Дагестандагы кол салуу: Россия диний факторду четке кагып, Украинага күнөөнү артууда

Стив Розенберг, Би-Би-Синин Россиядагы редактору

Дагестан областынын администрациясынын башчысы дүйшөмбүдө кол салуу болгон жерге барды

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дагестан областынын администрациясынын башчысы дүйшөмбүдө кол салуу болгон жерге барды

Троицк жекшембиси – православ календарында эң маанилүү майрамдардын бири.

Ушундай өзгөчө күнү 66 жаштагы отец Николай Дагестандын Дербент шаарындагы чиркөөдө болчу.

Түндүк Кавказда жайгашкан Дагестан негизинен мусулмандар жашаган республика болуп саналат.

Дербент болсо «үч диндин шаары» катары белгилүү.

Бул Россияда христиандык борорлордун бири, бул жакта еврей жамааты да жашайт.

Экөө тең жүзү каралык кол салууга кабылды.

Жекшембиде согушкерлер чиркөөгө кирип, динаятчыны өлтүрүштү.

Алар ошондой эле жергиликтүү синагогага да кол салып, өрттөп жиберишти.

"Биз аябай коркуп калдык"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Болжол менен ошол эле убакта согушкерлер Дагестандын борбору Махачкалада да тоз-тополоң салып, чиркөөгө жана синагогага кол салышты.

Мына ушундай уюшкан драмалуу кол салууга кабылган коопсуздук күчтөрү «террорго каршы операцияны» башташты.

Дагестандагы атышуулар түн ортосуна чейин созулду. Кол салгандардын кеминде бешөө өлтүрүлдү.

Бирок бейкүнөө адамдардын канын төккөндөр кимдер жана эмне максаты бар?

Биринчи шек: исламчыл экстремизм менен байланыш. Дагестан жакында эле коңшулаш Чеченстандан жылжып кирген экстремизмдин очогу эмес беле.

2010-жылы мен Махачкалага барганда, дээрлик күн сайын согушкерлердин полицияга жана жергиликтүү чиновниктерге кол салган учурлары жөнүндө кабарлар түшүп жаткан болчу.

Ошол сапар убагында Магомед аттуу полициячы мага мындай деген эле: «Мен полициянын машинасынан ар бир жолу чыккан сайын, менин формамды согушкерлер көрөбү, атып салышпайбы деп ойлоно берем. Менин алты кесиптешим ушул жылы өлтүрүлдү. Түн ичинде көчөдө полиция жүрө албайт. Биз баарыбыз коркуп калганбыз».

Дагестан

Сүрөттүн булагы, EPA-EFE/REX/Shutterstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атышуу убагында өрттөнгөн машинага ФСБ кызматкерлери келди

Көптөн бери чечилбеген экономикалык жана социалдык көйгөйлөр – жумушсуздуктун жогорку деңгээли, ээ-жаа бербеген коррупция – экстремизмдин чырагына май тамызып келди.

Мындай кыртышта радикалдык идеялар гүлдөбөй коймок беле.

Соңку жылдары Россиянын коопсуздук күчтөрү, сыягы, куралдуу козголоңчулар менен кармашта жеңип чыгып жаткандай. Бирок исламчылардын чабуулу токтогон жок.

«Ислам мамлекети» (ИМ) Дагестандагы теракттарга бир нече жолу, анын ичинде 2018-жылы Кизляр шаарындагы чиркөөнүн жанындагы атышууларга да жоопкерчилик алган.

Бирок россиялык депутат Абдулхаким Гаджиев мамлекеттик телеканалдан чыгып жекшембидеги кан төгүү тууралуу сүйлөгөндө, болгон окуяга түшүндүрмөсү башкача болду.

Гаджиев теракттар Украинанын атайын кызматтары жана НАТО өлкөлөрү тарабынан уюшулган болушу мүмкүн деп жоромолдоду. Бирок ал өзүнүн айыптоосуна эч кандай далил келтирген жок.

Ал эми Кремлге жан тарткан «Комсомольская правданын» жаңылыктар сайты Дагестандагы окуяларга «коллективдүү Батышты» күнөөлөп, Россияга каршы «экинчи фронтту» ачуу аракети болуп жатат деди.

«Бул региондогу тополоң окуяларга карасак, адаттагыдай эле британ чалгындоосунун кулагы чыгып турат».

Украинага да, Батышка да күнөө жүктөлдү. Бул мага марттагы массалык атышууга Россиянын расмий реакциясын кайрадан эске салды. Москванын жанындагы «Крокус Сити» концерттик залына жасалган террордук чабуулда 140 ашык адам курман болду.

Россиянын бийликтери анда да «ИМ» кол салууга жоопкерчиликти алып, анын видеосун жүктөп жатса дагы болбой, Киев менен Батыш өлкөлөрүн күнөөлөдү,

Бир топ күн өткөндөн кийин президент Владимир Путин болбой эле бул жүйөсүн кайра кайталады: «Россия исламчыл фундаменталисттер тарабынан террордук чабуулдун объектиси болушу мүмкүн эмес. Биз конфессиялык гармония, дин аралык жана этностор аралык биримдиктин уникалдуу өрнөгү болгон өлкөбүз».

Путин

Сүрөттүн булагы, Reuters

Россия бийликтери ислам коркунучун эмнеге тааныбай, талкуулагысы келбей жатат?

Мен бул Украинадагы согуш менен байланыштуу деп эсептейм.

Россия өзүнүн коңшусуна бардык күчү менен кол салгандан кийин орус коомчулугун аларга калдайган эң чоң коркунуч Украина менен Батыштан келип жатат деп ишендирүүдө.

Бийликтер россиялыктар Киев менен «коллективдүү Батышты» эң биринчи душман деп эсептешин каалап жатат.

Эгер адамдар андай ойлобосо, анда алар Россия ислам экстремизмине каршы күчүн жумшабай, Украина менен согушка эмнеге мынча көп ресурс коротуп жатат деген суроо салышы мүмкүн.

Бирок Украина Россияга исламчыл чабуулдарды тукуруп жатат дегенге баары эле ишенбейт.

Абдулхаким Гаджиевдин телекомментарийине белгилүү россиялык сенатор Дмитрий Рогозин социалдык тармакта өзүнүн жообун жазды:

«Эгер биз улуттук жана диний кастык менен байланышкан ар бир террордук чабуулга Украина менен НАТОнун кыңыр оюндарын күнөөлөй берсек, бул кара туман бизди анда да чоң көйгөйлөргө алып келет».

Рогозин өзүнүн Батышка каршы ачуу тили менен белгилүү. Бирок, автоматтык түрдө Киев менен Батыш өлкөлөрүнө күнөөнү арта салуудан Россия утушка ээ болбой турганын ал дагы түшүнүп турат.