Грузиядагы шайлоо: тарыхий мааниси жана эмнени күтсө болот?

Нина Ахметели

Евробиримдик бул шайлоолорду Грузиядагы демократия үчүн жана Европага карай жолдун башкы сыноосу деп эсептейт.

Сүрөттүн булагы, Vano Shalmov/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Евробиримдик бул шайлоолорду Грузиядагы демократия үчүн жана Европага карай жолдун башкы сыноосу деп эсептейт.

"Грузин кыялы" партиясы парламенттик шайлоодо оппозициялык партиялардан алдыда келе жатканын Боршайкомдун жыйынтыктары көрсөтүүдө. Оппозиция бул шайлоолордун жыйынтыгын таануудан баш тартып, нааразылык акциялары тууралуу кулактандыра баштады. Алар узурпация тууралуу айтып чыгышты.

Парламенттик шайлоолор Тблиси менен Батыштын мамилеси болуп көрбөгөндөй чыңалган учурда өтүп жатат.

БШКнын добуш берүү күнү чыгарган алдын ала маалыматы

Грузияда 26-октябрда өтө турган парламенттик шайлоолорду тагдыр чечүүчү аламан жарыш деп эсептеп келишти. Байгеге өлкөнүн кебелгис көрүнгөн батышчыл багыты сайылып отурат. Би-Би-Си ушул шайлоо эмнеликтен Батыш менен Россиянын көңүл борборунда экенин чечмелейт.

Көз карандысыз Грузиянын тарыхында биринчи жолу шайлоого 12 жыл башкарып келе жаткан бийликтеги партия шайлоого баратат. Бул Батыш менен мамилелер болуп көрбөгөндөй кризиске учурап, Москвага ыктаган учурга туш келди.

Оппозия да, бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы да баарын байгеге сайып, компромисске орун калтырбай баратат. Алар шайлоону элдик референдум деп аташты.

Парламенттин 150 депутаты мурдагыдай аралаш система эмес,пропорционалдык система менен шайланат. Парламентке өтүш үчүн партиялар 5 пайыздык тосмону багындырышы керек.

Эгер алардын бири да көпчүлүк орунга ээ боло албаса, анда коалициялык өкмөт түзүүгө мажбур болушмакчы. Бийликти Россиянын кызыкчылыктары үчүн иштеп, өлкөнү эл аралык изоляцияга жетелеп баратат деп айыптаган оппозициялык күчтөр дал ушундай сценарийге үмүт кылышат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал эми жеңишке жетерине ишенген “Грузин кыялы” шайлоочуларды тынчтык менен чет өлкөлүк таасирдүү күчтөрдүн жетегиндеги оппозиция аралаштыра турган согушту тандоого чакырууда.

Орусия менен согушту башынан кечирген Грузияда сурамжылоо көрсөткөндөй, калктын 70-80% өлкөнүн Евробиримдикке туруктуу багытын жактайт.

Былтыр декабрда, Грузия Евробиримдикке мүчөлүккө кандидат статусун алганда перспектива даана көрүнүп калган. Бирок бир нече айдан соң, масштабдуу каршылыктарга карабастан “Сырткы таасирдин ачыктыгы жөнүндө” (башкача айтканда, “чет өлкөлүк агенттер” тууралуу) мыйзам кабыл алынып, өлкөнүн Евробиримидикке кирүү процесси токтоду.

Тбилисинин стратегиялык өнөктөшү болгон АКШ өз мамилесин өзгөртө баштады. Бийликтеги партиянын ондогон өкүлдөрү жана аткаминерлери “Грузиядагы демократияга кесепети үчүн” АКШга кирүү визасына чектөөлөргө туш болду, бир нече грузин жараны, анын ичинде ИИМдин эки жогорку даражадагы кызматкери санкцияга кабылды.

