"Жашагыңар келсе Модиге добуш бергиле". Индияда мусулмандарга кысым күчөдү

Йогита Лимайе, Би-Би-Синин Түштүк Азия боюнча кабарчысы

Индияда премьер-министр Нарендра Модинин бийликтеги экинчи мөөнөтү диний жараңканын тереңдеши жана исламофобиянын күчөшү менен коштолду. Нарендра Модинин индуист-улутчул партиясы жеңет деп күтүлүп жаткан, келерки айда баштала турган жалпы шайлоонун алдында Индиядагы эң чоң азчылыкты түзгөн мусулман коомчулугунун өкүлдөрү Би-Би-Сиге кысымга алынып жатышканын айтышты. Индия өкмөтү мындай дооматтарды четке кагууда.

Премьер-министр Нарендра Моди Индиянын саясий ландшафтында лидер бойдон калууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Премьер-министр Нарендра Моди Индиянын саясий ландшафтында лидер бойдон калууда

Баш калаа Делинин көчөлөрүндө полиция намаз окуп жаткан мусулмандарды ур-токмокко алды.

Гоанын сыртында, топ адам мусулман кишини сабап, Индуизм кудайын атап кыйкырууга мажбурлаган.

Ал эми түндүк-батыштагы Жайпурда Индия мусулмандарына каршы жасалган зомбулуктун үрөй учурган окуясынан улам бир үй-бүлө кайгыга батып олтурат.

Умайса Бегумдун күйөөсү, беш баланын атасы Мохаммад Асгар Али поездде, темир жол полициясы тарабынан атып өлтүрүлгөн үч мусулман жүргүнчүнүн бири болгон.

"Эгер аны өлтүргөн адам мусулман болгондо ал азыр эле дарга асылмак, бирок ал индус болгону үчүн - андай болбойт. Эми атамды бизге эч ким кайтарып бере албайт",- дейт Асгардын кызы Амина.

Мында адамдарды коргошу керек болгон полиция кызматкери кансыраган Асгарга бутун коюп турганы видеого түшүп калган. Индиянын мусулмандарын коркутуп жаткандай көрүнөт.

“Биз - кожоюндарыңар Пакистанда экенин билебиз, жашагыңар келсе премьер-министр Модиге добуш бергиле”.

Ал полиция кызматкери киши өлтүрүү боюнча соттолууда. Бирок бул - коомчулукту дүрбөлөңгө салды.

Индия - дүйнөдөгү мусулман калкы көп өлкөлөрдүн бири. Диний пикир келишпестиктер көп учурда чыңалуу жаратып келгени менен мусулман азчылыгынын тынчсыздануусу, азыркыдай, Нарендра Модинин өкмөтүнүн учурундагыдай, тереңдеген эмес.

Индия - дүйнөдөгү мусулман калкы көп өлкөлөрдүн бири

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индия - дүйнөдөгү мусулман калкы көп өлкөлөрдүн бири

Системалуу түрдө кодулоо болуп жатканынын далилдери урандылардын арасынан да табылат.

Укук коргоо уюмдары жакында эле Индиянын ар кайсы тарабында мусулмандардын үйлөрү, ишканалары жана сыйынуу жайлары мыйзамсыз талкаланып жатканын айтып, тынчсыздануу билдиришти.

Би-Би-Синин Түштүк Азия боюнча кабарчысы Йогита Лимайе кыдырып чыккан аймактардын бири
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Синин Түштүк Азия боюнча кабарчысы Йогита Лимайе кыдырып чыккан аймактардын бири
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Менин артымда, мында, Түштүк Делидеги мечиттин урандылары турат. Анын жанында мусулмандардын диний мектеби да болгон. Тарыхчылар бул мечитке бери дегенде 600 жыл болгон эле деп айтышты. Бирок өкмөт аларды мыйзамсыз курулуш деп баарын бузуп салган.

Мектепте ондогон балдар тарбияланчу, көбү жетим балдар эле. Бул алардын мектеп бузулганга чейинки мугалимдер тарткан видеосу. Балдар азыр ар жакка чачырап кеткен.

Биз башка ислам мектебине убактылуу жайгаштырылган 12 жаштагы Мохаммад Зейшан менен тааныштык.

“Ошол учурду эстесем дале коркуп кетем. Бульдозерлер жана полицейлер. Алар бизди күч менен чыгарып, бут кийимибизди да алууга уруксат беришкен жок. Кыштын суук таңы эле” – дейт ал.

Индия өкмөтү Би-Би-Синин суроолоруна жооп берген жок, бирок биз премьер-министрдин партиясынын мусулман өкүлү Зафар Исламга жолуктук.

“Оппозициялык партиялар басым күчөгөнүнөн саясий күрөштө мусулман коомчулугун калкан кылып колдонуп жатышат. Мусулман жамааттары өздөрүн жакшы сезет, алар бактылуу",- деди Зафар.

Бирок муну бизге саясий партиялар эмес, карапайым калк айтып жатат. Эгер бир-эки киши ушундай десе эле, бул бүтүндөй коомчулуктун пикири ошондой дегенди билдирбейт.

Бийликтеги партияда өлкөнүн эң ири азчылыгы болгон мусулмандардан бир дагы депутат жок. Бул элдин кабатырлануусуна салым кошкон дагы бир фактор.

Бул жер кооптуу экени аябай сезилет. Мисалы, эгер сиз микрофонуңузду алып, ары бери бассаңыз, сиз менен сүйлөшкүсү келгендер аз.

Индиядагы эң сонун нерсе – бул анын ар түрдүүлүгү. Бирок ал азыр талкаланып жатат жана негизги курмандыктар – мусулмандар болууда.

Сынчылар алдыдагы шайлоону Индиянын көптөн бери сакталып келген секулярдык идеалдарындагы бурулуш учур катары карашууда.