"Казанда мигрантка батир дагы бербей калышты". Орусиядагы оомал-төкмөл миграция
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Орусия мигранттарга байланыштуу мыйзамдарын күндөн-күнгө күчөтүүдө. Юристтер ыгы жок текшерүүлөрдөн улам укуктары чектелип, жардам сурап кайрылган кыргызстандыктардын саны өсүп жатканын айтышууда. Расмий Кремль муну өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоого багытталган чаралардын бири катары түшүндүрүп келет.

Сүрөттүн булагы, Бакытбек Мамыров
Бул документти Би-Би-Сиге Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну жолдоду. Айтымында жыйырма жаштагы баласы Санкт-Петербургга иш издеп барып, жумушка орношуу үчүн документтерин тууралап жатып дал ушул кагазга кол коюп берген.
Ага көз жүгүрткөн киши Орусиянын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө боюнча келишим түзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган кагаз экенин так түшүнөт.
Юристтердин айтымында, иш издеп келген мигрантка мурда буга окшогон кагазга кол койдуруу милдеттүү болгон эмес. Алар мындай талаптын киргизилишин миграциялык саясаттагы жаңы өзгөрүүлөр жана Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш менен байланыштырууда.
Эржандын ата-энесин бул кагаз аларды катуу чочутканын айтып, баласын Кыргызстанга кайтып кел деп жатышыптыр.
“Балам шаурма бышырган жерге иштейм деп кеткен. Эмгек келишимине керектүү документтерди топтоп жатканда полиция бөлүмү ушул документке кол койдуруп алыптыр. Буга кол коюп бербесең башка документтериңди ала албайсың дептир. Уулум Кыргызстанга келе берейин деп аэропорттон кармап калбайбы деп кооптонуп жатат”,- деди атасы Бакытбек Мамыров.
“Кооптонууга негиз бар”

Орусияда көп жылдан бери жашап, отурукташып калган Жамила Бегиева Кремль мигранттарга болгон мамилени кыйла өзгөрткөнүн айтат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Буга чейин Борбор Азиянын башка мамлекеттеринен айырмаланып Кыргызстан жарандарын анча-мынча кысым кыйгап өтүп келсе, соңку учурларда ЕАЭБ талаптары деле эске алынбай калганын кошумчалады.
“Бул жактын жарандыгын алып алган кыргызстандыктар эч кандай деле кыйынчылыкка дуушар болгон жок. Мигрант катары иштегени келгендердин арасында көйгөйлөр көп болууда. Албетте, мыйзамга баш ийбей койгондор дагы жок эмес. Бирок көпчүлүк учурда каттоого туруу, анын мөөнөтүн узартуу деген сыяктуу жагдайлар алардын өзүнөн деле көз карады болбой калган учурлар болот. Ишенип бирөөнө тапшырат, ал ана-мына деп жүрүп мөөнөтүн өткөрүп жиберет. Мына ушундай жагдайлардан улам кыйынчылыктарга туш болуп калып жатышат”,- деди “Мекеним Кыргызстан” коомдук уюмунун жетекчиси.
Айрым адистер Орусиянын мигранттарга болгон талапты күчөтүп жатканын өлкөгө арзан жумушчу күчтөрүн тартуу аракети катары баалап жатышат.
Ошол эле учурда Украина менен болгон согуштук аракеттерден улам мыйзам бузуп, иши сотко өткөн мигранттарды аскерге тартуунун бир жолу дегендер дагы жок эмес.
“Кара тизмеден кантип чыгам билбейм”
Айтбү Орусияда окуп жана иштеп жүрүп каттоо мөөнөтү өтүп кеткендиктен кара тизмеге кирип калгандардын бири.
Бул тууралуу өзү дагы метродон полиция токтотуп документин текшерген учурда билген.
“Дароо полиция бөлүмүнө барып, айып төлөдүм. Андан кийин Кыргызстанга кетип, ошол бойдон кире албай калдым. Орусияга 18 жашымда кеткем. Жакшы эле кирип-чыгып жүрчүмүн. Акыркы жолу каттоо мөөнөтү болгону 25 күнгө гана өтүп кетиптир. Ошол үчүн гана кара тизмеге киргизип коюшту. Буга чейин эч кандай мыйзам бузган эмесмин. Мыйзамга ылайык биринчи жолу эскертүү берилиши керек эле. Мага андай кылган жок”,- деди ал.
Айтбү Орусияда ресторанда кассир болуп иштечү. Учурда ал 24 жашта. Аны ал жакта байланган жалгыз нерсе окуусу экенин айтат.
“Мен алгачкы жолу Орусияга 2018-жылы барганда такыр башкача эле. Азыр мигранттарга болгон мамиле өтө өзгөрүп кетти. Соңку эки жыл ичинде көчөдө кетип бара жатсаң деле токтотуп алып кайра-кайра документ текшерүү күч алды. Батирлерден бери тинтишет. Аял,эркекке деле карабай калышты”,- деди ал.
Кыргызстандык таксисттер нааразы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Апрель айында Орусиянын бир катар аймактарында мигранттарга патент аркылуу таксист болуп иштөөгө тыюу салынган эле.
Орусиянын жергиликтүү бийликтери мындай чечимге аймакта мыйзамсыз жүрүп, ар кандай кылмышка баргандардын көбү таксиде иштегендер деп жүйөө келтирген.
Ушундай эле чектөөлөр Новосибирск, Тула, Калуга жана Челябинск облустарында, Крым менен Якутияда дагы кирген.
Жакында эле Татарстанда такси кызматында иштеген кыргызстандыктар полициянын текшерүүлөрү күч алгандыгын айтып чыкты.
Алар Кыргызстандын Казандагы башкы консулунун ишине нааразы болуп, алардын көйгөйүнө көңүл бурбай жатканын айтып президентке чейин кайрылды.
“Текшерүүлөр аябай күчөп жатат. Мигранттарга батир дагы бербей калышты. Каттоого дагы албай жатышат. Көпчүлүгү ошондон улам депортация болуп же кара тизмеге кирип калып жатат. Башкы консул болсо депортация болуп кете бербейсиңерби деп коюп отурат. Жакында эле төрт бала камакка түшүп калса аларды арыз менен кайрылсын дептир. Камактагы киши кантип келип арыз жазат. Ошентип ал балдарды диаспоранын өкүлдөрү чыгарып келди. Таксиде иштеген дагы бир жигитке кардар зордуктады деп жалган жалаа жаап, кесилип кете жаздады”,- деди атын атагысы келбеген Казань шаарынын тургуну.
Буга жооп катары Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги маселени көзөмөлгө алганын билдирди.
Казань шаарындагы башкы консул видео кайрылуу жасап, ал жактагы Кыргызстан жарандары менен жолугушуу өткөргөнүн маалымдады.
Маселе Орусиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Сергей Вакунов менен тышкы иштер министринин орун басары Имангазиевдин жолугушуусу учурунда дагы көтөрүлдү.
Имангазиев Кыргызстан жарандарын Орусияга киргизүүдө көйгөйлөр көбөйүп, аэропорттордо текшерүү узакка созулуп жатканы боюнча кыргыз тараптын тынчсыздануусун айтты.
Дипломаттар баардык багыт боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын билдиргени менен Орусиянын өзүндө саясат такыр башкача жүрүп жаткандай.
Жакында эле аталган өлкөнүн Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин Мамлекеттик Думага мигранттардын батирлерге массалык түрдө каттоого туруусуна тыюу салуу сунушун жөнөттү.
Мындан тышкары, өлкөгө кирип-чыккан чет элдиктерге көзөмөлдү күчөтүү чаралары сунуштады.
Алардын арасында биометрикалык процедураларды киргизүү, манжа изин алуу, өлкөгө киргендердин иштеген жана жашаган жерин санариптик каттоого алуу сыяктуу талаптар бар.
Мамлекеттик Думанын жакында эле кабыл алган мыйзамы мигранттарды ого бетер чочутту. Алар полициясын күчтөнтүп мыйзам бузган мигранттарды 48 саат аралыгында өлкөдөн чыгарып жиберүүгө укук берди.
Укуктук жардам сурагандар көбөйдү