“Грузин кыялынын” кыл чайнашы жана тынчтыгы

“Грузин кыялынын” саясатын аныктаган киши – партиянын негиздөөчүсү жана анын шайлоо тизмесинде биринчи орундагы Бидзина Иванишвили. Аймактардагы шайлоону утурлай жолугушууларда Иванишвили ок өтпөс айнек артынан сүйлөдү. “Өлкөнү согушка түрткүсү келгендер, ички жана тышкы душмандарыбыз улуттук өкмөттү агентура менен алмаштырууга кенедей болсо да мүмкүнчүлүк алууну күсөп жатат. Бул Грузиядага бомба, өлкөнү кыйрата турган нерсе”, -деп кайрылды Иванишвили тарапташтарына.

“Грузин кыялы” башкарган кезде Иванишвили эки жолу саясаттан кетти. Соңкусунда былтыр декабрда партиянын ардактуу төрагасы болуп кайтты. Оппоненттери Иванишвили эч кайда кеткен эмес, өлкөнү бейформал башкарып келген эле деп эсептейт

Иванишвили “Грузин кыялынын” тизмесин биринчи ирет баштап баратат. Ал “глобалдык согуш партиясы” – Евробиримдикке жана НАТОго таасири арбын, оппозицияны бийликке алып келип, Россияга каршы “экинчи фронт” ачкысы келген кайсы бир чет өлкөлүк күчтөр тууралуу дайыма кеп кылат. Анын айтымында, Европа жана АКШ менен мамиледе “түшүнбөстүктөр” Украинада согуш бүтөрү менен токтойт экен. Иванишвилинин шайлоо алдандагы сөздөрүнүн түйүңдүү темаларынын бири 2008-жылдагы орус-грузин согушу болду. Ал бул согуш үчүн мурдагы бийлик өкүлдөрүн жазалоону убада кылды.

2008-жылы Россиянын авиа соккуларынан катуу жапа чеккен Горидеги анын сүйлөгөн сөзү айрыкча резонанс эаратты. Иванишвили шайлоодон кийин “грузин Нюрнберг процессин” өткөрө турганын да бир ирет баса айтты. Сырттан берилген тапшырма боюнча “осетин бир туугандарды өрткө чулгаган” мурдагы бийлик үчүн Тбилиси кечирим суроого дарамети жетет деди ал. Абхазия менен Түштүк Осетиядан кол жууган согуштун контекстинде Иванишвили бир да жолу Россияны оозго албады..

Бийликтеги партиянын шайлоо алдындагы баннерлери менен видео роликтери да талаш жаратты: согуштан жабыркаган Украинанын шаарларынын сүрөттөрүнүн алдына “Согушка жол жок” деген сөздөр, ал эми Грузиядагы жаңы оңдолгон имараттарга “Тынчтыкты танда” деген ураандар жазылды

Украинада чоң согуш башталган соң Тбилисинин Киев менен да, Батыш менен да мамилеси дароо начарлады, ал эми Москва менен жакындашуусу даана көрүнө баштады. Россия кол салгандан кийинки күнү эле грузин бийлиги Россияга санкция киргизбейбиз деп билдирди.

Грузин коомунун басымдуу бөлүгү Украинага жан тартат. Башкаруучу партиянын Укранинанын согуштан жабыр тарткан шаарлары менен имараттарынын сүрөттөрүн пайдалануусу Киевдин гана кыжырына тийбестен, грузин социалдык тармактарында да терс реакциянын толкунун пайда кылды. Президент Саломе Зурабишвили аларды “КГБнын устакансында” жасалган, Грузиянын маданиятын, традицияларын жана тарыхын мазактайт деп баалады.

Эгер коомдук нааразычылыкты жараткан шайлоо баннерлерин эске албаганда, тынчтыкты камсыздоо темасы бийликтин пайдасына иштеп жатат деп эсептейт социолог Яго Качкачишвили. Бирок Батыш менен мамилелердин кризис учурунда өнөктөштөрдүн колдоосу жок тынчтык, Россия менен бетме бет жалгыз калуу опуртал экенин элдин көбү жакшы түшүнөт.

