бүлө мүчөлөрүндө дагы иттер жана башка үй-жаныбарлары болгон

Исламда иттер “таза эмес” жаныбарлар болуп эсептелет. Жаңы режимдин көз карашында алар "Иран бийлигин түп тамырынан жок кылууга аракет кылган Батыш жана анын жашоо түрүнүн символу".

“Итке ээлик кылууну жөнгө сала турган так нормалар дагы деле жок”, - деп айтып берди Би-Би-Сиге тегерандык ветеринар, доктор Ашкан Шемирани. 

“Полицейлер иттерин сейилдеткен же аларды жөн эле унаасына салып алган адамдарды кармап жатат. Бул алар иттерди “вестернизациянын” символу катары эсептегендиги үчүн гана болуп жатат”, - деп түшүндүрдү Шемирани. 

Анын айтымында, бийлик жадагалса алынган үй жаныбарлары үчүн “түрмө” да жасаган. “Биз ал жер жөнүндө көптөгөн үрөй учурган окуяларды уктук, - дейт ал. - Жаныбарларды ачык жерде нормалдуу тамак-аш жана суусу жок жерде кармап турушат, ал эми ээлеринде мыйзам менен бир топ көйгөйлөр пайда болот”.

супер-ит

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Исламда иттер “таза эмес” жаныбар деп эсептелет, ал эми Ирандын кээбир тургундары аларды “вестернизациянын” символу катары эсептешет

Перс мышыктарынын көйгөйлөрү

Үй жаныбарларына ээлик кылууну чектеген жаңы мыйзам долбоору Батыштын Иранга карата көп жылдык санкцияларынын айынан түзүлгөн экономикалык кыйынчылыктар менен дагы байланыштуу. Үч жыл мурун Иран бийлиги чет өлкөдө чыгарылган мал азыгын ташып келүүгө тыюу салган - бул өлкөдөгү валюттук резервин сактоо үчүн жасалган чаралар экени түшүндүрүлгөн. 

Текчелерде чет өлкөнүн товарлары көп болгон учурларда, айрыкча жашырын базарлар пайда болгондон кийин баалар кескин көтөрүлө баштаган. 

“Биз аткезчилик менен мал азыгын сырттан ташып келген адамдардан аябай көз карандыбыз, - деп кейиди ветеринардык клиникалардын биринин ээси Мешхед. - Бир нече айдын ичинде эле баалар беш эсе өстү”.

Ветеринар жергиликтүү мал азыктарынын сапаты начар жана стандарттарга туура келбегенин айтууда. Анын айтымында, ишканалар көбүнчө начар сапаттагы малдын этин жана балыкты, жадагалса колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен ингредиенттерди колдонушат.

Перс мышыктарынын көйгөйү

Жаңы мыйзам долбоору бир гана иттерге эмес, мышыктарга жана башка үй жаныбарларына (жадагалса крокодилдерге) да тиешелүү. Бул Иран дүйнөдөгү эң популярдуу болгон “перс мышыктарынын” мекени экендигине карабастан болуп жатат.

перс мышыгы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы мыйзам долбоору перс породасындагы мышыктар мыйзамсыз деп таап, акылга сыйбаган кырдаалды жаратышы мүмкүн

“Перс мышыктары эми өз мекенинде кооптуу абалга түшөт дегенди кантип элестетсе болмок эле?” - деп ачууланды Тегерандагы клиниканын ветеринары Би-Би-Синин кабарчысына маек куруп. “Бул мыйзамда эч кандай логика жок. Алар жөн гана адамдарга өздөрүнүн муштумун көргөзгүлөрү келип жатат”, - деп кошумчалады ал. 

Ирандын Ветеринарлардын ассоциациясынын президенти, доктор Мохеби бул долбоорду “уят” деп сыпаттады. “Эгерде парламент бул мыйзамды кабыл алса, кийинки муун бизди иттерге алар ит болгондугу үчүн, ал эми мышыктарга алар мышык болгондугу үчүн тыюу салган адамдар катары эстеп калышат”,- деди Мохеби. 

Масха сыяктуу Ирандагы үй жаныбарларынын ээлери өзүлөрүнүн тарбиялануучуларынын келечеги үчүн чындап санаа тартып жатышат. 

“Мен өзүмдүн “балакайым” үчүн уруксат суроого аракет дагы кылбайм. Алар баш тартып коюшсачы? Мен аны көчөгө таштай албайм”, - деп түшүндүрдү ал. (ЕВ)