Айрым эксперттер мигранттарга болгон көзөмөлдүн күчөп жатканын "Крокус сити" борборундагы ондогон адам өмүрүн алган кандуу кол салуу менен байланыштырып келет.
Юрист Мирлан Бакаевдин айтымында, соода борборунда болгон жардыруу жөн гана шылтоо. Мигранттарга болгон кысым Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка карата жарандардын көңүлүн оолактатууга багытталган орус бийлигинин дагы бир саясаты деп эсептейт.
“Мага Орусиядан телефон чалып кеңеш сурагандардын саны арбыды. Өлкөдөн чыгарылгандардын саны өсүүдө. Ага негиз болгон мыйзамдарды четинен кабыл алып жатышат. Ал жакта жашоо кыйын эле болуп калды. Көпчүлүк мекендештер кетип жатат”,- деди ал.
ЕАЭБ Евробиримдиктин аналогу боло алдыбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Беш мамлекеттин башын бириктирген Евразиялык экономикалык биримдикке Кыргызстан жаңы кошулганда коомдо кайчы пикирлер күч алып, кызуу талкууга айланганына карабай кыргыз бийлиги биримдикке кошулууну экономикалык чоң жеңиш катары сыпаттаган.
Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев болсо тиешелүү документке кол коюу аземинде Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына төп келе турганын айткан.
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине быйыл тогуз жылдын жүзү болду. Көпчүлүк бул уюмду Бажы биримдиги деген ат менен билет.
Постсоветтик мейкиндикте Евробиримдиктин аналогу болуп калат деп болжолдонгон интеграция өз милдетин канчалык аткарып жатат?,- деген суроо маал-маалы менен кабыргасынан коюлуп келет.
Айрым эксперттер учурда ЕАЭБ көбүрөөк саясий мотивди көздөп жатканын, ушунча жыл аралыгында Кыргызстан олуттуу деле утушка ээ болбогонун айтып сындап келишет. Алар уюмдун негизги принциптери болгон эркин соода тилкеси, эркин акча жүгүртүү жана жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүүсү толук кандуу аткарылган жок дешүүдө.
Учурда миллиондон ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө иштеп жүргөт. Алардын басымдуусу Орусия, Казакстан, Түркия мамлекеттеринде эмгектенет.












