Орусияда уюлдук телефондордун бирдиктүү реестри пайда болот. Ал эмне?

Женщина с мобильным телефоном в руках делает фото на фоне Кремля

Сүрөттүн булагы, Hector RETAMAL / AFP via Getty Images

    • Author, Кабарчылар бөлүмү
    • Role, Би-би-си Орус кызматы
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

10-февралда Мамлекеттик Дума биринчи окууда IMEI идентификатору боюнча мобилдик каражаттардын бирдиктүү реестрин түзүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Ушул эле мыйзам долбоору менен орусиялыктардын банк карталарынын бирдиктүү базасын түзүү жана башка чаралар каралганы жатат.

Мамлекеттик Думада бул мыйзам телефон жана алдамчылыктын башка түрлөрүнө каршы күрөшүү үчүн иштелип чыкканын айтышууда. Киберкылмыштар көбөйүп жаткандыктан, уюлдук телефондор менен банк карталарынин тизмесин чыгаруу зарыл болуп жатканы жүйө келтирилип жатат. Бул тууралуу жаңы документтердин топтому "Антифрод 2.0" (ред. fraud - "алдамчылык") деп аталат.

Мыйзам долбоору жарандардын мамлекет алдындагы анонимдүүлүгүн азайтмакчы. Ошол эле учурда мобилдик каражаттар рыногунда баалар өсүп, "көмүскө рынок" көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуулар болуп жатат.

Уюлдук телефондордун базасы жана IMEI деген эмне?

IMEI бул - мобилдик жабдуунун эл аралык идентификатору. Ар бир уюлдук каражатка ыйгарылган уникалдуу 15 орундуу код. Аны телефондон *#06# комбинациясын терип көрүүгө болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги IMEI негизинде бирдиктүү базаны түзүүнү 2025-жылдын августунда эле сунуштаган. Мыйзам долбооруна ылайык, ар бир байланыш оператору өзүнүн IMEI базасын чогултуп, андан соң маалыматты бирдиктүү базага өткөрүп берет.

Мындагы идея - IMEI мобилдик номерге байланыштырылат, ошону менен каттоодон өтпөгөн телефондордо SIM-карталар иштебейт. Бул тууралуу "Коммерсант" жазып чыкты. IMEI-ди каттоого алуу 2027-жылы ишке кирип калышы мүмкүн. Ал эми 2028-жылдан тартып уюлдук байланышта каттоого алынган каражаттар (телефон, планшеттер) гана иштеп калат.

Мыйзамдын авторлору бул чаралар алдамчылар менен күрөшүүгө жардам берет дешет. Думанын маалыматтык саясат, технологиялар жана байланыш боюнча комитетинин төрагасы Сергей Боярский "телефон уурдоонун мааниси деле болбой калат",- дейт. Бул чаралар техника контрабандасына каршы күрөштө да жардам болору айтылууда.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде бул чаралар дрондорго каршы күрөштө жана Орусия боюнча интернетти бөгөттөөнү жумшартууга жардам берет дешет. "Эгер биз бул базаны түзүп, аны конкреттүү номерлерге байлай алсак, анда SIM-карта БПЛАда эмес экенин так аныктай алабыз", - деген министрдин орун басары Дмитрий Угнивенко.

Министрлик чет өлкөдөн телефон сатып алган жарандар эч бир кыйынчылыкка туш болбой, телефондорун реестрге каттай ала турганын белгилейт. Депутаттар телефон бузулган же жоголгон учурларды да эске алууну убада кылышууда.

Бул мобилдик каражаттар рыногуна кандай таасир этет?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айрым эксперттер мындай база колдонуучулардын мамлекет алдындагы купуялуулугунун жоюлушуна дагы бир кадам болот дешет. Ошондой эле анын Орусиянын мобилдик каражаттар рыногу үчүн дагы тобокелдиктери бар.

Mobile-Review.com басылмасынын негиздөөчүсү Эльдар Муртазин Би-би-сиге билдиргендей, мобилдик каражаттар рыногу экинчи жыл катары менен кыскарууда. Анын маалыматына караганда, 2025-жылы бул рынокто 23,6 миллион даана мобилдик каражаттар болсо, 2024-жылы 28,6 миллион даанага жеткен. Акчалай эсептегенде сатуулардын көлөмү 750 миллиард рублден 560 миллиард рублге чейин азайган. Муртазин 2026-жылы да рынокто дагы төмөндөө күтүлөт дейт.

