Бишкектин таштанды полигону - бүтпөгөн баш оору
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандын баш калаасынын бийликтери санитардык полигондогу таштандыларды сортточу ишкана күзгө чейин курулат деп билдирүүдө. Жума күнү парламенттеги “Элдик” депутаттык тобунун мүчөлөрү бул полигондогу иренжиткен абалды өздөрү барып көрүштү.
Бишкек шаарынын чекесиндеги таштандылар үйүлгөн полигон жыл сайын жаз чыкканда өрттөнө баштайт. Анын сасык жыты менен түтүнү шамал менен бүт шаарга тарайт.
Бул көп жылдан бери чечилбеген көйгөй, шаардын баш оорусу. Аларды рекультивация кылганга, сорттоо ишин колго алганга шаардын же акчасы жетпейт, акчасы жеткен күнү аракети жетпейт. Бирок эми муз ордунан козголду дейт шаар бийлиги.
“Таштанды сорттоочу заводду сөзсүз курушубуз керек. Бишкек санитардык полигону бул Бишкек шаарынын эле эмес, баарыбыздын баш оорубуз. Абдан зыяндуу болуп атат. Бир күндө бир жарым миң тоннага таштанды кирет... Буюрса таштанды сорттоочу линияны быйыл күзгө чейин курабыз,”-деп билдирди Би-Би-Сиге Жамалбек Ырсалиев, Бишкектин вице-мэри.
Европа кайра куруу банкы Бишкектин санитардык полигонун ондогонго 22 миллион евро акча бөлгөнүнө бир топ жыл болду. Бирок иш дагы эле бүтпөй, бул полигон абаны булгап келатат. Анын айынан адамдардын ден соолугу бузулуп атканы айтылууда.
“Өрттөгөндө шамал менен айдалып, бул жакка келет да. Бул жөн эле ыш эмес. Анда канчалаган зыяндуу нерселер бар. Биздин организмибизге түздөн түз кесепети тийип жатат. Ар кандай рак ооруларына алып келет экен”,-дейт Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

Дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын сап башында
Таштандылар - дүйнөдөгү абасы эң булганыч жети шаардын ичине кирген Бишкектин экологиясын бузган бир эле себеп эмес, андан башка дагы көйгөй көп.
Шаарды суук түшкөндө кыш менен кошо ыш каптайт. Четтен туруп караганда шаар бүтүндөй ышка чулганып калат. Таштандылар - абаны булгаган себептердин бирөө эле.
Кышында шаарды жылытыш үчүн көмүр жагылат. Абаны булгабаш үчүн шаар экологиялык таза отунга өтүшү керек. Буга кол жеткиче дагы көп бар.

“Эми бул оор маселе, - дейт Марлен Маматалиев. - Бишкек ТЭЦти толугу менен газга өткөрүү кымбат. Бирок сапаттуу көмүр жагуу маселеси турган. Бул боюнча иликтөө жүрүп, аны алып келатканда кум менен аралаштырып чоң пайда көрөлү деген коррупциялык схемалар бар экен. Ал президенттин көзөмолүндө болуп, жокко чыгып, ТЭЦке сапаттуу көмүрлөр келе баштады”.
Андан тышкары, Бишкекке автоунаа батпай кетти, алардын көбү эски машиналар, зыяндуу газды көп чыгарат. Өкмөт электромобилдерге көчүү аракетин баштаган. Жакында парламентте Бишкекке сырттан автоунаа киргизүүгө чектөө салуу жөнүндө да сунуштар көтөрүлдү.
Бишкектин калкы эчак миллиондон ашкан. Убагында мурдакы союздагы эң жашыл шаарлардын бири эле. Азыр жашыл аянттар дагы кыйла кыскарып кеткен учур.

Бир миллиондон ашык автотранспорт
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ПРООНдун адистерди атайын изилдөө жүргүзүп, электр транспортун өнүктүрүү жолдорун карап чыгышты. Алардын эсеби боюнча Кыргызстанда өткөн жылдын аягында электромобилдердин саны 2020-жылы 100гө жетти, 2021-жылы 200 гө жетип калды болуш керек.
Бишкекте соңку он беш жылда калктын саны 30% өстү, ал эми автомобилдердин саны беш эсе өстү.
“Кышында абанын начардыгынан көп жарандарыбыз жабыркап атат. Ошондуктан өкмөт элдин ден соолугун ойлосо, электромобилге өтүү саясатын колдошу керек. Экинчиден, дүйнө жүзү бүт электротранспортко өткөн жатат. Байден жакында эле келечек электр транспорттуку деп айтты. Авто чыгаруучу компаниялар баары электромобил чыгарууга өтө баштайт. Кыргызстан мындан сыртта кала албайт, эртеби-кечпи өтүшүбүз керек. Ошондуктан эртерээк кам көрүп, инфраструктураны куруу керек”,-дейт эксперт Азамат Акелеев.
Жалпы өлкө боюнча алганда бир миллиондон ашык жеңил автотранспорт жылына 104 млн тонна көмүр кылчкыл газын абага чыгарат. Ал эми автобус жана микроавтобус 2,5 млн тонна чыгарат.
Жүк ташуучу автоунаалардыкы бир миллион тоннага жакын. Баардыгы абага бүркүлгөн газ жылына 107 миллион тоннаны түзөт.










