Грузия Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткону үчүн нааразылык чыкты

Нина Ахметали, Би-Би-Си, Тбилиси

BBC

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе анын өлкөсү 2028-жылга чейин Европа Биримдиги уюмуна кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуп жатканын билдирди. Бул кабардан кийин борбор калаа Тбилисиден баштап жана башка бир нече шаарда буга каршы уюшулбаган нааразылык акциялары дүрт этти.

Тбилисиде нааразы болгондор дароо бир нече жерге чогулушту, анын ичинде башкаруучу партия болгон "Грузин кыялы" партиясынын жана Руставели проспектисинде жайгашкан парламент имаратынын алдына да топтолушту.

Нааразылык акциясына миңдеген кишилер чогулду. Кагылышуулар болуп, демонстраттарга каршы суу менен атуучу унаалар пайдаланылганы кабарланды. Полиция нааразылык акциясына чыккандарды шаардын борборунан сүрүп салууга аракет жасады.

Грузиянын Ички иштер министрлиги "парламент имаратынын алдындагы манифестация мыйзам белгилеген чектерден ашып кетти" деп билдирди.

"Манифестациянын катышуучулары укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акарат келтиришип, кайым айтышуу болду […] . Аларды көздөй ар кандай буюмдарды ыргытышты, анын айынан ИИМдин үч кызматкери жабыркап, ооруканага кайрылууга аргасыз болушту. […] Кырдаалды курчутуп жибербөө максатында полиция мыйзам чегинде белгиленген атайын каражаттарды пайдаланышты",- деп айтылат полициянын бул боюнча тараткан билдирүүсүндө.

Башкаруучу партия болгон "Грузин кыялы" партиясы Европа Биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуу боюнча билдирүүнү, парламент депутаттары мамлекеттин жаңыланган өкмөтүнүн курамын бекиткенден көп өтпөй эле жарыялады. Оппозиция жаңы парламенттин легитимдүүлүгүн тааныбайт.

Нааразылык акциясына чыккандарга каршы суу менен атуучу унаалар пайдаланылды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нааразылык акциясына чыккандарга каршы суу менен атуучу унаалар пайдаланылды

Кобахидзе эмне деди?

28-ноябрда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе "европалык саясатчылардын жана бюрократтардын бир тобун" Грузияда жакында эле өткөн парламенттик шайлоого кийлигишти деп айыптады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бүгүн биз 2028-жылга чейин Европа Биримдиги уюмуна кошулуу тууралуу сүйлөшүулөрдү күн тартибине киргизбөө тууралуу чечим кабыл алдык. Ошондой эле 2028-жылдын аягына чейин биз Евросоюздан кандай гана бюджеттик грант болсо дагы албай турабыз деп чечтик",- деди Кобахидзе.

Анын сөзүнө караганда, 2028-жылдын соңунда Грузия Европа Биримдиги менен сүйлөшүүлөрдү баштоого экономикалык жактан даяр болуп калат. Кобахидзе, Евросоюздун чыгыш багытында кеңейиши ансыз деле азырынча пландалган жок, техникалык жактан алып караганда, уюмга кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого болгону бир жарым, эки жылдай убакыт керектелет.

"Бул европалык айрым бир саясатчылар жана бюрократтар Грузияга карата сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча кандай мамиле кылып, канчалык жасалма жана маскара саясат кылып жатканын көрсөтөт",- деп билдирди ал.

Анын сөзүнө караганда, Грузиядан реформаларды эмес, анын ордуна "намыстан баш тартууну" туюндурган кайсы бир аракеттерди талап кылып жатышат. Ал буга өкмөттүк эмес уюмдардын ачык-айкын ишмердиги жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарууну (бул мыйзам "чет өлкөлүк агент" деп да аталып жүрөт, оппозиция аны Орусияда кабыл алынган мыйзамга теңеп келе жатат), "ЛГБТ-пропагандага" каршы мыйзамды, Орусияга карата санкцияларды киргизүүнү жана экс-президент Михаил Саакашвилини абактан бошотууну жүйө келтирди.

Грузияда өткөрүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, өлкө калкынын 70-80 пайызга жакыны Европа Биримдиги уюмуна кошулууну жакташат.

Грузиядагы соңку шайлоо кызуу талаш-тартыштар менен коштолуп келе жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Грузиядагы соңку шайлоо кызуу талаш-тартыштар менен коштолуп келе жатат

Соңку парламенттик шайлоодон кийинки жагдай

Грузиянын борбордук шайлоо комиссиясы оппозициялык партиялар парламенттик шайлоодо жеңилгенин, жеңиш башкаруучу партия "Грузин кыялыныкы" экенин билдирген. Мындайды күтпөгөн оппозиция расмий жыйынтыктарды тааныбай турганын айтып, Тбилисинин борборунда митинг уюштурган эле. Грузиянын президенти шайлоо бурмаланды деп билдирген. Өкмөт андай сынды кескин четке каккан.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгынын эсеби ушундай чыккан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайлоонун алдын ала жыйынтыгынын эсеби ушундай чыккан

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өткөн соңку парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткан. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп, "бул Грузиянын Орусияга баш ийгендигин таануу менен барабар" деген эле.

Шайлоодо башкаруучу партия "Грузин кыялы" 54% добушка ээ болгон. Оппозициялык партиянын өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин Зурабишвили 28-октябрда Тблисиде баштала турган нааразылык митинги тууралуу кулактандырган.

Ал шайлоонун жыйынтыктары "Грузин кыялы" партиясынын пайдасына болуп көрбөгөндөй бурмаланган деп эсептейт. Ошондуктан ал жарандарды ошол күндөрү баштала турган нааразылык акцияларына чакырган.

"Орусиялык атайын операциянын биздин өлкөбүзгө, биздин жарандарыбызга каршы жасалган гибриддик согушунун бир формасынын күбөлөрү жана курмандыктары болуп калдык",- деген Зурабишвили.

"Грузин кыялы" айыптоолорду четке кагып, орусиячыл позициясын тынчтыктын партиясы, өздөрүн Москва менен сүйлөшүүгө умтулгандар катары көргөзгөн.

Кезинде президент өзү "Грузин кыялынын" колдоосу менен тандалып келген, бирок көп өтпөй партия өлкөнү туңгуюкка алып бара жатканын айтып, өзүн өлкөдөгү "жападан жалгыз калган көз карандысыз институт" деп атаган.