“Грузин кыялынын” сунуштарынын дагы бир — бул чиркөөнүн мамлекеттин иденттүүлүгүндөгү өзгөчө ролун конституцияда чагылдыруу (Грузин православ чиркөөсүнүн өзгөчө ролу ансыз деле конституцияда бар) жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо урааны астында ЛГБТ укуктарын чектеген конституциялык түзөтүүлөрдү киргизүү (мындай мыйзамдар кабыл алынган).

“Албетте, алардан гей-параддар же бир жыныстагылардын баш кошкону жагабы деп сурасаң, жок деп жооп беришет. Бирок бул алар үчүн эң башкы проблема эмес, бул бийлик өзүн колдогон шайлоочулардын санын эбегейсиз көбөйтүүгө жарактуу чакырык эмес” дейт Качкачишвили.

Оппозиция эмнеге даянданууда?

Грузияда 2018-жылы өткөн соңку президенттик шайлоодо Зурабишвилинин талапкерлигин башкаруучу партия колдогон. Бүгүн ал “Грузин кыялынын” эски шериктери сыяктуу эле башкаруучу партия өлкөнү туңгуюкка алып баратат деп эсептейт.

Сүрөттүн булагы, VANO SHLAMOV/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Грузияда 2018-жылы өткөн соңку президенттик шайлоодо Зурабишвилинин талапкерлигин башкаруучу партия колдогон. Бүгүн ал “Грузин кыялынын” эски шериктери сыяктуу эле башкаруучу партия өлкөнү туңгуюкка алып баратат деп эсептейт.

Грузиянын Европага ыктаган келечегин сактап калуу оппозициянын негизги бөлүгү үчүн шайлоо алдындагы кампаниянын лейтмотиви болуп калды. Социалдык абал, экономикалык өнүгүү жана өлкөнүн коопсуздугу тууралуу убадалар Евробиримдик менен интеграцияга байланыштуу.

Беш пайыздык тосколдук шартында чакан партиялардан турган оппозиция үчүн күчтөрдүн биригиши жана шайлоого бир тизме менен катышуу чечүүчү суроо. Шайлоо блокторун түзүүгө бул шайлоодо тыюу салынган.

“Бирдиктүү улуттук кыймыл” ири оппозициялык партиясы шайлоого бир тизме менен катышууну сунуштаган. Бирок жыйынтыгында экс-президент Михаил Саакашвили негиздеген партия менен “Агмашенебели стратегиясы” жана “Европалык Грузия” партиялары гана бириге алды. Алар шайлоого бир аз өзгөртүлгөн “Биримдик – Улуттук кыймыл” аталашы менен катышып жатат.

Андан тышкары, дагы эки салыштырмалуу ири оппозициялык альянс түзүлдү — “Өзгөрүүлөр үчүн коалиция” жана “Күчтүү Грузия”.

Шайлоо тоскоолдугун жеңе алат деп болжолдонгон дагы бир партия – бул мурдагы премьер Георгий Гахариянын “Грузия үчүн” партиясы». Ал шайлоого эч ким менен бирикпестен катышып жатат.

Батышчыл оппозициялык партиялардын көбү президент Саломе Зурабишвили демилгелеген “Грузин хартиясына” кол коюшту жана шайлоодон кийин дароо евроинтеграцияга тоскол болгон мыйзамдарды жокко чыгаруу милдеттенмесин алышты.

Оппозиция кол койгон документке ылайык, өкмөттү президент башкарат, а хартияда белгиленген реформалар аяктаган соң, Грузияда эркин жана адилетүү шайлоолор өтмөкчү. Грузияда 2018-жылы өткөн соңку президенттик тике шайлоодо Зурабишвилинин талапкерлигин башкаруучу партия колдогон. Бүгүн, президент катары, Зурабишвили, “Грузин кыялынын” мурдагы тарапташтары сыяктуу эле, 26-октябрдагы шайлоону референдум деп атап, шайлоочуларды негизги төрт күчтөрдүн бирин тандоого чакырат.

“Бул партиялар Евробиримдикке тез арада кирүү планы болгон “Грузин хартиясын” аткаруу үчүн менин алдымда милдеткер жана жооптуу экенин билгиле. […] Алар “Грузин хартиясында” жазылган чечимдерди кабыл алууга керектүү пайыздардын суммасын топтоого иштей турган медиаторлор”, — деди Зурабишвили “Формула” телекомпаниясына берген интервьюсунда.