Орусияда смартфондордун "көмүскө рыногу" жалпы смартфондорду сатуунун 40% түзөт. Мындай рыноктогу баалар 30–35% төмөн келет.

"Баанын үчтөн бирге арзандыгы адамдарды "көмүскө" рынокко түртүп жатат. Соңку жылы көмүскө рынок болуп көрбөгөндөй жанданды", - дейт Муртазин.

Анын пикиринде, IMEI базасын түзүү "көмүскө" рыноктун үлүшүн мурункудан дагы көбөйтөт. Мындай базалар Азербайжанда, Өзбекстанда жана Түркияда бар. Түркияда IMEIни базага киргизүү үчүн төлөм алынгандыктан, телефондор кымбаттап, рынокто расмий импорттолгон моделдер гана калган. Бул баанын өсүшүнө жана сатуу көлөмүнүн азайышына алып келген. Натыйжада жаңы телефон сатып алуучулар азайып, салык да азайып кеткен.

"Стамбул - байлардын шаары, ал эми Трабзондо сиз телефон заряддагычы скочтолгон адамдарды жолуктура аласыз. Ал эми бай адамдар колго кармап жүрсө боло турган роутерлерди сатып алышып, кандай кымбат телефону бар экенин көрсөтүш үчүн iPhone каражатына вай-файды ошодон алышат",- дейт Муртазин.

"Беш жыл ичинде Түркияда смартфон рыногу эки эсеге кыскарып, арзан кытай бренддери үстөмдүк кыла баштады. Кандай гана таң калычтуу болбосун, бүгүнкү күнү биз дагы ушул түрк сценарий менен баратабыз. Түшүнүксүз, эмнеге ушундай, бирок ушундай",- дейт эксперт.

Ал IMEI базасын SIM-картага байлабай түзүү туурараак болмок деп эсептейт. Андай шартта каттоого алынбаган каражаттарды өчүрүүгө болот, бирок ал каражаттардын ээлеринде SIM-карталарын башка телефонго салып колдонуу мүмкүнчүлүгүн сакталып калмак.

Муртазин мындай база украиналык дрондорго каршы натыйжалуу болорунан күмөн санайт. Анын айтымында, IMEI коддору "кара рынокко" чыгып кетип, андан ары Украинанын колуна тийиши мүмкүн. Анда ошол идентификаторлор менен дрондогу IMEI каражаттарын алмаштыруу жүрүүсү мүмкүн. Муртазин бул маселеде толук кепилдик берген чечим жок деген пикирде.

Эксперт база алдамчыларга каршы күрөштө деле канчалык натыйжалуу болот суроо коет, себеби алар чет өлкөлөрдө отуруп алып, көбүнчө виртуалдык номерлерди колдонушат.

Банк карталарынын реестри жана башка жаңы өзгөрүүлөр

Мобилдик каражаттардын реестринен тышкары, орус жарандарынын банк карталарынын бирдиктүү реестрин түзүү дагы сунушталууда. Мыйзам долбооруна ылайык, жаран бир банкта бештен ашык эмес, ал эми бардык банктар боюнча 20дан ашык эмес төлөм картасына ээ боло алат.

Карталардын бар-жогун бирдиктүү реестр аркылуу текшеришет. Бирок анын иштөө принциптери жана ишке кирүү мөөнөтү азырынча иштелип бүтө электигин Борбордук банк билдирди.

Бул - алдамчыларга же акча чыгарып берүүгө жардам берген ортомчулар менен күрөшүүгө чара болору күтүлүп жатат. Борбордук банк каррапайым жарандарга мунун таасири деле болбосун айтып жатат, себеби катардагы адамдар адатта ондоп карта алышпайт.

Жалпысынан мыйзам долбоорунда 20га жакын жаңычылдык бар. Алардын ичинде: "Госуслуги" порталына кирүүнү калыбына келтирүүдөгү ишенимдүү ыкмалар, ата-энелердин көзөмөлү бар балдардын SIM-карталары, эл аралык чалууларды маркировкасы, "Госуслуги" аркылуу алдамчылык тууралуу билдирүү таштоо жана башка чаралар камтылган.