Сырттан кийлигишүү

Былтыр декабрда Грузия Евробиримдике мүчө болууга кандидат статусун алганда Грузиянын Евробиримдикке кирүү келечеги жакындагандай сезилген, Бирок бир нече айдан соң бул процесс токтоду

Сүрөттүн булагы, VANO SHLAMOV/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Былтыр декабрда Грузия Евробиримдике мүчө болууга кандидат статусун алганда Грузиянын Евробиримдикке кирүү келечеги жакындагандай сезилген, Бирок бир нече айдан соң бул процесс токтоду

Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча өкүлү, уюмдун вице-төрагасы Жозеп Боррель шайлоолорду Грузиянын демокртияга жана Европага жолундагы сыноо деп атады.

“Бийликтеги партиянын соңку аракеттери, билдирүүлөрү жана шайлоо алдындагы убадалары өлкөнү Европага карай жолдон чыгып, авторитаризмге ыктаганын көрсөттү. Дал ошондуктан Евробиримдикке кошулуу процесси иш жүзүндө токтоду” деди Евробиримдиктин башкы дипломаты.

Европа лидерлеринин билдирүүлөрүнө карабастан, “Грузин кыялы” да Грузиянын Евробиримдикке киришин убада кылат, ал тургай Евробиримдиктин символдорун үгүт кампаниясында колдонот. Ошол эле учурда башкаруучу партия шайлоолорго тыштан ашкере кийлигишүүлөр болуп жатканын, оппозиция бийликти мыйзамсыз алмаштырууга даярданып жатканын дамамат кеп кылат.

“Биз күнүгө чет өлкөлөрдөн жасалган билдирүүлөрдү байкап жатабыз. Бул сырттан кийлигишүү эмей эмне [...] Мындай аномалия Грузияда эч качан болгон эмес” деп жарыялады парламент төрагасы Шалва Папуашвили “Имеди” телекомпанииясынын эфиринен.

Москва да ушундай мазмундагы билдирүүлөрдү жасап келет. Россиянын Тышкы чалгын кызматы АКШны “түстүү революцияны” жана “Тбилиси майданын” даярдоого айыптады.

“Биз Батыш өлкөлөрүнүн Грузиянын бийлигине кысым жасоого ачык аракеттерин, шайлоо кампаниясына тымызын кийлигишүүлөрүн көрүп жатабыз, — деди орус президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков.

Ал эми Россия Грузиянын ички иштерине кийлигишпейт жана кийлигишкиси да келбет деп ишендиргиси келет ал.

Американын согушту изилдөө институтунун (ISW) изилдөөсүнө ылайык, Москва Грузиядагы шайлоого таасир этүүгө аракет кылышы толук мүмкүн

Сүрөттүн булагы, ALEXANDER NEMENOV/POOL/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Американын согушту изилдөө институтунун (ISW) изилдөөсүнө ылайык, Москва Грузиядагы шайлоого таасир этүүгө аракет кылышы толук мүмкүн

АКШнын Мамлекеттик департаменти Москванын айыптарын чечкиндүү четке кагып, дал ушул Россия 2008-жылы Грузиянын аймагына кирип, анын территориясынын 20% оккупациялап алып, эмдигиче ээлеп отурат дейт.

“Батыш Грузияда “түстүү революцияны”даярдап жатат, бирок алар [орус бийлиги] ага жол бербейт деген каңкуулар менен билдирүүлөр — бул иш жүзүндө кийлигишүү коркунучу” деп эсептейт политолог Гиа Нодиа. Россия үчүн “Грузин кыялын” грузин өкмөтүндө сактап калуу өтө маанилүү, муну алар жашырбайт. Балким алар ушинтип грузин шайлоочуларына таасир этебиз деп ойлошот. Кандайдыр бир деңгээлде андай да болушу ыктымал, анткени Россиядан коркуу сезими “Грузин кыялынын” колундагы көзүрү.

Москва Грузиядагы шайлоого таасир этүүгө аракет кылышы толук мүмкүн экендиги Американын согушту изилдөө институтунун (ISW) баяндамасында айтылды. “Кремль Грузияга жана Түштүк Кавказга көзөмөлдү орнотуу жана Батыштын таасирин азайтуу үчүн узак мөөнөттүү жана көп кырдуу аракетти күчөтүү максатында “Грузин кыялынын” өөрчүп бараткан россиячыл позициясын пайдаланууну көздөйт” деп белгиленет уюмдун баяндамасында. Арийне, Москва менен Тбилисинин ортосундагы достук маанайдагы билдирүүлөргө карабастан, Россия Абхазия менен Түштүк Осетияга карата компромисске даяр эмес.

2008-жылдагы согуш тууралуу журналисттин суроосуна жооп берип жатып, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров азыркы грузин жетекчилиги “өткөндү калыс баалайт” жана кызыкчылыкка жараша Россия эки тараптын ортосундагы мамилени жөнгө салууга даяр деп билдири. Башкаруучу партия бул сөздөрдү кубаттап, эми конкреттүү кадамдар жасалып, бөлүнүп кеткен республикалардан куралдуу күчтөр чыгарыларына ишенет. Россия мындай үмүттөрдү дароо жокко чыгарып, ажыратылган аймактардын көз карандысыздыгын таануу чечими кайра каралбайт деп кескин билдирди.

“Россия шайлоо алдында “Грузин кыялын” колдобосо да, аймактык бүтүндүктү калыбына келтирүү тууралуу билдирүүлөрүнө жооп бербей койсо да болмок. Бирок Россия бийликчил партияга муздак сууну өзү жаба куйду. Бул парадокс сыяктанат. Бирок бул маселени кожоюн менен кулдун ортосундагы мамилелердин алкагынан кароо абзел. Россия үчүн мамилелерде аттап кетпегидей кызыл сызыктар бар. Абхазия менен Түштүк Осетия да дал ошондой маселе, аны Москва эч качан кайра карабайт” дейт социолог Яго Качкачишвили.

Мындан ары эмне болот?

Шайлоо алдындагы сурамжылоо картина бир өнчөй эмес экенин туюнтат: бирөөлөрү бийликтеги партия оңой утат десе, башкалары оппозициялык партиялардын жалпы добушу көп болот дешет.

Политолог Гия Нодианын ою боюнча, жазында “чет өлкөлүк агенттер” тууралуу мыйзам кабыл алынган соң оппозициянын женишке шансы өсүптүр, ушул мыйзам менен бийлик өзүн өзү бутка атып алган имиш.

“Ушунусу менен бийлик коомду, айрыкча жаштарды өзүнө каршы коюп алды. Жаштар башынан эле саясатка көп аралашпайт, шайлоого жигердүү катышпайт. Бирок бул ирет жаштар оппозицияга аларга жагарына же жакпасына караганы жок, өлкөнүн тагдыры чечилип жатканын көрүп, активдеше баштады”, дейт Нодиа.

Оппозициянын уюштуруу иштери жана ресурстарга байланыштуу көйгөйлөрү чечиле элек, женишке жеткенде өкмөт кандай боло тургандыгы тууралуу маселе бүдөмүк деп эсептейт саясат таануучу. Андан тышкары, ал шайлоо аркылуу бийликтин алмашуусу канчалык мүмкүн экендигине, ошондой эле “Грузин кыялы” нчар жыйынтыкка ээ болсо, женилгенин моюнга аларына коомдо ишеним аз. Эгер “Грузин кыялы” акыйкат жеңсе, революциялык сценарийлердин мүмкүнчүлүгү аз деп эсептейт дагы бир сясат таануучу Гия Хухашвили.

“Бул жерде негизги маселе – шайлоочунун сезим-туюму. Ким жеңгени түшүнүктүү. Чындыгында жасалма революциялар болбойт дейт ал. — Революцияны ар дайым бийлик өзү даярдайт, анткени реалдуу өбөлгө болбосо, дегеле революция болмок эмес”.